2018-жылдын 26 - сентябрындагы № 2594-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Н. Чойбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө

01-10-2018 11:30

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Н. Чойбековду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Н. Чойбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы
№ 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-1-пункттун 1-пунктчасынын биринчи абзацындагы “Асылбек уулу Дамирбек” деген сөздөр “Р.Н. Чойбеков” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 



Көрүүлөрдүн саны : 140