2018-жылдын 10-майында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

11-05-2018 08:23

 

 

1. “Экологиялык коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Турускулов Ж.К., Жамангулов А.Ж., Бакиров М.И., Чолпонбаев У.С.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2.“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бокоев К.С., Тиллаев Т.Г., Эргешов А.М.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 08.01.18деги № 7 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 260