2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2395-VI “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

07-05-2018 13:49

2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2395-VI

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктта:

үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-Никитенко Наталья Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзамдын демилгечиси;

-Дыйканбаев Курманбек Сапарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;”;

 

 

алтынчы жана жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“-Дюшембиев Нурлан Касымбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;

-Абдылдаева Айнур Нуралиевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри.”.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                     М.И. Бакиров



Көрүүлөрдүн саны : 86