2018-жылдын 21-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

22-06-2018 08:37

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бокоев К.С., Тиллаев Т.Г., Эргешов А.М.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Строкова Е.Г., Турсунбаев А.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутаттар Турускулов Ж.К., Баатырбеков А.Б., Кодуранова А.С., Жамангулов А.Ж., Исмаилова А.Ж., Нурбаев А.М., Касымалиева А.К., Каримов Н.Т., Тиллаев Т.Г., Бакиров М.И., Сулайманов А.Т., Шыкмаматов А.Н., Керезбеков К.К., Өмүркулов И.Ш., Акаев Ж.К., Аманкулов М.А., Сарсейитов И.З., Примов У.Б., Самигуллина А.Э., Строкова Е.Г., Токторов А.С., Никитенко Н.В., Момбеков Р.Ч. жана Өкмөт, 29.11.17деги № 777 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кошумча айырмалоочу эмблеманы (III Протокол) кабыл алуу боюнча 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенцияларына карата 2005-жылдын 8-декабрындагы кошумча протоколго кошулуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 12.03.18деги № 131 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “2017-жылдын 29-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.05.18деги № 226 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кооперативдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.01.18деги № 35 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.12.17деги № 793 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык юбилейи жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечи – депутат Мадеминов М.Г.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 138