Жогорку Кеңештин депутаттары ЕККУ ПАнын Бишкекте өтүүчү күзгү жыйыны тууралуу айтып беришти

12-06-2018 17:41

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Абдывахаб Нурбаев жана Айнуру Алтыбаева КТРКнын “Маанилүү маек” телепрограммасына ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны тууралуу кеңири интервью беришти.

Карамат Орозованын айтымында, бул жыйын Кыргызстан үчүн миграция жана регионалдык коопсуздук маселелеринин козголушу менен маанилүү. “Борбор Азия өлкөлөрүндө такталбаган чек ара, миграция маселеси курч. Андан сырткары Афганистандагы кырдаалга байкоо салып, терроризм коркунучун алдын алуунун чараларын талкуулап турушубуз керек”, - деди ал.

Ал эми Абдывахаб Нурбаев: “ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү жыйынынын Бишкекте өтүп жатышы Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүгө эл аралык коомчулуктун маани өзгөчө маани берип жатканын белгиси” – деп айтты.

Айнуру Алтыбаева 2018-жылдын октябрь айына белгиленген иш-чара Кыргызстандагы парламенттик демократияны таанытууга чоң салым кошоорун белгиледи. 

Эске салсак, ЕККУ ПАнын жыйыны быйыл 3-6-октябрь күндөрү Бишкекте өтөт.   ЕККУ ПАнын жыйынына 300дөй киши катышары күтүлүүдө. Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 өлкөсүнөн делегаттар келери болжолдонуп жатат.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 45