2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2396-VI “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2230-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

07-05-2018 13:51

2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2396-VI

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2230-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2230-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-Акаев Жанарбек Кубанычович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзамдын демилгечиси;

-Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;”;

 

 

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                         М.И. Бакиров



Көрүүлөрдүн саны : 120