ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин отуруму жыйынтыкталды

05-10-2018 15:56

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмдун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Туруктуу комитетинин жыйынынын жүрүшүндө ЕККУ ПАнын Башкы катчысы Роберто Монтелла сөз сүйлөдү.

Башкы катчы Кыргызстан жетекчилигине ЕККУ ПАнын күзгү отурумун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө 2018-жыл ичинде жасалып, натыйжаларга жетишилген иштерге токтолуп, уюмдун алдыда боло турган иш-чаралары тууралуу кеп козгоду.

Башкы катчысы Роберто Монтелла Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде ЕККУ ПАнын Катчылыгы Кыргызстандын илимий изилдөө жүргүзгөн студенттерине стипендия ыйгаруу долбоорунун ийгиликтүү жүзөгө ашырылганын айтты. “Биз илимий ишмердүүлүктү жогору баалайбыз жана мындан ары дагы Кыргызстандын эң мыкты деген студенттерин колдоого ниетибиз бар”,- дейт ал.

Ошону менен катар Роберто Монтелла уюмдун каржы тармагына токтолуп, 2018-жылы ЕККУ ПАнын бюджети 7%га көбөйгөндүгүн канагаттануу менен белгиледи. “Бул биздин уюмга болгон ишенимдин жана ЕККУ ПАнын ишмердүүлүгүнө берилген жогорку баанын белгиси”.- деди ал. Мындан сырткары, ЕККУ ПАнын казыначысы Дорис Барнеттин отчетунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик жол-жоболордун жана ачык-айкындуулуктун кепилдиги тыкыр сакталгандыгы боюнча пикири менен бөлүштү.

ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин жыйынынын жүрүшүндө ЕККУ ПА төрагасы Георгий Церетели ЕККУ ПАнын алдыдагы 2018-2019-жылдардагы жыйындары жөнүндө маалымат берди. Бюро жыйыны 2018-жылдын декабрында Миланда өтөөрү белгилүү болду. Кышкы жыйынды болсо 2019-жылдын февраль айында Вена (Австрия) шаарында өткөрүү пландаштырылууда. Ал эми 28-ар жылкы сессия 2019-жылдын 5-9-июль күндөрүндө Люксембургда болмокчу. ЕККУ ПАнын 2019-жылдагы кийинки күзгү жыйынын өткөрүү ордуна алдын ала Марракеш шаары (Марокко) тандалды.

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында “Коопсуз коомчулукту жаратууга жарандардын катышуусу бекемдөө” темасындагы сессия күндүн экинчи жарымында болот.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтөт. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 207