2018-жылдын 23-24-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

25-05-2018 10:05

2018-жылдын 23-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

 

1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 51 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Юсуров А.Л., Бакиров М.И., Жолдошбаев К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 36 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Граждандык кодекске, “Күрөө жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 13.11.17деги № 738 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 42 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске, “Жарнак жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Токтошев Э.Т., Бакиров М.И., Эргешов А.М., Жээнбеков А.Ш., Зулушев К.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

7. “Бешинчи канал” жабык акционердик коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

2018-жылдын 24-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

8. “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 30.11.17деги № 780 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

9. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору  (демилгечи – Өкмөт, 07.12.17деги № 792 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

10. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.18деги № 66 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 424