ЕККУ ПАнын Туруктуу комитетинин жыйынында учурдагы эл аралык саясий маселелер талкууга алынды

05-10-2018 12:54

Бишкек шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамюлеясынын (ЕККУ ПА) Туруктуу комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Жыйындын катышуучулары Армения менен Азербайжандын делегация мүчөлөрү тарабынан козголгон Тоолуу Карабак маселесинин алкагында учурдагы эл аралык саясий маселелер талкуулашты. Швейцария делегациясынын өкүлдөрү болсо, дүйнөдө улутчулдук күчөп баратканын белгилөө менен, азыркы заманда мындай чакырыктарга карата берилген саясий жооптор натыйжалуу чечим болуп саналбай турганын айтышты.

Ошондой эле, шайлоолорго байкоо жүргүзүү чаралары боюнча баяндама угулду. ЕККУ ПАнын төрагасы Георгий Церетели парламентчилерге ЕККУнун байкоочулар миссиясы 7-октябрь күнү Босния менен Герцеговинада өтө турган жалпы шайлоолорго мониторинг жүргүзөрүн кабарлады.

Андан тышкары, атайын комитеттер менен атайын өкүлдөрдүн ишмердүүлүгүнө арналган баяндамалар да угулду. Ага улай, парламентчилер ЕККУ ПАнын казыначысы Дорис Барнеттин жол-жоболор эрежелери жана отчету боюнча комитетченин төрагасы лорд Питер Боунесстин баяндамасын угушту.

Белгилей кетсек, эл аралык иш-чарага Европа, Азия, Америка континенттериндеги 46 мамлекеттен 150дөн ашуун парламентчи тартылды. ЕККУ ПА парламенттик байланыштар үчүн маанилүү аянт катары кызмат кылат. Анын алкагында шайлоолорго байкоо салуу менен саясат, коопсуздук, экономика, айлана-чөйрө, адам укугу тармактарындагы милдеттемелердин аткарылышы боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдейт.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 34