2016-жылдын 29-июлунан тартып  “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат

29-07-2016 19:22

Демилгечилер:   Жогорку Кенештин депутаттары Ч.Турсунбеков, И.Омуркулов, Ө.Бабанов, К.Исаев,  Б.Төрөбаев,  А.Сулайманов жана башкалар   

Сунуш пикирлерди жазуу түрүндө төмөнкү электрондук дарекке жиберсеңиз болот  kattar@kenesh.kg

Каттоо   № 6-19799/16  29.07.16

КР ЖК Басма сөз кызматы

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болгон Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жана
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул Мыйзамды кабыл алды.

1-берене. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) 2016-жылдын __________ жекшембиге дайындалсын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алышы үчүн “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору референдумга чыгарылсын (тиркелет).

3-берене. Добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону төмөнкүдөй берүү бекитилсин:

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши долбоорун референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) чыгарган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын

                             ООБА               ЖОК       

                 (тандап алынган квадратка тиешелүү белгини коюңуз)”.

4-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу боюнча:

1) референдумду уюштуруучулук, материалдык жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечсин;

2) референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен тыгыз өз ара аракеттенип референдумду уюшкандыкта өткөрүүнү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылсын, аны даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө коомчулукка системалуу түрдө маалымат берип турсун.

5-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

негиздеме-маалымкат

2010-жылдын 27-июнундагы бүткүл элдик добуш берүү менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы өлкөдө чыныгы парламентаризмди орнотту жана бийлик менен элдин ажырымын ишенимдүү жойду. 2010-жылдын апрелиндеги элдин баатырдыгынан жаралган Конституция гуманизмдин бийик идеяларын, мурдагы бийлик тарабынан каралбай, тепселип келген демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекетти куруунун ири жетишкендиктерин өзүнө камтыды жана орнотту.

Ошол эле учурда жаңы  Конституциянын айрым жоболору коомдо талаш туудурду, алар азырга чейин жүрүп жатат. Саясий күчтөр Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча көптөгөн демилгелерди дээрлик жыл сайын көтөрүүдө, себеби конституциялык жоболордогу айрым проблемаларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жөнгө салуу мүмкүн эмес болууда. Ал эми бул проблемалардын чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда тоскоолдук жаратууда.

Ошондой эле акыркы алты жылда дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп өттү, аларды Кыргыз Республикасынын Конституциясын даярдаганда эске алуу мүмкүн эмес болчу. Жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө, анын ичинде көп кылымдан бери демократиялуу түзүлүшкө ээ болгон европа мамлекеттеринде негизги конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү боюнча катуу талаштарды пайда кылууда.

Ошондуктан бүгүнкү күндө Конституциянын жалпы башаты жана мааниси менен айрым жоболордун ачыктан ачык карама-каршылыгын пайда кылган кемчиликтерди парламенттик демократиянын маани-маңызын өзгөртпөстөн жана акыркы мезгилдеги бардык жакшы жетишкендиктерди сактоо менен жоюучу, ошондой эле жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга тиешелүү түрдө чара көрүү үчүн зарыл болгон конституциялык базаны түзүүчү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жаралды.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр төмөнкүлөр, тактап айтканда:

- улуу дөөлөттөр Конституцияда көрсөтүлдү, алар мамлекеттик бардык органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмуну болушу керек;

- Конституциянын айрым ченемдерине Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн көрсөтүүдөн келип чыккан тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди;

- Өкмөттүн Жогорку Кеңеш менен мамиледеги статусу, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жол-жобосу өзгөрдү.

Конституцияга киргизүү үчүн сунушталып жаткан өзгөртүүлөр “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында кыйла толук баяндалган (тиркелет).

Эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болгон Кыргызстандын элинин эркин билүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин
1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 114-беренесинин 1-бөлүгүн жана
3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору киргизилет.

Мыйзам долбооруна республикалык бюджеттен кошумча чыгымдар талап кылынбайт, буга референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар кирбейт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу жана коомдук талкууну камсыз кылуу үчүн бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган (www.kenesh.kg).

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

2010-жылдын 27-июнунда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет, анын улуу дөөлөттөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) адам, анын өмүрү, бакытка умтулуусу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиктери, Мекенди сүйүүсү, коопсуздугу, билими, намысы жана аброю;

2) Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы, мамлекеттик эгемендиги, улуттук кызыкчылыктары;

3) Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү;

4) Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак;

5) адилеттик, укуктун үстөмдүгү жана мыйзам алдындагы теңдик;

6) улуттук маданиятты, тилди сактоо жана өнүктүрүү, тарыхка этият мамиле;

7) адеп-абийир, үй-бүлө, балалык, аталык, энелик, ата-энеге камкордук, улууну урматтоо, каада-салттар менен прогрессти айкаштыруу;

8) инсандын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу экономикалык, социалдык жана башка шарттарды түзүү;

9) жагымдуу айлана-чөйрө.”;

берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

“3. Улуу дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизин аныктайт жана мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызы болуп эсептелет, ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактарды ушул дөөлөттөрдү коргоого жана илгерилетүүгө милдеттендирет.

4. Эч кандай идеология Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн буза албайт.”;

2) 6-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.”;

3) 16-беренеде:

1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүнө кирет. Алар тикелей колдонулат, мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызын аныктайт.”;

2-бөлүктүн үчүнчү абзацы “ылайык” деген сөздөн кийин “Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн, ошондой эле” деген сөздөр менен толукталсын;

4) 20-беренеде:

2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

“Мындай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилиши мүмкүн.”;

4-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“5) келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга;”;

5) 24-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2. Кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.”;

6) 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:

“7. Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулат. Кылмыш жасалган бардык учурларда, эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан, жазык иши боюнча тергөө ишти сотко берүү менен акырына чейин чыгарылат.”;

7) 36-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“5. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никеге туруп жаткан адамдардын эки тараптуу макулдугусуз бир дагы никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.”;

8) 41-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;

9) 50-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү “жаран” деген сөздөн кийин “конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары” деген сөздөр менен толукталсын;

10) 64-беренеде:

3-бөлүктүн 1-пункту “Жогорку соттун” деген сөздөн кийин “жана Конституциялык палатанын” деген сөздөр менен толукталсын;

3-бөлүктүн 2-пунктундагы “Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун” деген сөздөр “ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-бөлүктүн 4-пунктундагы “Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда” деген сөздөр “ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

4-бөлүктүн 1-пунктундагы “үчтөн биринен кем эмесинин” деген сөздөр “жарымынан кем эмесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

9-бөлүктүн 1-пунктундагы “Коргоо” деген сөз “Коопсуздук” деген сөз менен алмаштырылсын;

11) 68-берененин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз” деген сөздөр “Өкмөттү отставкага кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

12) 70-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Парламенттик көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт.”;

13) 72-беренеде:

2-бөлүктүн биринчи абзацындагы “Жогорку Кеңештин депутаты” деген сөздөр “Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“3. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутатынын Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызматынан отставкага кетсе, бошотулса жана милдеттерин аткарууну токтотсо анын депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келет.”;

14) 74-берененин 4-бөлүгүндө:

1-пункт “Жогорку соттун” деген сөздөрдөн кийин “жана Конституциялык палатанын” деген сөздөр менен толукталсын, “шайлайт” деген сөздөн кийин “ушул Конституцияда жана” деген сөздөр менен толукталсын;

8-пунктундагы “үчтөн биринен кем эмес” деген сөздөр “жарымынан кем эмес көпчүлүк” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

15) 75-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

“Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын отставкасына алып келет.”;

16) 80-берененин 3-бөлүгү “Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин” деген сөздөрдөр “Өкмөттүн макулдугу менен гана жана Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталганда” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

17) 81-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү “мыйзамдар” деген сөздөн кийин “, Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурларынан тышкары,” деген сөздөр менен толукталсын;

18) 84-берененин бүткүл тексти боюнча “15” деген цифралар “25” деген цифралар менен алмаштырылсын;

19) 85-берененин 4-бөлүгүндөгү “көпчүлүк” деген сөз “үчтөн экиден кем эмесинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

20) 86-берененин 1-бөлүгүндөгү “жылына бир жолудан көп эмес” деген сөздөр алып салынсын;

21) 87-беренеде:

1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы биринчи жана экинчи абзацтар менен толукталсын:

“1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн баштап Өкмөт отставкага кетет.

Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготуусу Өкмөттүн отставкасына алып келет.”;

5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“5. Өкмөт мүчөсү, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Премьер-министрдин сунушу боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Аталган сунушту алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын лидерлери менен консультациядан кийин өзүнүн чечими менен Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү отставкага кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр бош кызмат ордуна талапкерди 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизет. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөттүн мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.”;

22) 89-берененин 7-пунктундагы “мыйзамда белгиленген тартипте” жана “жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча” деген сөздөр алып салынсын;

23) 93-беренеде:

3-бөлүктүн биринчи абзацы “соттордон” деген сөздөн кийин “, ошондой эле конституциялык контролдоо жүргүзүүчү Конституциялык палатадан” деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;

4-бөлүктөгү “мыйзам” деген сөз “мыйзамдар” деген сөз менен алмаштырылсын;

24) 94-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-бөлүк менен толукталсын:

“8-1. Судьянын кызмат ордуна талапкер судьянын кызматында иштеген убагында кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырынын сакталышына болгон укугунан баш тартууга милдеттүү. Мындай баш тартуу берилбеген учурда адам судьянын кызмат ордуна дайындалбайт же шайланбайт.

Сүйлөшүүлөрдү угуу жана жазып алуу, кат-кабарларды карап чыгуу тартиби жана чектери, ошондой эле бул маалыматтарды, анын ичинде судьянын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты пайдалануу жана коопсуздугунун кепилдиги конституциялык мыйзам менен аныкталат.”;

25) 95-беренеде:

2-6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2. Судья жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузган учурда конституциялык мыйзамга ылайык Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча кызматынан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьясы ээлеген кызматынан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот.

Жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамда андан ары мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугу болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3. Судья каза болгон учурда, чектүү курагына жеткенде, отставкага кеткенде же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ошол эле учурда Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьясы катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат.

4. Сот тартибинде жүргүзүлүүчү судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо боюнча кеңеш конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзөт.

6. Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жүргүзөт.”;

төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:

“9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши түзөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт. Эгерде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы 10 жумушчу күндүн ичинде өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү Президент уюштурат. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам менен аныкталат.”;

26) 96-беренеде:

1-бөлүктөгү “жергиликтүү” деген сөз алып салынсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2. Жогорку соттун пленуму соттук практиканын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.”;

3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

27) 97-беренеде:

1, 3, 6-бөлүктөрүндөгү “Жогорку соттун Конституциялык палатасы” деген сөздөр “Конститциялык палата” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2, 4-бөлүктөрүндөгү “Жогорку соттун Конституциялык палатасынын” деген сөздөр “Конститциялык палатанын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

7-бөлүктөгү “укуктар жана эркиндиктер” деген сөздөр “өзүнүн укуктары жана эркиндиктери” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

8-10-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“8. Мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө чечимди Конституциялык палатанын кабыл алуусу Конституцияга карама-каршылыктар бар деген алдын ала кабыл алган корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

9. Мыйзамда Конституцияга карама-каршылык бар деген Конституциялык палатанын алдын ала корутундусу Президентке жана Жогорку Кеңешке кароого жиберилет.

Эгерде Президент жана Жогорку Кеңеш алдын ала корутунду келип түшкөн күндөн баштап үч айлык мөөнөттө мыйзамда Конституцияга карама-каршылык бар экендигине макулдук берсе же алдын ала корутунду боюнча өздөрүнүн позицияларын билдирбесе, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын жарымынан кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде Президент же Жогорку Кеңеш үч айлык мөөнөттө алдын ала корутундуга толугу менен же мыйзамда Конституцияга карама-каршылыктар бар деген анын бөлүгүнө макул болбосо, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде Президент же Жогорку Кеңеш үч айлык мөөнөттө алдын ала корутундуга толугу менен же мыйзамда Конституцияга карама-каршылыктар бар деген анын бөлүгүнө макул болбогон бир позицияны билдирсе, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын төрттөн үчүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечимге ушул бөлүктө көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын судьяларынын санынан азы добуш берсе, алдын ала корутунду күчүн жоготот.

10. Конституциялык палатанын чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык палатанын мыйзамдарды же алардын жоболорун конституциялык эмес деп тааныган мыйзамдуу күчүнө кирген чечими алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

Мыйзамдардын ченемдерине негизделген конституциялык эмес деп таанылган сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда сот тарабынан кайра каралат.”;

11-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

28) 102-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы “, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган” деген сөздөр алып салынсын;

23) 104-беренеде:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик башка органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;”;

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“6) тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, ишти тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.”.

2-берене.

1. Бул Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул Мыйзамдын редакциясындагы расмий тексти ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 14 күндөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланууга тийиш. Мында 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдун жыйынтыктары боюнча 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстин жарыялоодо кетирилген мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин ортосундагы карама-каршылыктар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча жоюлат.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын редакциясында Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарына жана статустарына тиешелүү болгон Конституциянын ушул Мыйзамдын редакциясындагы ченемдери түздөн-түз жана алдын ала мыйзамдык жөнгө салуусуз колдонулат.

5. Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга соттордун өзгөчө ыйгарым укуктары тууралуу Конституциянын ушул Мыйзамдын редакциясындагы 26-беренесинин 7-бөлүгү өткөн мезгилге карата колдонулбайт, буга ушул берененин
6-бөлүгүндө каралган учурлар кирбейт.

6. “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарды, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Аталган адамдар ушул кылмыш жосундарын кайсыл убакта жасагандыгына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бар адамдар кирбейт.

7. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын алар тиешелүү түрдө шайланган мөөнөт аяктаганга чейин сакташат жана аларды ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, анын жоболорун эске алуу менен ишке ашырат.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган же дайындалган башка кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген мыйзамда каралган башка жагдайлар орун алганга чейин сакташат.

9. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ошондой эле жергиликтүү соттордун 2010-жылдын
27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган мыйзамдын жоболоруна ылайык шайланган же дайындалган төрагалары, төрагалардын орун басарлары жана судьялары ушул Мыйзамдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-1-бөлүгүнүн талаптарын аткарган шартта өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген конституциялык мыйзамда каралган башка жагдайлар келип чыкканга чейин сакташат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

негиздеме-маалымкат

2010-жылы 27-июнда жалпы элдик добуш берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, бул өлкөбүздүн жаңы тарыхындагы абдан маанилүү окуя болуп калды. Анын натыйжасында мамлекетти куруу жана коомду өнүктүрүү нугу түп-тамырынан өзгөрүлдү. Жаңы Баш мыйзам бийликтин элден алысташына ишеничтүү бөгөт койгонго мүмкүндүк берет.
2010-жылдын апрелиндеги элибиздин баатырдыгынан жаралган Конституциянын өзөгүнө улуттук асыл нарктар сиңирилип, мазмунуна алдыңкы  өлкөлөрдүн демократиялык өнүгүүдөгү жана мамлекет куруудагы баа жеткис тажрыйбасы камтылды.

Апрель элдик революциясынан кийин Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешме ошол учурда үй-бүлөлүк-кландык режимди билдирген жоболорду чечкиндүү түрдө алып салды. Баш мыйзамды чыныгы демократиялуу жана прогрессивдүү жоболор менен күчөтүп, аларды мурдатан ишеничтүү таяныч болуп келген ченемдер менен шайкеш келтирди.

Конституциялык кеңешме жетиштүү түрдө ырааттуу болгон, жалпысынан ички карама-каршылыгы жок долбоорду жаратты, кыргызстандыктар бул долбоорго добуш берди.

Ошол эле учурда жаңы  Конституциянын айрым жоболору коомдо талаш туудурду, алар азыркыга чейин жүрүп жатат. Саясий күчтөр Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча көптөгөн демилгелерди дээрлик жыл сайын көтөрүүдө.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү мүмкүндүгү болгонуна карабастан, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл жана өлкөнүн саясий жетекчилиги мындай кадамга барган жок.

Конституциянын текстине өзгөртүүлөр киргизилбеген алты жылдык мезгилдин ичинде пайда болгон проблемаларды башка мыйзамдарды кабыл алуу жана өркүндөтүү жолу менен жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Көпчүлүк учурда Жогорку Кеңеш бул иштин өтөөсүнө чыга алды, ал эми проблемаларды чечүү жолдору табылбаган учурларда депутаттар жана Өкмөт аларды чечүүнүн жолун издеди.

Бирок жаңы Конституция боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш жылдык жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир жылдык иши конституциялык жоболордогу айрым проблемаларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жөнгө салуунун мүмкүн эмес экендигин көрсөттү. Ал эми бул проблемалардын чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда тоскоолдук жаратууда.

Ошондой эле акыркы алты жылда дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп өттү, алар майда-барат эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын Конституциясында эске алынбай калган. Жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө, анын ичинде көп кылымдан бери демократиялуу түзүлүшкө ээ болгон европа мамлекеттеринде негизги конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү боюнча катуу талаштарды пайда кылууда.

 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) жогоруда аталган проблемаларды жөнгө салууга, колдонуудагы Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган жана анда мамлекет менен коомдун акыркы 6 жылдагы тажрыйбасы эске алынган.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы туш болгон жана келечекте боло турган проблемалардын төрт блогун чечет.

1. Улуу дөөлөттөр жана адам укугу

Демилгечилердин пикири боюнча Конституцияда эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекеттин улуу дөөлөттөрү түздөн-түз аталууга жана көрсөтүлүүгө тийиш.

Улуу дөөлөттөрдүн биринчи катарында адам, анын өмүрү, бакытка умтулуусу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиктери, Мекенди сүйүүсү, коопсуздугу, билими, намысы жана аброю турушу керек. Бирок көз карандысыздык жана мамлекеттик эгемендик, адилеттик, үй-бүлө, адеп-абийир, Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак, укуктун үстөмдүгү жана мыйзам алдындагы теңдик, улуттук маданиятты, тилди сактоо жана өнүктүрүү, балалык, аталык, энелик, ата-энеге камкордук, инсандын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу экономикалык, социалдык жана башка шарттарды түзүү, жагымдуу айлана-чөйрө сыяктуу дөөлөттөрдү да белгилөө абдан маанилүү.

Конституцияда улуу дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизин аныктайт жана мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызы болуп эсептелет, ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактарды ушул дөөлөттөрдү коргоого жана илгерилетүүгө милдеттендирет. Эч кандай идеология Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн буза албайт деп баса белгилөө абдан зарыл.

2. Аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүү максатында мамлекеттик бийликтин бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн принциптерин тактоо

Жаңы Конституция боюнча иштеген алты жыл көрсөткөндөй, айрым тактоолор киргизилсе, мамлекеттин түзүлүшүнүн тең салмагы камсыз кылынат.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр мамлекеттик бийликтин бутактарынын ыйгарым укуктарын дээрлик камтыбайт. Кыргызстандыктардын бакубат жашоосу үчүн жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу максатында айрым тактоочу жоболор гана киргизилет, алар мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагынын туруктуулугун күчөтүүгө багытталган.

Конституциянын айрым жоболору мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагынын өз алдынчалыгын жана натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылбай жатат, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды түзүү ыкмасы мамлекеттик түзүлүштүн принциптерине карама-каршы келип калган.

3. Сот реформасы жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүү

Бүгүнкү күндө бирине-бири карама-каршы чечимдерди кабыл алып жаткан сот бийлигин конституциялык жөнгө салууда кемчиликтер бар. Бул сот тутумундагы баш аламандыкка мыйзам чыгаруу бийлигинин иштиктүү чара көрүүсүнө, бардык соттор менен судьялардын мыйзамдарды бирдей жана туура колдонуусун камсыз кылууга жөндөмдүү болгон системаны түзүүгө тоскоолдук кылууда.

Прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү, мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу орду жана ролу жөнүндө маселени чечүү зарыл.

4. 2010-жылдын 27-июнундагы референдумга чыгарууда шашылыш которуунун жана жарыялоонун натыйжасында колдонуудагы Конституциянын расмий (орус) тилдеги текстинин мамлекеттик (кыргыз) тилдеги текстине шайкеш келбей калышы.

Колдонуудагы Конституциянын орус тилиндеги текстинин бир катар ченемдери кыргыз тилинде жазылган ченемдерге шайкеш келбей калган. Бул жагдай укукту колдонууда кайсыл тилдеги текстти кайсыл учурларда колдонуу керектеги жөнүндө атайын мыйзамды кабыл алууну да талап кылды. Мындай абалды конституциялык деңгээлде чечүү керек.

Жогоруда аталган проблемалардын төрт блогун чечүү максатында мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр сунушталат.

1. Улуу дөөлөттөр жана адам укугу

1.1. Конституцияга (1-беренеге) өлкөнүн улуу дөөлөттөрүнүн түшүнүгү киргизилип, аталып өтөт. Алар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын бардык ченем чыгаруучу жана укук колдонуучу ишинин маани-мазмунун аныктайт. Бул сунуштар адам, адамгерчилик, жамандык-жакшылык, адеп-абийир, укуктар менен милдеттердин табияты, эркиндик, теңдик, адилеттүүлүк жөнүндө фундаменталдуу түшүнүктөрдөн келип чыгат.

Баш мыйзамда Кыргыз Республикасы түзүлгөн жана жарандар туу тутуп, салык төлөгөн улуу дөөлөттөрдүн түздөн-түз камтылбай калышы Кыргызстан элине башка цивилизациялардын дөөлөттөрүн таңуулоо аракетин жаратты. Акыркы мезгилде дагы бир коркунуч – ар кандай радикалдуу агымдар жана террорчулук кескин түрдө күчөй баштады. Радикалдуу диний кызматкерлердин адамдардын аң-сезимине тийгизген катуу таасири адамдарды өздөрүнүн тарыхынан, салтынан баш тартуусуна, айрым топтордун экстремисттик мүнөздөгү уюмдарга тартылуусуна алып келүүдө. Ар бир адам түшүнгөн жана тутунган улуу дөөлөттөр жок болгондо, элдин жашоо шартынын жана билиминин начарлашы экстремизмди жана террорчулукту жаратат.

Негизинен конституция мамлекеттүүлүктүн институттарын аныктайт, мамлекеттик бийликти түзүүнү жана иштетүүнү, мамлекеттин администрациялык-аймактык түзүлүшүн, мамлекеттик башкаруудагы вертикалдуу байланыштарды белгилейт. Мунун баардыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясында камтылган. Бирок мындан тышкары конституция өлкөнүн турмушунун бардык чөйрөсүндөгү жашоонун негизин белгилеши мүмкүн. Ар бир адамга, коомго жана мамлекетке тирек болуучу дөөлөттөрдү тандабай туруп өлкөнү өнүктүрүү үчүн коомду жана мамлекетти бириктирүү кыйын.

Кандай гана конституция болбосун, ал идеологиялык документ болуп эсептелет. Себеби анда көз караштардын жана идеялардын белгилүү бир системасы чагылдырылат. Идеологиялык негиздер коомдун руханий турмушуна чоң таасир тийгизет, кайсыл бир идеяларды жана дөөлөттөрдү жайылтууга жана бекемдөөгө өбөлгө болот. Сөз кандайдыр бир таптын, же партиянын идеологиясы жөнүндө жүрүп жаткан жок, сөз коомдун өнүгүүсүнүн азыркы этабында жалпы эл кабыл алып таянган дөөлөттөрдүн системасы жөнүндө жүрүп жатат. Дөөлөттөр мамлекеттин, укуктун маани-мазмунун аныктоону системалуу мүнөзгө ээ кылат, өлкөнүн турмушунун бардык чөйрөсүндө бирдей максаттарды көздөгөнгө түрткү берет. Дөөлөттөр элди бириктирүүгө жана аны асыл максаттарды көздөп эмгектенүүгө дем берүүгө тийиш. Дөөлөтү жок коомдун жана өлкөнүн иши жүрбөйт.

Дөөлөттөр бардык чет мамлекеттердин конституцияларында камтылган. Алар кайсыга басым коюлгандыгы жана кайсылар аныкталгандыгы менен гана айырмаланып турат.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясында улуу дөөлөттөрдүн түшүнүгү так эмес болуп калган, бул дөөлөттөр сөздөрдүн маанисинде камтылганы менен түздөн-түз аталган эмес. Бул биздин пикирибиз боюнча мамлекетке жана коомго адам укуктары менен эркиндиктерине гана артыкчылык берүүсүнө алып келет. Ал эми мисалы, көз карандысыздык жана мамлекеттик эгемендик сыяктуу дөөлөттөр улуу дөөлөттөрдүн катарына кирбей калган. Ошол эле учурда адамдын укуктары жана эркиндиктери адамдын милдеттери жана жоопкерчилиги менен байланышпай калган. Ал гана эмес, “укук” деген сөз “милдет” деген сөзгө караганда он эсе көп колдонулган.

Ар бир цивилизация ийгиликтин жолун өзү тандайт. Кыргыз эли да көз карандысыздык, патриоттуулук жана мекенди сүйүү, эркиндик, адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, мээримдүүлүк жана боорукердик, сабырдуулук, ата-энеге кам көрүү, улууларды урматтоо, үй-бүлө куруу, муундардын байланышы жана башка ушул сыяктуу ийгиликтин жолун өзү тандаган.

Белгилей кетүүчү нерсе, айрым идеялар, дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын преамбуласында камтылган, анда: “Биз, куттуу Кыргызстандын эли, элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп, жанын берген баатырларды эске сактап; адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан эркин, демократиялык мамлекет кура тургандыгыбызды тастыктап; кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын эгемендүүлүгүн, элинин биримдигин сактоого бекем ишенгендигибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип; укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп; ата-бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндө айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз” деп жазылган. Бирок преамбула, белгилүү болгондой, ченемдик мүнөзгө ээ эмес жана анын жоболору документтин негизги текстине тиешелүү түрдө кирбесе, анда ал декларация бойдон кала берет.

1.2. Конституцияга улуу дөөлөттөрдүн тизмеси киргендигине байланыштуу адам менен жарандын укуктарынын институтуна болгон мамиле да өзгөрүүгө тийиш. Бул институтту абсолюттук мүнөздө карагандын ордуна, ал адам укуктарынын башка улуу дөөлөттөрү менен катар коюлат (16-берененин 1-бөлүгү), бир эл аралык келишимдин башка келишимдерден негизсиз артыкчылыгы жоюлуп (6-берененин 3-бөлүгү), эң негизгиси адам укуктары боюнча эл аралык органдардын чечимдерин аткаруунун милдеттүүлүгү жөнүндө келечексиз жоболор алып салынат (41-берененин 2-бөлүгү).

1.3. Улуу дөөлөттөрдү, анын ичинде жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо үчүн мамлекет айрым учурларда жарандардын белгилүү бир топтору үчүн (мисалы, аскер кызматчылар жана башка мамлекеттик кызматчылар, балдар жана улгайгандар, ошондой эле белгилүү бир кылмыштарды кылган адамдар үчүн) кандайдыр бир өзгөчө укуктук абалды белгилөөгө тийиш. Мындай чаралар 16-берененин 3-бөлүгүнө, 20-берененин 2-бөлүгүнө жана 50-берененин 2-бөлүгүнө сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык кодулоо же укуктарды жана эркиндиктерди жол берилгис чектөө деп эсептелбеши керек.

1.4. 20-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунун жана 24-берененин 2-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясы Конституциябызда кыйла кеңейтилген. Бул алдамчыларды жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк бербей жатат. Себеби Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 11-беренесинин ченеминде: Эч ким кандайдыр бир келишимдик милдеттенмени аткарууга мүмкүндүгү жок деген негизде эле эркиндигинен ажыратылбайт” деп жазылган. Ошентип, Конституциябыздын колдонуудагы ченеминде “мүмкүндүгү жок” деген түшүнүк (мисалы форс-мажор сыяктуу объективдүү себептер боюнча) жасалма түрдө милдеттенмелерди жөн гана аткарбай коюу менен алмаштырылган (бул субъективдүү жагдайлар – пайда көздөө, контрагентти атайылап алдоо боюнча болушу мүмкүн). Ошондуктан 20-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунун жана 24-берененин 2-бөлүгүнүн редакциясы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболоруна толугу менен ылайык келтирилди.

1.5. 26-берененин 7-бөлүгүнө толуктоо киргизилди, ага ылайык кылмыштын эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулат. Ошол эле учурда кылган кылмышы үчүн жоопкерчиликтин шексиздиги принцибинин мааниси күчөтүлдү жана жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү киргендигине байланыштуу жазык ишин токтотуунун туура эмес практикасы жоюлат.

1.6. Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөтү катары үй-бүлө жөнүндө жобону жакшыртуу үчүн 36-берененин 5-бөлүгүнүн редакциясы өзгөртүлүп, үй-бүлө тууралуу салттуу түшүнүк берилди.

2. Аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүү максатында мамлекеттик бийликтин бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн принциптерин тактоо

Аткаруу бийлиги жалпы күч-аракетин бирдиктүү максатка жумшаган ыкчам жана ийкемдүү болушу керек. Бирок колдонуудагы Конституция Өкмөткө өлкөнүн проблемаларын натыйжалуу чечүүнүн бирдиктүү механизми болушуна мүмкүндүк бербей жатат. Аткаруу бийлиги тигинен так, даана түзүлбөй, бекемделбей калгандыктан, ошондой эле өз милдетинин өтөөсүнөн чыкпаган министрди, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысын (акимди) алмаштырууга конституциялык таяныч жок болгондуктан кыйла начарлап кеткен эле. Бул жагдай Парламенттин финансылык ресурстар менен камсыздалбаган мыйзамдарды кабыл алуусу менен күчөп кетти.

2.1. Өкмөттүн жана Премьер-министрдин статусун бекемдөө үчүн мамлекетке кошумча чыгымдарды жараткан мыйзамдарды Өкмөттүн макулдугусуз кабыл алуу мүмкүн эмес деген ченем сунушталууда (80-берененин 3-бөлүгүнө жана 81-берененин 2-бөлүгүнө түзөтүүлөр). Мындай мыйзамдар кабыл алынбашы керек, эгерде кабыл алынса, аларды Премьер-министрдин өтүнүчү менен Президент кайра карап чыгуу үчүн кайтарышы мүмкүн.

2.2. Конституциянын 72-беренесине өзгөртүүлөр Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин статусун бекемдөөгө, ошондой эле депутаттын аткаруу бийлигинде иштеген мезгилде топтогон тажрыйбасын Жогорку Кеңеште иштегенде пайдалануусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Өкмөттөгү ишти депутаттын иши менен айкалыштыруу эки бийлик бутактарынын натыйжалуулугун жана координациялануусун күчөтүүгө олуттуу түрткү берет. Эгерде депутат өзүнүн мандатын жоготпостон Өкмөттөгү жооптуу кызматтагы ишин депутаттык иши менен айкалыштырууга мүмкүндүк алса, анда Өкмөттүн көз карандысыздыгы кыйла көтөрүлөт.

2.3. Премьер-министрдин жылына бир жолу эмес, кайсыл убакта болбосун ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңешке коюуга укуктуу экендиги жөнүндө ченем (86-берененин 1-бөлүгү) Өкмөттүн өз алдынчалыгын көтөрүүгө багытталган. Мындан тышкары 87-берененин 5-бөлүгүнө жана 89-берененин 7-пунктуна түзөтүүлөр Премьер-министрге Өкмөттүн курамындагы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы кадрдык маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт мүчөсүн бошотуу жөнүндө иш-жүзүндө четке кагылбай турган маселени коюу укугун, ошондой эле башка адамдардын катышуусу жок эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо укугун Премьер-министрге берүү аткаруу бийлигинин ыкчам болушун күчөтөт жана жергиликтүү бийликти түзүүдө жердешчиликти жана трайбализмди токтотууга мүмкүндүк берет. Аткаруу бийлигинин бардык элементтери чечимдерди кабыл алуучу бир гана борборго – Өкмөткө жана анын башчысына баш ийиши керек.

3. Сот реформасы жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүү

Бүгүнкү күндө сот реформасын жүргүзүү колдонуудагы Конституциянын туура эмес, кээ бир учурда карама-каршылыктуу болгон айрым ченемдерине такалып калууда. Мыйзам долбооруна зарыл болгон түзөтүүлөр камтылган, алар сот реформасы боюнча мыйзамдарды кабыл алууда юридика илиминин жана практикасынын баардык жетишкендиктерин эске алууга мүмкүндүк түзөт.

3.1. Алсак, мисалы, судьяларды кызматынан бошотуунун же убактылуу четтетүүнүн тартиби өзгөрөт: эгерде судья терс негиздер боюнча (жүрүш-турушу кынтыксыз эмес болгону үчүн) кызматынан бошотулса, анда аны бошотуу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча жүргүзүлөт (64-берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарына, 95-берененин 2-бөлүгүнө жана 102-берененин 2-бөлүгүнө түзөтүүлөр). Эгерде судья башка нейтралдуу негиздер боюнча (мисалы, судья каза болсо, чектүү куракка жетсе ж.б.), анда ал Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жүргүзүлөт.

Сот тартибинде жүргүзүлүүчү судьяны кызматынан убактылуу четтетүүгө, судьяларды жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен жол берилет.

Судьялар кеңешин судьялардын Тартип комиссиясы менен алмаштыруу бир катар себептердин айынан болууда. Судьялар кеңеши судьялардан гана турат, бул өздөрүнүн кесиптештеринин жоопкерчилигинин маселесине калыс мамиле кылуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан Судьялар кеңеши судьяларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди караган институттардын арасынан чыгарылууда. Анын ордуна Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши паритеттик башталышта түзүүчү орган түзүлөт (95-берененин 9-бөлүгү). Бул органда корпоративдик тилектештик болбойт, ушуга байланыштуу судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселени калыс кароого жөндөмдүү болот.

3.2. Мыйзам долбоорунда жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо жөнүндө маселе Судьяларды тандоо боюнча кеңештин компетенциясынан чыгарылган жана бул ыйгарым укук Судьялар кеңешине берилген (95-берененин 6-бөлүгү). Бул азыркы учурда колдонулуп жаткан которуунун татаал жол-жобосун кыйла жөнөкөй кылат. Азыр судья өз ишине тоскоолдук жараткан конкурстук тандоодон кайрадан өтүүгө мажбур.

3.3. Мыйзам долбоорунда мыйзамды конституциялык эмес деп таануунун жол-жобосуна өзгөчө көңүл бурулган (Конституциянын 97-беренесинин 8-бөлүгүнө түзөтүүлөр). Мындай жагдай мыйзам элдин өкүлдөрү – эл шайлаган Президент менен Жогорку Кеңештин биргелешкен эрки экендиги менен түшүндүрүлөт. Алардын бири (Жогорку Кеңеш) мыйзам кабыл алат, ал эми экинчиси (Президент) ага кол коюп, мыйзам юридикалык күчкө кирет. Конституциялык палата Президент менен Жогорку Кеңешке караганда кийинки деңгээлде болгондуктан, эл же анын өкүлдөрү сыяктуу бийликке ээ болбойт жана болбошу керек. Мындай болбосо Конституциянын 2-беренесинде жазылган элдин бийлиги жалган болуп калат. Ошондуктан Мыйзам долбоорунда мыйзамдардын конституциялык эместиги жөнүндө Конституциялык палатанын чечимин кабыл алууну эки баскычтуу жол жобосу каралган. Биринчиден, Конституциялык палатага мыйзамдын конституциялык эместиги жөнүндө өзүнүн пикирин (корутундусун) Президентке жана Жогорку Кеңешке алдын ала жиберүүнүн жол-жобосун жасоо милдети жүктөлөт. Президент жана (же) Жогорку Кеңеш Конституциялык палатанын корутундусу боюнча өзүнүн пикирин бергенден кийин же 3 айдын ичинде өзүнүн пикирин (макул же макул эмес) бербегенден кийин гана акыркы чечим кабыл алынат.

Мыйзам долбоорунда аталган жол-жобо мамлекеттик бийлик бутактарынын карама-каршылыгынын коркунучун кыйла азайтат жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн негиз түзөт.

3.4. Конституциянын 104-беренесине түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечимин аткарууга реалдуу негизди түзөт.

3.5. “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарга, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарга тиешелүү жазык иштерин аяктоо тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Аталган кылмыштарды кылган адамдар бул кылмыштуу жосундарды жасаган убагына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылышат, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары болгон адамдар кирбейт.

4. 2010-жылдын 27-июнундагы референдумга чыгарууда шашылыш которуунун жана жарыялоонун натыйжасында колдонуудагы Конституциянын расмий (орус) тилдеги текстинин мамлекеттик (кыргыз) тилдеги текстине шайкеш келбей калышын жоюу.

4.1. 2010-жылдын июнундагы референдумга чыгарылган, ошондой эле ушул референдумдун натыйжасы боюнча жарыяланган Конституциянын кыргыз жана орус тилдериндеги тексттеринин бир катар жерлери бири бирине шайкеш келбей калган. Бул тил жагынан алганда шайкеш келбей калуулар Конституцияны колдонууда бир катар проблемаларды жаратты. Тактыкты киргизүү үчүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам карама-каршылыктарды белгилүү бир деңгээлде жоюуга мүмкүндүк берди. Бирок аталган Мыйзамды кабыл алуу текстин мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечкен эмес. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда Конституциянын текстине жогоруда аталган Мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык тиешелүү оңдоолорду киргизүү сунушталат (Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү). Сунушталган Мыйзам долбоору референдумда кабыл алынса Конституциянын текстиндеги бардык шайкеш келбеген жерлер жоюлат.

4.2. Мыйзам долбоорунда Коргоо кеңешинин аталышын Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүү сунушталат (64-берененин 9-бөлүгүнүн 1-пунктуна түзөтүүлөр), себеби аталыш кыйла тар маанини берет жана аскер мезгилине гана ыңгайлаштырылган. Ошол эле учурда бул органдын функциялары кыйла кеңири, тактап айтканда – анын функцияларына бардык аспекттеги коопсуздук маселелери кирет (аскердик, маалыматтык, экономикалык ж.б.). Кыргызстан мүчө болгон ЖККУнун баардык өлкөлөрүндө Коопсуздук кеңеши деген аталыштагы орган бар жана ошол уюмдун деңгээлинде коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кеңеши бар экендигин көңүлгө алуу керек. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын Коргоо кеңеши шартка туура келбей калууда.

4.3. Мыйзам долбоорунун олуттуу жоболору (2-беренеси) Мыйзам референдумда кабыл алынса анын күчүнө кирүүсүнүн тартиби, Конституциянын расмий текстин жарыялоо жөнүндө эрежелерди белгилейт, ошондой эле 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шайланган же дайындалган кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын сакталышы жөнүндө маселени чечет.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Мыйзам долбоору ишкердиктин маселелерин камтыбайт, жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

Мыйзам долбоору гендердик, укук коргоочулук жана коррупциялык кесепеттерди пайда кылбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет.

Мыйзам долбоору республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу жана коомдук талкууну камсыз кылуу үчүн бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган (www.kenesh.kg).

Мындан тышкары Мыйзам долбоору катталгандан кийин белгиленген тартипте корутунду берүү үчүн Конституциялык палатага жиберилет.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары

Долбоор

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

1-берене.

2010-жылдын 27-июнунда референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

(Толуктоо киргизилди)

1-берене.

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет, анын улуу дөөлөттөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) адам, анын өмүрү, бакытка умтулуусу, ден соолугу, укуктары жана эркиндиктери, Мекенди сүйүүсү, коопсуздугу, билими, намысы жана аброю;

2) Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы, мамлекеттик эгемендиги, улуттук кызыкчылыктары;

3) Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү;

4) Кыргызстан элинин биримдиги, өлкөдөгү тынчтык жана ынтымак;

5) адилеттик, укуктун үстөмдүгү жана мыйзам алдындагы теңдик;

6) улуттук маданиятты, тилди сактоо жана өнүктүрүү, тарыхка этият мамиле;

7) адеп-абийир, үй-бүлө, балалык, аталык, энелик, ата-энеге камкордук, улууну урматтоо, каада-салттар менен прогрессти айкаштыруу;

8) инсандын гармониялуу өнүгүүсү үчүн жагымдуу экономикалык, социалдык жана башка шарттарды түзүү;

9) жагымдуу айлана-чөйрө.

2. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.

3. Улуу дөөлөттөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизин аныктайт жана мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызы болуп эсептелет, ошондой эле жарандарды жана юридикалык жактарды ушул дөөлөттөрдү коргоого жана илгерилетүүгө милдеттендирет.

4. Эч кандай идеология Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн дөөлөттөрүн буза албайт.

6-берене.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдери түздөн-түз колдонулат жана башка эл аралык келишимдин ченемдерине караганда артыкчылыкка ээ.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

6-берене.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

4. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.

5. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун аныктап турат.

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык (толуктоо киргизилди)  ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.

16-берене.

1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүнө кирет. Алар тикелей колдонулат, мамлекеттик бардык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин маани-маңызын аныктап турат.

2. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын улуу дөөлөттөрүн, ошондой эле ар кайсы социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо деп эсептелбейт.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

5. Кыргыз Республикасында баланын эң жакшы кызыкчылыктарын камсыз кылуу принциби колдонулат.

20-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо  максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. (толуктоо киргизилди) Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) жарандык-укуктук милдеттенмени аткарбоонун негизинде эркиндигинен ажыратууга карата салынган;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу.

20-берене.

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.

2. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Мындай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.

Адамдын, жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзамдык актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада укуктарга жана эркиндиктерге мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

4. Төмөнкүдөй тыюу салуулар боюнча ушул Конституцияда белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлууга тийиш эмес:

1) өлүм жазасын, кыйноону, дагы башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык мамилени же болбосо жазалоонун кадыр-баркты басмырлаган түрлөрүн колдонууга карата салынган тыюуларга чектөө;

2) алардын ыктыярдуу макулдугу талаптагыдай билдирилмейинче жана ырасталмайынча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө;

3) кулчулукка, адамдарды соодалоого коюлган;

4) бала эмгегин эксплуатациялоого;

5) келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле адамды эркиндигинен ажыратууга;

6) инсандын ар-намысына шек келтирген маалыматты жайылткандыгы үчүн кылмыштык куугунтуктоого;

7) ой-пикирин, диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө жана алардан баш тартууга мажбурлоого;

8) тынч чогулууга катышууга мажбурлоого;

9) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аныктап көрсөтүүгө мажбурлоого;

10) турак-жайынан өзүм билемдик менен ажыратууга.

5. Ушул Конституцияда белгиленген төмөндөгүдөй укуктар эч чектелүүгө тийиш эмес:

1) ар бир эркиндигинен ажыратылган адамдын өзүнө адамкерчиликтүү мамиле кылууну жана адамдык кадыр-баркын сыйлоону талап кылуу;

2) ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу;

3) жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу;

4) ой-пикир эркиндиги тууралуу;

5) диний же башка ынанымдарды эркин тандап алуу жана ээ болуу;

6) өзүнүн кайсы этноско таандык экенин эркин аныктоо жана көрсөтүү;

7) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алуу;

8) соттук коргонуу;

9) мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алуу;

10) жарандын Кыргыз Республикасына тоскоолдуксуз кайтып келүү укугу.

24-берене.

1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2. Жарандык-укуктук милдеттенмелерди аткарбай коюшунун негизинде эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

24-берене.

1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.

2. Кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эч ким эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

3. Соттун чечимисиз жана мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптен тышкары эч ким камакка алынышы, кайтарууда кармалышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.

4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалган учурунан тартып 48 саат өткөнгө чейин тез арада жана кандай учурда болбосун кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилиши керек.

Айрым учурларда кармап туруунун бир кыйла кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

Кармалган ар кандай адам мыйзамда белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүгүнө жараша кармап туруунун мыйзамдуулугун текшерүүгө укуктуу. Эгерде адамды кармоого негиздер жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулушу керек.

5. Кармалган ар бир адамга, токтоосуз түрдө, кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Эркиндигинен ажыратылган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле коргоочу күтүүгө мүмкүндүк берилет.

26-берене.

1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык жана моралдык зыяндын орду сот аркылуу толтуруп берилүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.

3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алганынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.

4. Жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана сот актысын чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.

5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарынын чөйрөсүнө каршы күбө катары өтүүгө милдеттүү эмес. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

6. Ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

7. Жасалган кылмыштын эскирүү мөөнөтү келгенде жазык жоопкерчилигинен бошотуу укугу мыйзам менен белгилениши мүмкүн. Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү сот тарабынан гана колдонулат. Кылмыш жасалган бардык учурларда, эскирүү мөөнөтү келгенине карабастан, жазык иши боюнча тергөө ишти сотко берүү менен акырына чейин чыгарылат.

36-берене.

1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат.

36-берене.

1. Үй-бүлө - коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык - бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никеге туруп жаткан адамдардын эки тараптуу макулдугусуз бир дагы никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.

Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

41-берене.

1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт.

41-берене.

1. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү.

2. Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

50-берене.

1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

2. Бир дагы жаран (толуктоо киргизилди) өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.

5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет.

50-берене.

1. Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.

2. Бир дагы жаран конституциялык мыйзамда белгиленген учурлардан жана тартиптен тышкары өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандыгын өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген адамдардын мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү да таанылат.

3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

4. Жаран республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.

5. Кыргыз Республикасы өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет.

64-берене.

1. Президент:

1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.

2. Президент:

1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

3. Президент:

1) Жогорку соттун (толуктоо киргизилди) судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.

5. Президент:

1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

6. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

9. Президент:

1) мыйзамга ылайык уюштурулган Коргоо кеңешин жетектейт;

2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

10. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;

5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.

11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

64-берене.

1. Президент:

1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.

2. Президент:

1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;

3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

3. Президент:

1) Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.

4. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.

5. Президент:

1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

6. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.

8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.

9. Президент:

1) мыйзамга ылайык уюштурулган Коопсуздук кеңешин жетектейт;

2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

10. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;

5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.

11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

68-берене.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө укуксуз.

68-берене.

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү отставкага кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз.

70-берене.

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

(толуктоо киргизилди)

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими фракциянын токтому менен таризделет жана чыгуу үчүн добуш берген фракциянын ар бир мүчөсү ага кол коёт.

72-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

(Толуктоо киргизилди)

72-берене.

1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыштарды кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жол берилет.

2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин башка мамлекеттик же муниципалдык кызмат менен айкалыштыра албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

3. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйналыштарында добуш берүү укугун сактоо менен Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн. Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалган депутаттын башка ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун жана чектөөнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутатынын Премьер-министрдин же вице-премьер-министрдин кызматынан отставкага кетсе, бошотулса жана милдеттерин аткарууну токтотсо анын депутаттык ыйгарым укуктары толук көлөмдө калыбына келет.

74-берене.

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун (толуктоо киргизилди) судьяларын шайлайт; (толуктоо киргизилди) конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштурат.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

74-берене.

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди чечет;

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кошпогондо Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьяларын шайлайт; ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда Президенттин сунуштамасы боюнча аларды кызматтан бошотот;

2) мыйзамда белгиленген тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин - Президенттин, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн жана үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес көпчүлүк добушу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотууга макулдук берет;

9) Мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштурат.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу ушул Конституциянын жана мыйзамдардын мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы жөнүндө жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

75-берене.

1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат.

2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготуусу Жогорку Кеңештин Төрагасынын отставкасына алып келет.

80-берене.

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араларды өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

80-берене.

1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.

2. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана жана Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталганда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери эгерде ушул Конституцияда башкача каралбаса, катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамды, мамлекеттик чек араларды өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.

81-берене.

1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдар (толуктоо киргизилди) милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.

3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган конституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш.

81-берене.

1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 күндүн ичинде Президентке кол коюу үчүн жиберилет.

2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат. Республикалык бюджет, салыктар жөнүндө мыйзамдар, Премьер-министр мындай мыйзамдарды кол койбостон кайтаруу жөнүндө кайрылган учурларынан тышкары, милдеттүү түрдө кол коюлууга жатат.

3. Эгерде конституциялык мыйзам же мыйзам кайрадан каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш. Мурда кабыл алынган редакциясында жактырылган конституциялык мыйзамга же мыйзамга белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзамга 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңештин Төрагасы кол коет жана ал жарыяланууга тийиш.

84-берене.

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

84-берене.

1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же анын катышуусу менен фракциялардын коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып 25 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

2. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 25 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 25 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

4. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын бекитпесе, түзүмүн жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 25 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө тийиш.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

5. Президент үч күндүк мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат.

Эгерде Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

6. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет.

7. Фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт ушул беренеде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

85-берене.

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса Президент Өкмөттү кызматынан кетирет.

85-берене.

1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңешке отчет берет жана анын алдында жооптуу болот.

2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш 3 айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алса Президент Өкмөттү кызматынан кетирет.

86-берене.

1. Премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

2. Өкмөт кызматтан кеткен учурда ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.

86-берене.

1. Премьер-министр Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

2. Өкмөт кызматтан кеткен учурда ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну уланта берет.

87-берене.

(толуктоо кирди)

1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылууга акылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.

5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же болбосо кызмат ордунан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылган талапкерди Президентке киргизет.

87-берене.

1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн баштап Өкмөт отставкага кетет.

Фракциялардын коалициясынын парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготуусу Өкмөттүн отставкасына алып келет.

Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө өтүнүч кылууга акылуу. Ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн кызматтан кетишине алып келет.

3. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Премьер-министр жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантат.

4. Өкмөт кызматтан кеткен учурда Өкмөттүн жаңы курамы ушул Конституцияда каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьер-министрдин же Өкмөттүн кызматтан кетиши кабыл алынган күндөн башталат.

5. Өкмөт мүчөсү, коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин – Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Премьер-министрдин сунушу боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Аталган сунушту алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, Премьер-министр парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын лидерлери менен консультациядан кийин өзүнүн чечими менен Өкмөт мүчөсүн ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу.

Өкмөт мүчөсү отставкага кеткен же кызматынан бошотулган учурда Премьер-министр бош кызмат ордуна талапкерди 5 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизет. Жогорку Кеңеш жактырган талапкерди Президент Өкмөттүн мүчөсүнүн тиешелүү кызмат ордуна дайындайт. Талапкерди жактыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечимин алган күндөн баштап 3 жумушчу күндүн ичинде Президент Өкмөт мүчөсүн дайындоо жөнүндө жарлыкты чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

89-берене.

Премьер-министр:

1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;

4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;

5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;

7) мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот;

8) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

89-берене.

Премьер-министр:

1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;

4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;

5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз кылат;

6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;

7) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт жана бошотот;

8) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

93-берене.

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Жогорку соттун курамында Конституциялык палата иштейт.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

93-берене.

1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен белгиленет, ал Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон, ошондой эле конституциялык контролдоо жүргүзүүчү Конституциялык палатадан турат.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзамдар менен аныкталат.

94-берене.

1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.

2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.

3. Конкреттүү бир сот иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

4. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.

5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

6. Жогорку соттун судьялары курактык чегине жеткенге чейин шайланат.

7. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

8. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын орун басары болуп шайлана албайт.

9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.

8-1. Судьянын кызмат ордуна талапкер болгон адам судьянын кызматында иштеген убагында кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почталык, телеграфтык жана башка билдирүүлөрдүн сырынын сакталышына болгон укугунан жазуу түрүндө баш тартууга милдеттүү. Мындай баш тартуу берилбеген учурда адам судьянын кызмат ордуна дайындалбайт же шайланбайт.

Сүйлөшүүлөрдү угуу жана жазып алуу, кат-кабарларды карап чыгуу тартиби жана чектери, ошондой эле бул маалыматтарды, анын ичинде судьянын жеке жашоосу жөнүндө маалыматты пайдалануу жана коопсуздугунун кепилдиги конституциялык мыйзам менен аныкталат.

9. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.

95-берене.

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Жогорку соттун судьясы Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыяланганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйгарым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.

4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого) сунуштоо Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан конституциялык мыйзам менен аныкталган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылат.

6. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын жазык жана сот тартибинде салынган административдик жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тиешелүүлүгүнө жараша Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

(толуктоо киргизилди)

95-берене.

1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Судья жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузган учурда конституциялык мыйзамга ылайык Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча кызматынан бошотулат.

Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьясы ээлеген кызматынан Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан Президент бошотот.

Жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьянын кызмат ордунан бошотулган адамда андан ары мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугу болбойт жана судьялар жана мурдагы судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

3. Судья каза болгон учурда, чектүү курагына жеткенде, отставкага кеткенде же башка ишке өткөндө, аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп тааныганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда жана жүрүм-турум кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан ушул негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ошол эле учурда Жогорку соттун жана Конституциялык палатанын судьясы катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими менен кызматынан бошотулат.

4. Сот тартибинде жүргүзүлүүчү судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.

5. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону Судьяларды тандоо боюнча кеңеш конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүргүзөт.

6. Жергиликтүү соттордун судьяларын которууну (ротациялоону) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жүргүзөт.

7. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт.

Судьялар кеңеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция тиешелүүлүгүнө жараша Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт.

8. Судьяларды тандоо боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

9. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын ар бир үчтөн бир бөлүгүн тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши түзөт. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакыруу анын курамынын кеминде үчтөн экиси түзүлгөндөн кийин Судьялар кеңешинин төрагасына жүктөлөт. Эгерде Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышы 10 жумушчу күндүн ичинде өткөрүлбөсө, аны өткөрүүнү Президент уюштурат. Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны, мүчөлүккө талапкерлерге коюлуучу талаптар жана комиссиянын ишин уюштуруунун башка маселелери мыйзам менен аныкталат.

96-берене.

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку соттун пленуму Жогорку соттун төрагасынын жана Жогорку соттун коллегиясынын курамында сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.

3. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

96-берене.

1. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку соттун пленуму соттук практиканын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.

(3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын)

97-берене.

1. Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы боло алат.

3. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

5. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасы:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

7. Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

8. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

9. Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

10. Мыйзамдардын ченемдерине негизделген конституциялык эмес деп таанылган сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда сот тарабынан кайра каралат.

11. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин, Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

97-берене.

1. Конституциялык палата конституциялык контролдоону жүзөгө ашыруучу орган болуп саналат.

2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык палатанын судьясы боло алат.

3. Конституциялык палата өз курамынан төраганы, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

4. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Конституциялык палатанын төрагасы, төраганын орун басары болуп шайлана албайт.

(5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын)

6. Конституциялык палата:

1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

2) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

3) ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

7. Конституция тарабынан таанылган өзүнүн укуктары жана эркиндиктери алар тарабынан бузулуп жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.

8. Мыйзамды конституциялык эмес деп таануу жөнүндө чечимди Конституциялык палатанын кабыл алуусу Конституцияга карама-каршылыктар бар деген алдын ала кабыл алган корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

9. Мыйзамда Конституцияга карама-каршылык бар деген Конституциялык палатанын алдын ала корутундусу Президентке жана Жогорку Кеңешке кароого жиберилет.

Эгерде Президент жана Жогорку Кеңеш алдын ала корутунду келип түшкөн күндөн баштап үч айлык мөөнөттө мыйзамда Конституцияга карама-каршылык бар экендигине макулдук берсе же алдын ала корутунду боюнча өздөрүнүн позицияларын билдирбесе, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын жарымынан кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде Президент же Жогорку Кеңеш үч айлык мөөнөттө алдын ала корутундуга толугу менен же мыйзамда Конституцияга карама-каршылыктар бар деген анын бөлүгүнө макул болбосо, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде Президент же Жогорку Кеңеш үч айлык мөөнөттө алдын ала корутундуга толугу менен же мыйзамда Конституцияга карама-каршылыктар бар деген анын бөлүгүнө макул болбогон бир позицияны билдирсе, анда бул мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечим Конституциялык палатанын судьяларынын толук курамынын төрттөн үчүнөн кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Эгерде мыйзамдын же анын жоболорунун конституциялык эместиги жөнүндө чечимге ушул бөлүктө көрсөтүлгөн Конституциялык палатанын судьяларынын санынан азы добуш берсе, алдын ала корутунду күчүн жоготот.

10. Конституциялык палатанын чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Конституциялык палатанын мыйзамдарды же алардын жоболорун конституциялык эмес деп тааныган мыйзамдуу күчүнө кирген чечими алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

Мыйзамдардын ченемдерине негизделген конституциялык эмес деп таанылган сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир так учурда сот тарабынан кайра каралат.

(11-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын)

102-берене.

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялардын кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселелерди караган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

102-берене.

1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.

2. Кыргыз Республикасында судьялардын курултайы, Судьялардын кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдогон, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

104-берене.

Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:

1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо.

104-берене.

Прокуратура төмөнкүлөр өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системаны түзөт:

1) аткаруу бийлик органдарынын, ошондой эле тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик башка органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аталган органдардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусун көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) тизмеси конституциялык мыйзам менен аныкталган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык иштерин козгоп, ишти тиешелүү органдарга тергөөгө өткөрүп берүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын статусуна ээ болгон адамдарды жазыктык куугунтуктоо.

2-берене.

1. Бул Мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюуга тийиш жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ушул Мыйзамдын редакциясындагы расмий тексти ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 14 күндөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланууга тийиш. Мында 2010-жылдын 27-июнундагы референдумдун жыйынтыктары боюнча 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстин жарыялоодо кетирилген мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттердин ортосундагы карама-каршылыктар “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген эрежелер боюнча жоюлат.

3. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамдын редакциясында Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарына жана статустарына тиешелүү болгон Конституциянын ушул Мыйзамдын редакциясындагы ченемдери түздөн-түз жана алдын ала мыйзамдык жөнгө салуусуз колдонулат.

5. Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга соттордун өзгөчө ыйгарым укуктары тууралуу Конституциянын ушул Мыйзамдын редакциясындагы 26-беренесинин 7-бөлүгү өткөн мезгилге карата колдонулбайт, буга ушул берененин
6-бөлүгүндө каралган учурлар кирбейт.

6. “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарды, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.

Аталган адамдар ушул кылмыш жосундарын кайсыл убакта жасагандыгына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары бар адамдар кирбейт.

7. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзүнүн ыйгарым укуктарын алар тиешелүү түрдө шайланган мөөнөт аяктаганга чейин сакташат жана аларды ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып, анын жоболорун эске алуу менен ишке ашырат.

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан шайланган же дайындалган башка кызмат адамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген мыйзамда каралган башка жагдайлар орун алганга чейин сакташат.

9. Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, ошондой эле жергиликтүү соттордун 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке ашыруу үчүн кабыл алынган мыйзамдын жоболоруна ылайык шайланган же дайындалган төрагалары, төрагалардын орун басарлары жана судьялары ушул Мыйзамдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-1-бөлүгүнүн талаптарын аткарган шартта өзүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланган же дайындалган мөөнөт аяктаганга чейин же болбосо кызмат ордунан бошотууга алып келген конституциялык мыйзамда каралган башка жагдайлар келип чыкканга чейин сакташат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти 

Көрүүлөрдүн саны : 19736