2018-жылдын 27-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

28-06-2018 08:26

 

 

1. “Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.03.18деги № 172 токтом) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.09.17деги № 605, 08.12.17деги № 794 токтомдор) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 03.08.17деги № 461 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 22.06.17деги № 399 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Байбакпаев Э.Ж., Исаева Д.Ш., Тулендыбаев П.Р., Исмаилова А.Ж.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Суу кодексине, “Суу жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 27.02.18деги № 114 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, Жер кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Салык кодексине) (демилгечилер – депутаттар Рыспаев К.Ж., Турсунбаев А.А., Жутанов А.Т., Байбакпаев Э.Ж., Исаков М.А., Кыдыралиев У.Т., Кулбараков А.И., Маматов А., Нишанов Н.Н., Пирматов И.А., Султанов А.М., Турускулов Ж.К., Чудинов И.В., Сарсейитов И.З.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Инвестициялык фонддор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер – депутаттар Маматалиев М.А., Келдибаев С.А., Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2230-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Масалиев И.А., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 278