2018-жылдын 26-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

26-04-2018 13:57

2018-жылдын 25-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.18деги № 95 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “2017-жылдын 10-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.02.18деги № 96 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Үй-бүлө кодексине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 08.11.17деги № 732 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 36 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 26-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

5. “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Текебаев Ө.Ч., Турсунбеков Ч.А., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Артыкбаев О.М., Жапаров А.Ү., Жумалиев К.М., Шадиев А.А., Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Салыктык эмес кирешелер, ички аудит маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Патент мыйзамына, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө”, “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө”, “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө”, “Суу жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы биосфералык аймактар жөнүндө”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө”, “Ички аудит жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 18.12.17деги № 815 токтом) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 8-февралындагы № 1327-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Салянова А.Ж., Текебаев Ө.Ч., Никитенко Н.В., Бакчиев Ж.А., Бекешев Д.Д., Өмүрбекова А.С., Масалиев И.А.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

8. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 1-февралындагы № 2230-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Масалиев И.А., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

9. “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020 – 2021-жылдарга божомолу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 285