2018-жылдын 27 - сентябрындагы № 2600-VI “2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

01-10-2018 14:17

“2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 24-июлундагы № 344-токтому) “2018-жылдын
1- февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 134