2018-жылдын 4-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

04-10-2018 17:01

2018-жылдын 27-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын банк иштери чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдарга, Граждандык кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 19.03.18деги № 142 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 174 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

3. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М., Дюшалиев А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 3-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Макеев Н.К., Арапбаев А.А., Тиллаев Т.Г., Мусабекова Ж.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.06.18деги № 272 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

6. “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.02.18деги № 93 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

2018-жылдын 4-октябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

7. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г., Макеев Н., Тулендыбаев П., Жапаров А., Сурабалдиева Э., Султанов А., Субанбеков Б., Мусабекова Ж., Пирматов И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине)” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М., Акматов А., Бокоев К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 171 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

10. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М., Джумабеков Д., Тиллаев Т., Акматов А., Токтошев Э., Маннанов И). (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

11. “2018-жылдын 3-апрелинде Тунис шаарында кол коюлган “Медициналык борборлор үчүн жабдууларды берүү жана карантиндик зона куруу жана жабдылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.06.18деги № 301 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

12. “2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.05.18деги № 261 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

13. “2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган  1992-жылдын 6-июлундагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Сотунун  статусу жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 209 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

14. “2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 391 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

15. “2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге “Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө Сочи шаарында 2018-жылдын 14-майында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.07.18деги № 331 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 312