2018-жылдын 7-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

08-06-2018 12:20

2018-жылдын 7-июнунда каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.18деги № 66 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Бакиров М.И., Эргешов А.М., Жээнбеков А.Ш., Зулушев К.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.03.18деги № 152 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4.Туруктуу багып-тарбиялоого муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан адамдардын эмгегине акы төлөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Жумабеков Д.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилсин, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн сунуштарды эске алуу менен кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 220