Төрага Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Кыргызстанда өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин II отуруму болду

11-05-2018 15:40

Бүгүн, 11-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун төрагалыгы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин II отуруму болду. Эске салсак, ЕККУ ПАнын жыйыны быйыл 3-6-октябрь күндөрү Бишкекте өтөт.  

Аталган иш-чарага карата даярдык иштери тууралуу жумушчу тобунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов маалымат берди. Анын айтымында ЕККУ ПАнын жыйынына 300дөй киши катышары күтүлүүдө. Европа, Азия жана Түндүк Американын 57 өлкөсүнөн делегаттар келет.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына делегаттарды кабыл алууга байланышкан  жумуштардын планын жана иш-чаранын бюджетин талкуулап,  жыйында таратылуучу материалдарды бекитишти.   

Белгилей кетсек, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны быйыл алгач ирет Кыргызстанда өтөт. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы парламенттер аралык байланыштардын аянты болуп эсептелет жана шайлоолорго байкоо салуу боюнча миссияларды жетектейт. Анын дагы бир башкы максаты саясий чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Бишкекте өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын темасы – “Борбор Азия жана ага чектеш өлкөлөрдүн коопсуздук чөйрөсүндөгү диалогун жакшыртуу”.

Андан тышкары, делегаттар менен меймандар үчүн түрдүү маданий иш-чаралар мерчемделген. Аларга “Курманжан Датка – Алай Ханышасы” балети көрсөтүлүп, Улуттук тарых музейине экскурсия уюштурулат, ошондой эле кыргыз элинин салт-санаа, үрп адатын чагылдырган театрлаштырылган оюндар тартууланып, катышуучулар көркөм-колдонмо искусство эмгектери жана маданиятыбыз менен тааныштырылат.      

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын өткөрүүгө тиешелүү структураларга бир катар көрсөтмөлөрдү берди.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 134