Жумушчу тобунун мүчөлөрү ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын техникалык камсыздоо маселелерин талкуулады

09-08-2018 13:18

Бүгүн, 9-августта Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынын Бишкек шаарында 3-6-октябрь күндөрү даярдап, өткөрүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү.

Жумушчу тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотовдун төрагалыгы менен өткөн жыйынга парламенттик Аппараттын кызматкерлери катышты.

Анда ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын уюштуруу жана техникалык камсыздоо маселелери каралды.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны быйыл 3-6-октябрь күндөрү алгач ирет Кыргызстанда өтөт. Иш-чарага Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 өлкөсүнөн 250дөй делегат катышары күтүлүүдө.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 89