Т.Шаболотов: «ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын өтүшү демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө жана өлкөдөгү парламентаризм институтунун өнүгүшүнө зор салым кошот”

30-05-2018 16:03

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйыны алгач ирет Бишкекте өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда “Парламент FM” радиосунда уюштурулган түз эфирдеги маектин алкагында ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын даярдап, өткөрүү боюнча жумушчу тобунун жетекчиси, Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов билдирди.  

ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны үстүбүздөгү жылдын 3-6-октябрь күндөрү өтөрүн эске салган Т.Шаболотов, аталган иш-чарага Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 өлкөсүнөн келген делегаттардын катышары күтүлүп жатканын маалымдады. “Даярдык алкагында инфраструктура, уюштуруу, техникалык жана каржылык көйгөйлөрдү чечүү боюнча көп көлөмдөгү тапшырмалар бар”, – деген жумушчу тобунун жетекчиси, бардык маселелер ыкчам түрдө каралып жатканын кошумчалады.

Маек маалында Тажимамат Шаболотов ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, аталган иш-чара уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери ортосунда баарлашуучу аянт болуу менен бирге демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө жана өлкөдөгү парламентаризм институтунун өнүгүшүнө зор салым кошот. Мындан тышкары, Тажимамат Шаболотов жыйындын өтүшү туристтик жана инвестициялык артыкчылыктарыбызды көрсөтүүгө жакшы шарт түзөрүн билдирди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 85