2018-жылдын 20-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

21-09-2018 08:30

 

 

1. “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору) (демилгечи – Өкмөт, 30.10.17деги № 712 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.02.18деги № 78 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

3. “2018-жылдын 21-январында Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.08.18деги № 395 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

4. “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.07.18деги № 349 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 308