Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КЫРГЫЗ ПАРЛАМЕНТИНИН   ТАРЖЫМАЛЫ

15-06-2017
18:49

Кириш сөз

Кыргызстанда коомдук өнүгүүнүн негизи болуп калган “демократия” жана “парламентаризм” түшүнүктөрү  кокусунан пайда боло калган эмес жана бекеринен орун алган жок. Байыркы убактан бери эле кыргыздардын коомдук түзүлүшүндө элдик демократия менен парламентаризмдин белгилери болуп келген. Жалпы элдик курултайлар   бийликтин түйүндүү чечимдерди кабыл алуучу жогорку институттары болгон. Тарыхтын тагдыр чечер учурларында элдик  курултайлар кыргыз элинин келечегин аныктаган чечимдерди кабыл алган. Узак жана бай тарыхыбыз аркылуу бабаларыбыз эркиндиктин ыйык баалуулуктарын сактап,  улам кийинки муундарга берип жүрүп отурду.

Парламентаризм – эң байыркы саясий институттардын бири. Бирок, ал ойдогудай өркүндөтүүгө али жетише элек. Жадагалса демократиянын өнүгүшү өтө жогору болгон өлкөлөрдө да анын үстүндө иштөө зарыл болгон жетиштүү көйгөйлөр бар. Бир нерсе шексиз: биз парламентаризмдин баштапкы стадиясында турабыз, биздин жоопкерчилигибиз абдан зор жана парламенттик демократияны куруу жолу жеңил эмес. Бул максатка жетишүү үчүн ар бирибиз мындан ары да талбай жана берилип эмгек кылуубуз зарыл.

Кыргызстан элинин демократиялык шайланма өкүлчүлүк органы катары Жогорку Кеңеш калктын бардык катмарларынын мүдөөлөрүн билдирүүгө, ар кыл пикирлерди макулдашуунун жалпы улуттук аянтчасы, коомдук үн катары кызмат кылууга чакырылган. Ага өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, ички жана тышкы чакырык-көйгөйлөргө  өз убагында көңүл буруу, коомдун күтүүлөрүнө жооп берүү, укуктун үстөмөндүгүн бекемдөө, адамдын укуктарын камсыздоо жана коррупциядан эркин коомду курууга көмөктөшүү милдети жүктөлгөн.

 

Парламентаризмдин тарыхынан

Дүйнөнүн европалык бөлүгү парламентаризмдин жаралуу мекени катары айтылып келет. Бирок, коомдун, уруунун жана уруктун жашоосунун негизги маселелери боюнча чечимдер талкууланып жана кабыл алынып турган алгачкы формасы – аксакалдар кеңеши, элдик жыйындар, курултайлар түрүндөгү элдик өкүлчүлүктүн баштапкы органдары коомдук түзүлүштүн эӊ байыркы доорунда бардык эле элдерде  болгонун да белгилей кетүү керек.

Парламентаризмдин жана анын салттарынын андан кийинки өнүгүшү тарыхый, экономикалык, социалдык шарттарга байланыштуу дүйнөнүн тарыхында алгачкы жолу монархияны алмаштырган жаңы мамлекеттик түзүлүш – республика пайда болгон Греция менен Римде улантылат.

Байыркы Греция менен Римде элдик чогулуштардын ролу чечүүчү мааниге ээ болгон. Алар бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот органдарын түзүп, чогулушка отчет берип турган. Афиныдагы Бешжүзчүлөрдүн кеңеши, ал эми Рим Республикасындагы Сенат бийликтин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын аткарган. Кийин алар саясий аренадан чыгып калды.

Ал эми парламентаризм идеясы XIII кылымда Англияда кайра жаралган жана андан ары анын классикалык түрү калыптанган.

Азыркы убакта парламенти болбогон бир дагы өлкө жок. Ар кайсы өлкөлөрдөгү парламенттер өз түзүмү, ыйгарым укуктары, аталышы жагынан классикалык үлгүдөн айырмаланып тургандыгына карабастан, анын негизги милдеттери окшош жана парламент кандай гана болбосун мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнүн таянычы болуп эсептелет.

 

Кыргыз элдик демократиясынын башаттары

Кыргыз парламентаризминин таржымалынын башаты бүткүл элдин эрк-ыктыярын билдирүүнүн формаларыболуп саналган курултайлар жана элдик жыйындар чоң мааниге ээ болгон өткөн илгерки мезгилдерде жатат. Демейде мындай жыйындар жылына бир жолу өткөрүлүп, анда элдин күнүмдүк жашоосу үчүн маанилүү болгон маселелер талкууланып турган.

Мунун баары байыркы кыргыз элинин жашоосунда курултайлар коомдук жана аскердик демократиянын түзүмдөрүн калыптандырып тургандыгын дагы бир жолу ырастайт. Ошондуктан, бүгүнкү күнгө чейин “курултай”, “элдик жыйын”, “аксакалдар кеңеши” сыяктуу түшүнүктөр элдик башкаруунун негизи катары сакталып калган.

Түрк тилдүү элдердин тамыры азыркы Борбордук Азияны мекендеген “бийик калпакчан сак көчмөндөрүнө” барып такалат. Кийин түрк көчмөн урууларынын бирикмеси – хунну өз ээликтерин Европага чейин кеңейтүү менен, “гунндар” деген ат менен дүйнөлүк тарыхта калган. Алардын курамына кирген кыргыздар жөнүндө алгачкы маалымат байыркы кытайлык “Тан-Шу” – Тан турпаты жөнүндө баянда” берилген (б.д. чейинки 201-жыл). Окумуштуулардын пикири боюнча, уруулар бирикмесинде аскердик көчмөн демократиянын доорону өкүм сүргөн.

IX-X кылымдарда кыргыз ордосу Энисей дарыясынын жана Миң-Суу өрөөнүнүн аймагында жайгашкан каганатты негиздеген. Көрүнүктүү орус окумуштуусу Бартольд каганат доорун “Кыргыз улуу державасы” атаган. Анын башында каган турган. Ал мезгилде уруулардын башчыларынан турган кагандын алдындагы аксакалдар кеңеши кеңеш берчү органдын милдетин аткарган.

Кыргыздар 1508-жылы Тагай бийди (Мухаммед Кыргыз – 1469-1533) ак кийизге салып, кан көтөргөн. Ордосун Көл кылаасындагы Барскоон жергесинде тиккен. Ал башкарган чөлкөм “Кыргыз улусу” аталган. Бул мезгил чачыранды кыргыз урууларынын башын кошуп, мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү аракети көрүлгөн улуттук тарыхыбыздагы өтө урунттуу учурлардын бири болгон.

Тагай бий кыргыз журтунун кызыкчылыгын коргоп, жонгор жана маңгул тектүү төбөлдөрдүн үшүн алгандыктан, Кашкар түрмөсүндө эки ирет – баш-аягы 15 жыл бою камакта жаткан. Ал 1533-жылы кыргыз журтунун күчтөнүп баратканын көралбаган Моголстан төбөлдөрүнүн кутуму менен өлтүрүлгөн.

Кыргыздардын Россиянын курамына өтүшү кыргыз элинин жашоосу менен тиричилигине орусиялык мыйзамдардын жигердүү киргизилишин, жаңы административдик-аймактык бирдиктердин белгиленишин шарттаган. 1906-жылы падышалык Россия империясы өзүнүн алгачкы парламентин – Мамлекеттик Думасын түзүү менен өзүнүн колониялык аймактарынын элдеринин өкүлдөрүн мамлекеттик башкарууга жарым-жартылай тартууга умтулган. Бирок, кыргыздар парламенттин ишине жана мамлекеттик маанидеги ар кандай маселелерди чечүүгө түздөн-түз катыша алган эмес. Россия парламентинин ишиндеги кыргыздардын ролу IV чакырылыштагы Мамлекеттик Думага өзүнүн алгачкы өкүлүн – Байсары улуу Кыдыр акени шайлоо менен гана чектелген.

 

Советтик мезгилдеги кыргыз парламенти

1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин мамлекеттик бийликтин курамындагы парламенттин милдетин Жумушчу жана дыйкандар депутаттарынын кеңештери (советтери) аткара баштаган. Парламент өзүнүн тышкы белгилерин сактап калгандыгына карабастан, кеңештер толук баалуу мыйзам чыгаруу органдары боло алган эмес. Адегенде 1924-жылдын 21-октябрында Кыргызстанда Революциялык комитет түзүлүп, ал Кыргыз Автономиялуу областынын бардык бийлик бутактарынын милдеттерин бириктирип аткарып, анын башында Иманалы Айдарбеков турган. 1927-жылдын 27-мартында Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Борбордук аткаруу комитети (БАК) түзүлгөн, Абдыкадыр Орозбеков төрага болуп шайланган.

Иманалы Айдарбеков жана Абдыкадыр Орозбековдон кийин совет доорунда кыргыз парламентин Асаналы Толубаев, Молдогазы Токобаев, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Темирбек Кошоев, Таштанбек Акматов, Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов жетектеп келген. Алардын ар биринин Кыргызстан аймагында элдик бийликтин өкүлчүлүк органынын калыптанышына кошкон салымы бар.

Борбордук аткаруу комитетинин жана анын Президиумунун сессиялары республиканын аймагында турган бардык органдар тарабынан милдеттүү аткарыла турган токтомдор менен резолюцияларды кабыл алган. Бирок, мыйзамдарды кабыл алуу андан жогору турган органдардын ыйгарым укуктарына кирген.

1936-жылы Кыргызстан Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы – СССР курамындагы 15 союздук республиканын бири болуп калган. 1937-жылкы Конституциясына ылайык, кыргыз парламентинин ыйгарым укуктарын 1938-жылдын 18-июлунан тарта 1994-жылга чейин тике шайланган бир палаталуу Кыргыз ССР Жогорку Совети аткарган.

1938-жылдын 24-июнунда республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына – Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн.

Экинчи чакырылышка шайлоо андан тогуз жыл өткөндөн кийин гана – 1947-жылдын 16-февралында өтөт. Булкыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согушка катышуусу менен байланыштуу болгон.

Андан ары Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоонун мыйзамдар менен бекитилген мезгили (төрт, андан кийин беш жыл) так сакталып келген. 1951-жылдын 18-мартында үчүнчү чакырылыштагы Жогорку Советке шайлоо болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин төртүнчү чакырылышы 1955-жылдын 6-мартында шайланган. 1959-жылдын 15-мартында бешинчи чакырылышы шайланган.

Көрсөтүлгөн мезгилде Советтердин милдеттери айкындаштырылган жана кыйла кеңейтилген. Ошону менен бирге депутаттардын саны да көбөйгөн. Эгерде биринчи жана экинчи чакырылышта 284 депутат шайланса, үчүнчү чакырылышта 313 депутат шайланат. Төртүнчү жана бешинчи чакырылыштардагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин курамында 329 депутат болгон.

Биринчи чакырылыштан сегизинчи чакырылышка чейин Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттары 4 жылдык мөөнөткө шайланган. Тогузунчу чакырылыштан тартып (1975-жыл) депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтү 5 жылга белгиленген.

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып депутаттарды шайлоо тартиби олуттуу өзгөргөн – шайлоо алгачкы жолуальтернативалык негизде өткөрүлгөн. 1990-жылдын 23-февралында он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттарын шайлоо болгон. Жогорку өкүлчүлүк органы кеңири демократиялык негизде шайланган. “Легендарлуу парламент” Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы алгачкы кадамдар үчүн укуктук шарттарды түзгөн.

 

Өткөөл мезгил: “Легендарлуу парламент”

Элдин эсинде “легендарлуу парламент” катары калган он экинчи чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Совети 1990-жылы шайланган. Ал 1990-жылдын апрелинен 1994-жылдын сентябрына чейин иштеген. 1993-жылдын майынан тартып, жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен Кыргыз мамлекетинин мыйзам чыгаруу органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши деп атала баштаган.

Жогорку Советтин (Жогорку Кеңештин) жыйналыштары сессиялык негизде, жылына кеминде эки жолу өткөрүлүп, сессиялардын аралыгындагы мезгилде анын милдеттерин Жогорку Советтин Президиуму аткарып турган. Парламенттин курамы тике шайланган 350 депутаттан турган.

СССРдин ыдырашы менен мамлекеттин мурдагы саясий түзүлүшү өзгөрдү. КПСС бийлиги жокко чыгарылып, өлкөнүн жогорку бийлиги Жогорку Советтин колуна өткөн. Мыйзам чыгаруучулук, тескөөчүлүк, көзөмөлдүк милдеттер Кыргыз Республикасынын ар кандай маселени кароого жана чечүүгө ыйгарым укуктуу болгон парламенттин карамагына өткөн.

Ошентип, эгемендүү мамлекет түзүүгө багыт алган Кыргызстан көз карандысыздык жолундагы алгачкы кадамдарын парламенттик башкаруу түрүндө баштаган. Дал ошол өткөөл мезгилде советтик тоталитардык-буйрукчул режимди талкалоого өзүнүн олуттуу салымын кошкон “легендарлуу парламент” эгемендүү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын жана демократиялык түзүлүшүнүн саясий, укуктук жана экономикалык негизи болуп калган бир катар маанилүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алган.

XII чакырылыштагы парламенттин 14 сессиясында миңге жакын маселе каралып, 148 жаңы улуттук мыйзам кабыл алынган, жаңы жана мурдагы 105 мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, ошондой эле 964 токтом бекитилген. Кыргызстан көз карандысыздык принцибин иш жүзүнө ашырып, тоталитардык системадан ырааттуу четтөө менен, эгемен мамлекетти кура баштаган.

XII чакырылыштагы парламент тарабынан Эгемендүүлүк жөнүндө декларация (1990-ж.), Көз карандысыздык жөнүндө декларация (1991-ж.) кабыл алынып, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы Президенти шайланган (1991-ж.), ошондой эле эгемендүү Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясы кабыл алынган (1993-ж.). Андан тышкары, мамлекеттик башкы символдор – Желек (1992-жылдын 3-марты), Герб (1994-жылдын 14-январы), Гимн (1992-жылдын 18-декабры) кабыл алынып, улуттук валюта – сом киргизилген (1993-жылдын 3-майы). Бир сөз менен айтканда, алдыга арымдуу максаттар коюлуп, анын алгачкы натыйжаларына жетишилген.

Парламенттин бул чакырылышы доорлордун кыйчалыш кырдаалында иштеди. Совет мезгилинде шайланган булпарламент олуттуу тарыхый окуялардын чордонунда болуп калды. Советтик турмуштун калыптанып калган эрежелеринжеңип өтүп, ал эгемендүү мамлекет катары Кыргызстандын жашоосунун укуктук базасын аныктаган тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алып, жаңы шарттардагы ишке багыт алууга жетишкен.

Парламент Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясына (КМШ ПАА), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясына (ЕККУ ПА), Ислам конференциясы уюмунун Парламенттик бирлигинин (ИКУ ПБ), Парламенттер аралык бирликтин мүчөсү болуу менен, эл аралык деңгээлде жигердүү аракеттене баштады.

Жогорку Кеңеш Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү кыйчалыш кырдаал орун алган чыр-чатактарды басууда кыйла аракеттерди жасады. Жогорку Кеңештин Төрагасы Медеткан Шеримкулов өзү да Тоолуу Карабахтагы кагылыш боюнча Парламенттер аралык ассамблеянын тынчтыкты сактоо тобун түзүү тууралуу Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча зор иштерди аткарды. 1994-жылдын 5-майындагы жолугушуунун жыйынтыгында дүйнөлүк коомчулук тарабынан жалпысынан Тоолуу Карабахтагы кырдаалды жөнгө салууга түрткү бере турган каршылаш тараптардын согушту токтотуусуна иш жүзүндө жасалган алгачкы кадам катары бааланган «Бишкек протоколуна» кол коюлду.

Тилекке каршы, мамлекеттик бийликтин бутактарынын ортосунда пайда болгон тирешүүлөр менен пикир келишпестиктер XII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда таркашына алып келген. 1994-жылдын 13-сентябрына пландаштырылган Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы кворумдун жоктугунан болбой калган. Түзүлгөн кырдаалга парламенттик кризис катары баа берилип, ал “легендарлуу парламенттин” өзүн өзү таркатышы менен аяктаган.

Жогорку мекенчилдикти көрсөтүп, кесипкөй парламентаризмди түзүүдө жагымдуу жагдай шарттап, XII чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкөнүн тарыхына өзүнүн алтын барактарын жазып калтыра алды.

Түйшүктүү эгемендешүү жүрүмүн эч кыйынчылыксыз эле баштан кечирип, тоталитардык бийлик саркындыларынан, консерваторлордун кысымынан акырындап арылуу менен унитардуу, башкарууга дин аралашпаган, демократиялык мамлекет бардык башкы белгилери менен кошо конституциялык түрдө жол-жоболоштурула баштады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында I чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо өткөн.

1995 - 2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеп, алардын депутаттары бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган. Анын эки палатасынын биринчи жыйналышы 1995-жылдын 28-мартында болгон.

Иши туруктуу жана кесиптик негизде жүргүзүлгөн Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамына 35 депутат кирген. Иши сессиялык негизде жүргүзүлгөн Эл өкүлдөр жыйынынын курамы 70 депутаттан турган. Тең шайлоо шарттарында шайланган эки палатанын депутаттарынын укуктары бирдей болгон. Муну менен эки палаталуу кыргыз парламенти дүйнөнүн башка парламенттеринен айырмаланып турган.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны 17 сессия, алардын алкагында 186 пленардык жыйналыш өткөргөн. Жыйындын көңүл борборунда өлкө турмушундагы өтө маанилүү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелер турган. Ал багытта 987 токтом, 268 мыйзам кабыл алынып, анын ичинде 157 мыйзамдын жактырылышы мунун айкын күбөсү.

Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 556 мыйзам, анын ичинде 13 кодекс жактырылып жана кабыл алынып, Президент 543 мыйзамга кол койгон. Баарыдан мурда, укуктук мамлекеттин негизги пайдубалы болуу менен өлкө турмушунун маанилүү чөйрөлөрүн жөнгө салып, кайра курумдарга багыттай турган жаңы кодекстерди белгилей кетүү абзел.

Жогорку Кеңештин палата-жыйындарынын иш тажрыйбасы мыйзам чыгаруу ар мыйзам актысын сапаттуу даярдоого, даярдык материалдарын топтоого, окшош мыйзамдарды талдап чыгууга зарыл шарттарды түзүүнү талап кылган өтө машакаттуу жүрүм экенин көрсөттү.

2000 - 2005-жылдар аралыгында Кыргызстанда экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. 1998-жылдагы үчүнчү конституциялык реформанын жүрүшүндө шайлоосистемасына өзгөртүүлөр киргизилген жана кыргыз парламентинин палаталарынын сандык курамы кайрадан каралган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган.

2003-жылдагы конституциялык реформа менен 2005-жылы бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы белгиленген. Сунуш кылынган Конституциянын долбоору Жогорку Кеңештин жаңы курамын партиялык тизмелер боюнча шайлоону карап, сандык курамы 90 депутаттан турган. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешке шайланган саясий партиялар Өкмөттү түзүүгө укук алган. 2007-жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган.

2010-жылдагы апрель окуяларынын натыйжасында IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ишин токтоткон.

Кыргызстанда 2010-жылдын апрелинде болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин мамлекеттик бийлик алмашып, коомдук-саясий абал өзгөргөн. 

2010-жылдын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейтилиши менен бирге анын жоопкерчилиги да күчөтүлгөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин шайланышы менен Кыргызстандын азыркы тарыхында жаңы барак ачылган. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы парламенттик-президенттик башкаруу формасындагы өлкө болуп калды.

29 саясий партия катышкан 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун натыйжалары боюнча 5 саясий партия жеңип чыккан. Парламенттеги 120 депутаттык мандат төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: “Ата-Журт” партиясы – 28 мандат; “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” – 26 мандат; “Ар-Намыс” партиясы – 25 мандат; “Республика” партиясы – 23 мандат; “Ата Мекен” партиясы – 18 мандат. Жогорку Кеңештин структурасында  14 комитет түзүлгөн.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алдында улуттук мыйзамдарды мындан ары өркүндөтүү, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө, алардын талаптарын республиканын бардык региондорунда шайлоочулардын кеңири катмарына түшүндүрүү боюнча жаңы милдеттер турду. Парламенттин мындан аркы өнүгүүсүнө сереп салган, конкреттүү кадамдардын жана зарыл аракеттердин этаптарын, б.а. көздөгөн максатка жеткирүүчү “жол картасын” чагылдырган концептуалдык документти иштеп чыгуу зарылдыгы пайда болду. Парламентаризмди өнүктүрүүгө карата стратегиялык көз карашты, концептуалдык мамилени иштеп чыгуу керек эле, анткени муну Жогорку Кеңештин конституциялык ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткаруу, Жогорку Кеңештин иш-аракетин жана анын түзүмүн оптималдаштыруу милдети талап кылды.

2013-жылдын январында парламент 2016-жылга чейин Жогорку Кеңешти өнүктүрүүнүн Стратегиясын (мындан ары – Стратегия) кабыл алды. Анда Жогорку Кеңештин иш-аракетинин артыкчылыктуу багыттары аныкталган. Стратегиянын максаты - Конституциянын талаптарына жана коомдун күтүүлөрүнө жооп берген, азыркы замандын талаптарына тез жана шайкеш келүүгө жарамдуу, натыйжалуу, туруктуу иштей турган парламенттик уюмду түзүү болуп саналат.

Стратегия Жогорку Кеңештин бардык – мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөл кылуу ыйгарым укуктарын, ошондой эле тармактык комитеттердин жана парламенттик фракциялардын ишин, парламенттин башка мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенишүүсүн камтыйт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясын ишке ашырууну мыйзам чыгаруу жагынан камсыз кылуу иш-милдетин жана Улуттук Стратегиянын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүнө алууга тийиш. Бул үчүн анын жоболорун турмушка ашырууда зарыл мыйзамдык база болууга тийиш болгон, биринчи кезекте каралып, кабыл алууга жаткан мыйзамдардын, башка ченемдик укуктук актылардын тизмегин бекитүү керек эле.

Парламентаризмди өнүктүрүүгө жана мыйзам жаратууга карата системалык илимий мамиле жасоо зарыл, мында Жогорку Кеңештин комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелерге жараша, колдонуудагы ченемдик-укуктук базаны жана мыйзамдардын аткарылуусунун сапатын талдоого алуу боюнча ишти жүргүзүүгө, Өкмөткө жаңы мыйзамдарды жана программаларды иштеп чыгуу үчүн түйүндүү багыттарды сунуш кылууга чакырылган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин фракцияларынын жана комитеттеринин жарандык сектор жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун арттыруу да талап кылынган.

Стратегиянын алкагында “Электрондук документ жүгүртүү”, “Мыйзам долбоорлорун эксперттөө кызматы”, “Мыйзам долбоорлорунун тексттерин шайкеш келтирүү кызматы”, “Видеоконференция”, “Илимий-изилдөө борбору”, “Парламенттин электрондук китепканасы жана архиви”, “Электрондук турникет” сыяктуу долбоорлор ишке ашты.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын аткаруу бийлик органдары тарабынан аткарылуусуна олуттуу көңүл бурду.

Өз иш-аракетинин ачык-айкындуулугун жана жарандардын парламенттин иши, кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу максатында Жогорку Кеңеш 2013-жылдын май айында “Парламент” радиосунун уктуруу аймагын кеңейтти, областтык борборлорго жана аларга жанаша райондорго парламенттин жыйналыштарынан түз алып берүүлөр жана башка берүүлөр уктурула баштады. Жыл сайын Жогорку Кеңеште жергиликтүү, чет өлкөлүк жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын 300гө жакын журналисти аккредиттелип, алар парламентте өткөрүлгөн бардык жыйналыштарга жана расмий иш-чараларга эркин кире алышат.

Президенттик-парламенттик башкаруу формасынан парламенттик-президенттик башкаруу формасына өтүү Жогорку Кеңештин ролун өзгөрттү, анын кабыл алган чечимдери жана жасаган аракеттери үчүн жоопкерчилигин орчундуу жогорулатты. Бул болсо Жогорку Кеңештин чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташуусун, парламенттик башкаруу өкүм сүргөн мамлекеттер менен парламентаризм тажрыйбаларын алмашууну жандандырууну, ошондой эле парламенттер аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүүнү талап кылды.

V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жогорку өкүлчүлүк органы катары өзүнүн иш-милдетине толук туура келди. Парламентте коом жана мамлекет үчүн маанилүү болгон абдан актуалдуу, кечиктирилгис маселелер көтөрүлдү жана каралды. Албетте, мындай маселелерди кароо жана алар боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алуу мыйзамдуулукту, туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле иш натыйжалуулугун арттырууга, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатууга көмөк берди.

 

Жогору Кеңештин VI чакырылышы

2015-жылдын күзүндө VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2015-жылдын 27-октябрындагы өзүнүн отурумунда алты саясий партиянын өкүлдөрүн Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алган:

КСДП партиясы – 38 мандат:

«Республика — Ата-Журт» партиясы – 28 мандат:

«Кыргызстан» партиясы – 18 мандат:

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы – 13 мандат:

«Бир Бол» партиясы – 12 мандат:

«Ата Мекен» партиясы – 11 мандат:

 

2015-жылдын 28-октябрында шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылгандан кийин VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өз ишин баштаган. Ошол күндөн тартып V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулган. Кыргызстандын парламентине өткөн партиялар фракцияларды түзүп, лидерлерин шайлашкан. Президент ошол эле күнү, 28-октябрда “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин башталышына, мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелген.

29-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти КСДП фракциясына парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү укугун берген. Мамлекет башчысы КСДП жана башка Жогорку Кеңештеги фракцияларды парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү жана коалициялык макулдашууну бекитүү жараянында Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын негизги милдети саналган 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу жана келечекте өлкөдө алгылыктуу кайра курууларга багытталган мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурууга чакырган.

Консультациялардан кийин 2015-жылдын 2-ноябрында Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалиция түзүлүп, ага КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана “Ата Мекен” фракциялары кирген. “Республика – Ата-Журт” жана “Бир Бол” фракциялары оппозицияда калышкан.

Ал эми мурунку V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Төрагасында беш орун басары – ар бир фракциядан бирден депутат болсо, VI чакырылышта эки орун басар – көпчүлүк жана азчылык коалицияларынан бирден депутат калтыруу чечими кабыл алынган.

Жогорку Кеңеште тогуз комитет түзүлгөн.

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети;

- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети;

- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети;

- Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;

- Бюджет жана финансы боюнча комитети;

- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети.

Алты фракция жана тогуз комитетке кирген 120 депутаттан турган VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Конституцияга ылайык өзүнүн конституциялык мөөнөтүн 2015-жылдын күзүнөн 2020-жылдын күзүнө чейин аткарышы керек болчу.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган.

Бирок шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жана добуш берүү күнү шайлоочулардын массалык нааразычылыгын жараткан көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу КР БШКсы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга байланыштуу VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзам чыгаруу ишин Кыргызстандын парламентинин жаңы курамы шайланганга чейин улантуу чечимин кабыл алып, 2021-жылдын декабрына чейин иштеген.

 

Жогорк Кеңештин VII чакырылышы

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 15-декабрындагы жыйынында 18-ноябрда болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону расмий өттү деп тааныды.

VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылдын 22-декабрында жыйынтыктоочу отурумун өткөрдү. Эртеси, 23-декабрда VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ишин баштады.

Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы парламенти VI чакырылыштагы парламенттен кескин айырмаланат. Буга 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум себеп болгон.

Референдумдун жыйынтыгы боюнча:

- республика президенттик башкаруу формасын тандап алды;

- Мурда партиялык тизме боюнча шайланган Жогорку Кеңеш пропорционалдык-мажоритардык болуп жаңыланды;

- депутаттардын саны жүз жыйырмадан токсонго кыскартылды, 54 депутат партиялык тизме боюнча, 36 депутат округдардан шайланды.

 

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин комитеттери

  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети;
  • Социалдык саясат боюнча комитети;
  • Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
  • Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети;
  • Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети.

 

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин фракциялары жана депутаттык тобу

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясы – 15 мандат;

«Ишеним» парламенттик фракциясы – 12 мандат;

«Ынтымак» парламенттик фракциясы – 9 мандат;

«Альянс» парламенттик фракциясы – 6 мандат;

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы – 6 мандат;

«Ыйман Нуру» парламенттик фракциясы – 5 мандат;

«Элдик» депутаттык тобу;

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланган депутаттар.