2018-жылдын 27-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

28-09-2018 08:45

2018-жылдын 26-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 22.06.17деги № 399 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

 

2. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 08.08.18деги № 369 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативалык кызматтар жөнүндө” мыйзамдарга, Кылмыш-жаза кодекси)” толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтом долбоору кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 27-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.05.18деги № 223 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.07.18деги № 344 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6.“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (Граждандык кодекске, Жер кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Салык кодексине) Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Жутанов А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Исаков М.А., Кыдыралиев У.Т., Кулбараков А.И., Маматов А., Нишанов Н.Н., Пирматов И.А., Султанов А.М., Турускулов Ж.К., Чудинов И.В., Сарсейитов И.З. жана Өкмөт, 31.01.18деги № 71 токтом.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетмин чечими- - экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 320