2018-жылдын 26 - сентябрындагы № 2593-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М. Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө

01-10-2018 11:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М. Эргешовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жашыруун-жабык добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М. Эргешов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы
№ 26-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-1-пункттун 6-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы “М.Э. Мавлянова – “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан” деген сөздөр
“А.М. Эргешов – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 45