Жогорку Кеңеште ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болду

09-02-2018 15:56

Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңеште Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүүгө даярдыктар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болду. Иш-чара Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги астында өттү. Жыйынга Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин, Аппарат бөлүмдөрүнүн, ошондой эле КР Өкмөтүнө караштуу министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары Т.Шаболотов ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын Бишкекте өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин башында Жогорку Кеңеш турарын, ал тарабынан ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады. Ошону менен катар, бул олуттуу иш-чараны өткөрүүдө уюштуруу, каржылоо, коопсуздук маселелери жогорку деңгээлде болушу керектигин айтып, жумушчу топко кирген ведомстволордун өкүлдөрүн жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырды.

Отурумдун жүрүшүндө ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар планындагы ар пунк тыкыр талданып, катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынды. Тиешелүү ведомстволорго ЕККУ ПАнын күзгү жыйынынын күн тартибин аныктоо, тактоо, даярдоо жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйынын 2018-жылдын 3-6-октябрь күндөрүндө Бишкекте өткөрүү пландалып, анын ишине 57 өлкөнүн парламент өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 48