ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын даярдап, өткөрүү боюнча мекемелер аралык жумушчу тобунун кезектеги жыйыны өттү

26-04-2018 12:22

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңеште Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынын Бишкек шаарында 3-6-октябрь күндөрү даярдап, өткөрүү боюнча мекемелер аралык жумушчу тобунун жыйыны Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги менен өттү.  

Катышуучулар мекемелер аралык жумушчу тобу тарабынан бекитилген пландын аткарылышын кеңири талкуулап, министрлик менен мекемелердин өкүлдөрү маалымат беришти жана сунуш-пикирлер боюнча ой бөлүшүштү.

Тажимамат Шаболотов мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн көңүлүн ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына карата тыкыр даярдануу зарылдыгына жана иш-чаралар планынын ар бир пунктунун өз мөөнөтүндө аткарылышына бурду. Ал Кыргызстанга күзгү жыйындын алкагында 57 өлкөнүн парламент делегациясынын келиши күтүлүп жатканын белгиледи.

Жыйын соңунда Тажимамат Шаболотов мекемелер аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнө бир катар тиешелүү тапшырмаларды берди.    

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 151