2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө

07-05-2018 13:54

2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинин жана 2020-2021-жылдарга божомолун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктаган Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясынын жана 2020-2021-жылдарга божомолунун долбоорун карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жактырылсын (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

-Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясында жана 2020-2021-жылдарга божомолунда аныкталган негизги артыкчылыктарга жана багыттарга ылайык “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоону камсыздасын;

-өндүрүлгөн алтынды республиканын аймагында сатуу жөнүндөгү маселени карасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                         М.И. Бакиров

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин

2018-жылдын 26-апрелиндеги

№ 2397- VI токтомуна  карата

тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджетине жана 2020-2021-жылдарга болжолуна карата

БЮДЖЕТТИК РЕЗОЛЮЦИЯ

 

     Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджетине жана 2020 – 2021-жылдарга болжолуна карата бюджеттик резолюция Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 2-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2018-жылдын 14-мартындагы № 2295-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясын түзүү боюнча Жобого ылайык иштелип чыкты.

     Ушул Бюджеттик резолюцияда аныкталган, орто мөөнөттүк мезгилге эсептелген бюджеттик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары Кыргыз Республикасынын 2019-2021-жылдарга бюджеттик системасынын негизги параметрлерин түзүү үчүн ориентир катары кызмат кылат жана Кыргыз Республикасынын 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдын долбоорун түзүүдө эсепке алынышы керек.

 

I. Орто мөөнөттүк мезгилге бюджеттик саясаттын негизги багыттары

 

Ушул Бюджеттик резолюцияда орто мөөнөттүк мезгилге бюджеттик саясаттын негизги багыттарына төмөндөгүлөр киргизилди.

1. Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин бюджеттик чыгымдарды функциялык классификациялоо боюнча түзүүгө жана аткарууга 2020-жылга карата өтүү.

Бюджеттик чыгымдарды  функциялык классификациялоо деген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын алар тийиштүү функцияларды милдеттүү түрдө аткарууну  камсыз кылгандай таризде классификациялоону билдирет.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирүүчү бюджеттердин бюджетти функциялык классификациялоо боюнча түзүүгө жана аткарууга өтүшү төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет:

- белгилүү бир функцияларды ишке ашырууга жана алардын убакыттык чен-өлчөмү боюнча социалдык-экономикалык максаттарга жетишүүгө бюджеттик чыгымдардын   динамикасын болжолдоого;

- мамлекеттик башкаруу органдарынын экономикалык жана социалдык функцияларды аткарууга тартылуу даражасын салыштырууга.

2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирүүчү бюджеттердин 2020-жылга карата эл аралык стандарттарга, 2014-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасына өтүшү (мындан кийин – МФС 2014).

Бюджеттин процесстин 2014-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасына өтүшү мамлекеттик экономикалык саясат чараларын натыйжалуу идентификациялоого, чен-өлчөмдөөгө, аларга мониторинг жүргүзүүгө жана алардын таасир кылуусуна баа берүүгө көмөк берет, анткени 2014-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасы  салыктык-бюджеттик талдоо жүргүзүүгө көмөк берүүчү сандык инструмент болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасына кирүүчү бюджеттерди 2014-жылдагы мамлекеттик финансы статистикасы системасы боюнча түзүү өлкөбүздүн Статистикалык эсептердин улуттук системасы, Төлөө балансы, Акча-кредиттик жана финансылык статистика сыяктуу башка макроэкономикалык  статистикалык системалары менен салыштыруу жол-жобосун жакшыртат. Бул мамлекеттик башкаруу органдарынын финансылык туруктуулугун экономиканын башка секторлоруна карата колдонулган методдор менен   баалоого мүмкүндүк түзөт, ошондой эле алардагы финансынын узак мөөнөттүк туруктуулугун, өтүмдүүлүгүн жана финансылоодогу керектөөлөрүн баалоого көмөк көрсөтөт.

3. 2019-2020-жылдарга республикалык бюджеттин курамындагы салыктык келип түшүүлөрдүн үлүшү ИДПга карата 21 %дан ашык, ал эми бюджеттик каражаттарды чыгымдоонун үлүшүн ИДПга карата 21 %дан ашык эмес болушуна жетишүү; пайдаланылбаган каражаттарды  республикалык бюджеттин тартыштыгын азайтууга багыттоо.

Кредиттик каражаттарды берүүдө күрөөлүк камсыз кылууга  ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн  «Кепилдик фонд» ААКтын уставдык фондун 2019-жылы - 2,0 млрд сомго, 2020-жылы – 2,5 млрд сомго, 2021-жылы – 3 млрд сомго жеткирүү. 

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан кийин- Социалдык фонд) операцияларын 2019-жылдан тартып Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу борборлоштурулган эсепке алууга өткөрүү.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын 2019-жылдан тартып Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу борборлоштурулган эсепке алууга өткөрүү төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга мүмкүндүк берет:

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды актуалдаштырууну;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетине  келип түшкөн жыйымдардын жалпы көлөмү жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүү болушун;

- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна багытталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшкөн көлөмүнөн 3 % өлчөмүндө каражатты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алып  коюшун жокко чыгаруунун;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каражаттарын башкаруунун натыйжалуулугун.

5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн: «Бирдиктүү терезе»  электрондук форматында маалыматтарды издөө, иштөө жана жөнөтүү үчүн зарыл сарптоолорду минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү.

6. Бюджеттик чөйрөдө эмгек акынын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, аскер кызматчыларынын эмгек акысынын деӊгээлин эмгек акы төлөөнү индексациялоону эсепке алуу менен жогорулатуунун концепциясын   иштеп чыгуу.

 

II. Өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында   мамлекеттик финансыны натыйжалуу жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү

 

         Орто мөөнөттүк мезгилге өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында   мамлекеттик финансыны натыйжалуу жөнгө салуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүүнүн негизги багыттарына төмөндөгүлөр кирет.

         1.  Интеллектуалдык менчикти кошуп алганда, ак ниеттүү  менчик ээсин натыйжалуу коргоонун мамлекеттик системасын киргизүү, аларды коргоого алуу системасын жакшыртуу.

         2. Көрсөткүчтөрүн онлайн режиминде салык кызматына берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонууга өтүүнү аяктоону кошуп алганда, чаралардын комплексин ишке ашыруунун негизинде экономиканы накталай эмес төлөмдөргө толук өткөрүүнү камсыз кылуу.

         3. Бюджеттик жана салыктык мыйзамдарга төмөндөгүлөр боюнча түзөтүүлөрдү киргизүү:

         - Мамлекеттик бюджеттик резервдин алтын запасын түзүү үчүн, каражаттардын калып калган калдыктарын өлкөнүн аймагында өндүрүлгөн алтынды сатып алууга пайдалануу;

         - Мамлекеттик бюджеттик резервдин өлчөмүн 3 пайызга чейин өзгөртүү;

         - салыктык  режимдерди жана экономикалык иш-аракетти тартиптештирүүнү жөнөкөйлөтүү жана тармактык мыйзамдар менен карама-каршылыгын жоюу;

         - кирешелерди легалдаштыруу жана көмүскө экономиканы
(20-25%ынан төмөн эмес) ачыкка чыгарууга түрткү берүү;

         - товарларды экспортоо менен алектенген ата мекендик ишканаларга салык жүгүн азайтуу;

         - фискалдык жана күч органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн регламентин катаалдантуу;

         - илимий, инновациялык иштелмелерди, жаӊы, жогорку, алдыӊкы технологияларды финансылоо үчүн преференцияларды, субвенцияларды,    салыктык жеӊилдиктерди, төмөн пайыздар менен кредиттерди берүү системасын кеӊейтүү;

         - салыктарды, социалдык чегерүүлөрдү, бажылык жана салыктык эмес төлөмдөрдү жана өлкөнүн бюджетине келип түшүүлөрдүн башка түрлөрүн төлөөдө, анын ичинде мамлекеттик жана жеке менчик менен бүтүмдөрдү түзүүдөгү төлөөдө электрондук төлөмдөрдү кеӊейтилген форматта колдонуу менен интернет-порталдар аркылуу  мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү;

         - интернет-жарнаманы жана электрондук сооданы жүргүзүү жагында кызмат көрсөтүүлөргө салык салуу системасын оптималдаштыруу;

         - отчетторду жана аларга тиркемелерди салык органдарына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун органдарына берүүдө электрондук санариптик колтамганы пайдалануу;

         - камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо функциясын республиканын салык органдарына берүү.

         4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизмдерин өздөштүрүүнүн принциптерин киргизүү.

 

III. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын артыкчылыктары жана мамлекеттик ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун максаттары

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеӊеш бекиткен (25.08.2017-ж. № 1836-VI токтому) «Жаӊы доорго кырк кадам» программасынын жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ратификацияланган эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга  ылайык төмөнкүдөй багыттар аныкталды.

         1. Бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде:

         - мамлекеттик сатып алууларды өркүндөтүү жана мамлекеттик ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди башкарууну жакшыртуу;

         - мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санын оптималдаштыруу;

         - программалык гранттарды (ДБ, АӨБ, КЕС, Россия жана Түркия)  жана МИП гранттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;

         - күч структуралары үчүн аскердик техниканы жана атайын жабдууларды сатып алууга зарыл каражаттарды кошпогондо,  күч структураларынын  бюджеттеринин чыгаша бөлүгүнүн жашыруундуулугун жокко чыгаруу;

         - мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) жана ички карыздардын бардык жүгүртүүлөрү менен иштөөнүн айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;

         - жеке менчик структураларга жана мамлекеттик ишканаларга  дотациялар, субсидиялар жана жеӊилдетилген кредиттер түрүндө  бөлүштүрүлүүчү, коммерциялык банктар аркылуу берилүүчү бюджеттик каражаттардын көлөмүн азайтуу.

         2.   2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, сот реформасынын алкагында кабыл алынган  башка мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды камсыз кылуу.

         3. Бюджеттик чыгымдардын көбөйүшүнө жол бербөө максатында, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият системаларын кошуп алганда, социалдык саясатты реформалоо.

         4. Талдоо, баалоо жана  мониторингдөө системасын өркүндөтүү жолу менен бюджеттик чыгымдарга, тышкы карыздарга мамлекеттин контролун катаалдантуу.

         5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорунда «капиталдык салымдар» беренеси боюнча объекттерди курууну, кайра конструкциялоону финансылоо үчүн каражаттарды өзүнчө тиркеме түрүндө кароо, мында долбоордук сметалык документациянын милдеттүү түрдө болушун камсыз кылуу.

         6. «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча финансылануучу ден-соолукту чыӊдоо мекемелерин куруу, кайра конструкциялоо, оӊдоо объекттеринин тизмегин түзүү функциясын архитектура, курулуш жана тарак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү.

         7. Майып балдарын караган энелерге эмгек акы төлөө маселесин кароо.

         8. Пенсиялык системанын бардык бөлүктөрүн финансылоону камсыз кылуу максатында, камсыздандырма пенсиялык системанын механизмдерин киргизүү:

         - пенсионерлердин ар кайсы жаш курактык топторунун керектөөлөрүн эсепке алуу менен, пенсиялык системанын камсыздандырма бөлүгүн модернизациялоону жүргүзүү, адамдардын пенсияга ыктыярдуу түрдө кеч чыгуусуна түрткү берүү;

         - пенсиялык системаны жана медициналык-социалдык жардам системасын өнүктүрүүнү өз ара байланыштыруу боюнча, айрыкча курагы
70 жаштан ашкан пенионерлер үчүн байланыштыруу боюнча чараларды көрүү (ММК же социалдык камсыздандыруу системасынын алкагында);

         - аскер кызматчыларын кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсияга чыгаруу курагын жогорулатуу маселесин кароо, анткени колдонуудагы жобо өлкөнүн бюджетине орчундуу жүк болуп жатат, ошол эле убакта мамлекеттик органдардын кадрдык курамынын сапаттык дарамети төмөндөөдө;

         - фермердик чарбалардын мүчөлөрүн пенсия менен камсыздоонун деӊгээлин жогорулатуу максатында алар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин көбөйтүү боюнча чараларды көрүү.

         9. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы ПЖ № 2 «2018-жылды региондорду өнүктүрүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык жалпы мамлекеттик проограммаларды ишке ашырууда жана бюджеттик камсыздалгандыкты теӊдөө саясатын жүргүзүүдө бийликтин жергиликтүү органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу керек, бул үчүн:  

         - жергиликтүү бюджеттерди дотацияда турган абалдан чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, сатык салыгын, пайда салыгын, жер казынасын пайдалануу салыгын, киреше салыгын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун салык органдары тарабынан администрацияланышын караган мыйзам долбоорун киргизүү, аталган салыктарды толук көлөмдө жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин курамына кошуу;

         - Өзгөн, Балыкчы, Таш-Көмүр, Айдаркен, Майлуу-Суу, Көк-Жаӊгак шаарларын дотацияда тургандардын категориясынан чыгаруу максатында, бюджеттик камсыздалгандык критерийин ушул шаарлар менен иштөөгө киргизүү;

         10. Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020» Программасынын алкагында төмөндөгүлөрдү камсыз кылуу:

         1) жарандардын социалдык-маанилүү категориясы үчүн, анын ичинде бюджеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн – «Жеӊилдетилген ипотека» багытын өнүктүрүү;

         2) жарандардын бардык категориялары үчүн – кошумча каражаттарды, эл аралык донорлордон тартылган каражаттарды, ошондой эле «Мамлекеттик ипотека компаниясы» ААК чыгарган ипотекалык баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражаттарды пайдалануу менен, «Жеткиликтүү ипотека» багытын өнүктүрүү;

         3) калкка кийин сатып алуу менен ижарага берүү үчүн эконом класстагы жеткиликтүү турак жайдын өздүк фондун түзүү;

         4) контракттык турак жайлык аманаттар системасын өнүктүрүү;

         5) турак жайды капиталдык оӊдоону жүзөгө ашыруу үчүн  калкка кредиттерди берүү.

         11. Айлана-чөйрөнү коргоо жагында:

         - жашылдандырууга чыгымдарды көбөйтүү,  тигилген көчөттөрдүн өсүп кетишин милдеттүү түрдө мониторингдөө системасын киргизүү;

         - кир сууларды жана булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгарууну азайтууга чарбакер субъекттердин кызыкдар кылууну эсепке алып, тийиштүү жыйымдардын өлчөмдөрүн белгилөө системасын кайра кароо жолу менен, менчигинин формасына карабастан ишкердик иштин субъектеринин кир сууларды жана булгоочу заттарды айлана-чөйрөгө чыгаргандык үчүн жоопкерчилигин күчөтүү;

         - айлана-чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизе турган жана чогултуу, зыянсыздаруу жана (же) пайдалануу системасын уюштурууну талап кыла турган өндүрүш калдыктарын сактап туруу жана көмүү үчүн жыйымдардын өлчөмдөрүн көбөйтүү.

         12. Курал-жаракты жана аскердик техниканы  калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, аскерлерди даярдоого бюджеттик чыгымдарды артыкчылыктуу багыттоону камсыз кылуу максатында, аскердик түзүлмөлөрдүн жана укук коргоо органдарынын структурасын жана санын оптималдаштыруу.

         13. Бюджеттин тартыштыгын жана аны жабуу булактарын аныктоо методикасын иштеп чыгуу.

 

IV. Секвестрге жатпай турган бюджеттик программалардын жана чыгымдар беренелеринин тизмеги

 

         Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 107-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, секвестрге жатпай турган бюджеттик программалардын жана чыгымдар беренелеринин төмөнкүдөй тизмеги сунуш кылынат:

         айлана-чөйрөнү булгоо менен күрөшүү;

         жаратылыш парктары жана коруктар;

         жаныбарларды коргоо;

         өсүмдүктөрдү коргоо;

         калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу.

        

         Ушул Бюджеттик резолюция Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолун мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусу менен түзүүдө негизги ориентир болуп калууга тийиш.

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 521