Депутат И.Өмүркулов: “Парламенттер аралык байланыштар конструктивдүү чечимдер кабыл алынуучу маанилүү платформа болуп саналат”

04-10-2018 14:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ЕККУ ПАдагы делегация башчысы, депутат Иса Өмүркулов Бишкекте өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү отурумунун алкагында өтүп жаткан “Борбор Азия жана анын тышындагы коопсуздук жаатындагы диалогго көмөк көрсөтүү” аттуу парламенттик конференцияда сөз сүйлөдү.

Депутат Иса Өмүркулов “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү” аттуу сессияда жасаган баяндамасында коопсуздукту жана чек ара кызматташтыгын камсыз кылуу маселелеринин актуалдуулугуна токтолду.

Анын пикиринде. чек ара инциденттерин болтурбоо жана алдын алуу максатында өз функцияларын мамлекеттик чек араларда ишке ашырган министрликтер менен ведомстволордун тыгыз өз ара аракеттенүүлөрүн жолго салган чараларды ичине камтыган иш-чаралар комплексин жүзөгө ашыруу зарыл. Ошону менен катар чек арага танапташ жашаган элге чек ара режимин, аны кесип өтүүдөгү эрежелерди сактоо, конфликттик кырдаалдар боюнча профилактика жаатында укуктук билим берүү зарыл. “Борбор Азиядагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнүн маанилүү аспектилеринин бири региондогу өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташууну ырааттуу өнүктүрүү деп эсептейбиз”,- дейт Иса Өмүркулов. Ошондой эле саясый ишенимди бекемдөө, калктын жалпы турмуш деңгээлин, ЕККУга мүчө-мамлекеттердин элдеринин жашоосун жогорулатуу, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү экстремисттик идеялардын жайылышына жана туруксуздуктун жергиликтүү очокторунун жанданышына жол бербөөгө жакшы шарт болуп берерин кошумчалады.

Жыйын жүрүшүндө Иса Өмүркулов Кыргызстан баарыдан мурда конфликттерди жөнгө салууда бир гана тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү колдоорун улантып келе жаткандыгын баса белгиледи. “Парламенттер аралык байланыштар мамлекеттер аралык пикир келишпестиктер менен карама-каршылыктарды болтурбоочу конструктивдүү чечимдер кабыл алынуучу маанилүү платформа болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясын жаңы чакырыктар жана коркунчтар менен күрөшүү, ошондой эле ЕККУ айдыңындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишенимди калыбына келтирүү максатындагы мүчө-мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу, өз ара сый мамиледеги парламенттер аралык диалог үчүн өтө маанилүү аянтча катары карайт”,- дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган конференциянын жүрүшүндө “Ишенимди жана регионалдык кызматташууну бекемдөө жолу аркылуу чек ара аймактарындагы жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү” жана “Жерортолук деңиз форуму - Борбордук Азия жана Жерортолук деңиз геосаясаты: миграция, соода жана айлана-чөйрө көйгөйлөрүн чечүү” аттуу эки сессиянын иши болот.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкек шаарында ЕККУ ПАнын күзгү отуруму өтөт. Ага Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 46 өлкөсүнүн 150дөн ашуун парламентчиси катышууда.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 234