Элчи Катарина Закова: “Жер ортолук деңиз регионунда жаралган чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөргө, анын ичинде миграцияга жакшылап көңүл буруу керек”

04-10-2018 16:37

Бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференция өтүп жатат.

Күндүн экинчи жарымында парламенттик конференциянын иши “Жер ортолук деңиз форуму - Борбор Азия жана Жер ортолук деңиз геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” аттуу 2-сессия менен улантылды.

Бул тема боюнча ЕККУнун Жер ортолук деңиз боюнча байланыш тобунун 2018-жылдагы туруктуу өкүлү, элчиси Катарина Закова баяндама жасады. Ал үстүбүздөгү жылдагы ЕККУнун бул багыттагы ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарын белгиледи. Анын берген маалыматтарына караганда, терроризм, киберкылмыштуулук, курал-жарактарды, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, адам сатуу сыяктуу трансулуттук коркунучтарга өзгөчө көңүл бурулууда. “Жер ортолук деңиз регионунда жаралган чакырыктар менен мүмкүнчүлүктөргө, анын ичинде миграцияга жакшылап көңүл буруу маанилүү ”,- деген элчи мамлекеттер аралык өнөктөштүктү күчөтүүгө чакырды. “Экономикалык прогресске жетишүү жана инновация менен адам капиталын колдонуу жолу аркылуу коопсуздукту камсыздоо сыяктуу маселелер боюнча диалогду жандандырууга умтулабыз”,- деп кошумчалады К.Закова.

Элчи негизги басымды радикалдаштыруу менен күрөшүүнүн каражаты катары билим берүүгө жасады. Анын пикиринде, туруктуулуктун фактору катары билим берүүгө жетиштүүлүктү камсыздоо маанилүү.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтөт. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 39