2018-жылдын 28-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

29-06-2018 09:12

 

 

1. “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Жээнбеков А.Ш., Текебаев Ө.Ч., Турсунбеков Ч.А., Иманалиев К.К., Сулейманов Б.И., Артыкбаев О.М., Акматов А.Ж., Токтошев Э.Т., Жумалиев К.М., Арапбаев А.А., Матраимов И.И., Жамангулов А.Ж., Исакунова Т.Б., Айдаров С.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутат Райымкулов Б.К. жана Өкмөт, 17.03.17деги № 170 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.12.17деги № 793 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.12.17деги № 793 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.01.18деги № 35 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык ассоциациясынын/Бүткүл дүйнөлүк реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 26.03.18деги № 155 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, “Чыгыш электр” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен “Чыгыш электр” ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.03.18деги № 162 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

8. “2017-жылдын 29-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.05.18деги № 226 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.18деги № 152 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 08.01.18деги № 7 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

11. “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 42 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

12. “2017-жылдын 25-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.18деги № 104 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

13. “Террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.04.18деги № 218 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын) (баардык фракциялардын чечимдери бар)

 

14. “Террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

15. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.04.18деги № 219 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынсын) (баардык фракциялардын чечимдери бар)

 

16. “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)

 

17. “2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жанан өнүктүрүү фондунун каражаттарынан “Бишкек - Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV фаза” долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.06.18деги № 286 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - үч окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө баардык фракциялардын чечимдери бар)

 

18. “2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жанан өнүктүрүү фондунун каражаттарынан “Бишкек - Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV фаза” долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи  окуу)

 

19. “2018-жылдын 14-июнунда кол коюлган, 2014-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө (Евразия турукташтыруу жанан өнүктүрүү фондунун каражаттарынан “Бишкек - Ош автомобиль жолун реконструкциялоо. IV фаза” долбоорун каржылоо үчүн инвестициялык кредит берүү жөнүндө) макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (үчүнчү окуу)

 

20. “2018-жылдын 2-февралында Алматы шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.05.18деги № 244 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

21. “Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган келишимдин айрым жоболорун колдонуу жөнүндө Москва шаарында 2017-жылдын 11-апрелинде кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.05.18деги № 223 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

22. “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Баатырбеков А.Б., Турсунбаев Ч.А., Айдаров С.А., Кыдыралиев У.Т., Бакиров М.И., Тулендыбаев П.Р., Турускулов Ж.К., Бекешев Д.Д., Абжалиев А.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

23. “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.06.18деги № 300 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими - биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

24. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.09.15теги № 624 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

25. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими - үч окууда кабыл алынсын) (үч окууда кабыл алуу жөнүндө баардык фракциялардын чечимдери бар)

 

26. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи  окуу)

 

27. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окуу)



Көрүүлөрдүн саны : 150