2018-жылдын 13-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

13-09-2018 15:44

2018-жылдын 12-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алуу боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.03.18деги № 131 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.05.18деги № 223 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.07.18деги № 344 токтом(Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Астана шаарында 2017-жылдын 9-июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.07.18деги № 353 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

5. “Минск шаарында 2017-жылдын 30-ноябрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 07.08.18деги № 366 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 13-сентябрында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

6. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Исаева Д.Ш., Тулендыбаев П.Р., Исмаилова А.Ж.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.18деги № 71 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 08.08.18деги № 369 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “Кыргызской Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Омуркулов И.Ш., Касымалиева А.К., Иманалиев К.К., Шер-Нияз С., Токтошев Э.Т., Бакчиев Ж.А., Молдобекова Г.С., Орозова К.Б., Алтыбаева А.Т., Мусабекова Ж.А., Осмонова А.Ш., Жээнбеков А.Ш.)  (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 330