Депутат Каныбек Иманалиев: “Глобалдашуунун биздин мамлекеттерге таасири регионалдык кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерден алда канча күчтүү”

04-10-2018 15:40

XXI кылымда ар түрдүүлүк, коңшулар менен тынчтыкта жашоо жана ар кыл элдер менен алардын маданияттарын өнүктүрүү, кызматташууга болгон мамлекеттер аралык мамиле принциптерине негизделген элдердин биримдигинин өзүнчө бир тиби түзүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев жогорудагыдай пикирин бүгүн, 4-октябрда Бишкекте ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында өтүп жаткан “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Депутат К.Иманалиев тилекке каршы, глобалдашуунун биздин мамлекеттерге болгон таасири регионалдык кызматташууну өнүктүрүү боюнча аракеттерден алдан канча күчтүү болуп жаткандыгын белгеледи. “Андыктан, биз кийинки компонеттерди колдоп, өнүктүрүүбүз керек. Алар – парламенттер аралык өз ара аракеттенүү, элдик дипломатия институттарын өнүктүрүү, маданий-гуманитардык кызматташууну жандандыруу”,- дейт К.Иманалиев.

Мындан сырткары, К.Иманалиев Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек ара кызматташтыгы көптөгөн көйгөйлөргө туш болуп жаткандыгына токтолду. “Биздин өлкөлөрдүн бул региондо коңшу жашап, өсүп-өнүгүүгө бет алышы тарыхый жактан шартталган. Коңшу өлкөлөрдүн тынчтыкта жана жаратмандыкта жашоосу үчүн парламентчилер чечкиндүү жана демилгелүү болушубуз керек”,- деп баяндамасын жыйынтыктады К.Иманалиев.

Белгилей кетсек, аталган конференциянын жүрүшүндө “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү” жана “Жерортолук деңиз форуму - Борбордук Азия жана Жерортолук деңиз геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” аттуу эки сессиянын иши болот.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтөт. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 169