2018-жылдын 30-майындагы № 2436-VI “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө

11-06-2018 19:51

2018-жылдын 30-майындагы № 2436-VI

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 22-июнундагы № 399-токтому) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарып берилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 96