ЕККУ ПАнын күзгү жыйынын өткөрүү алкагында жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери боюнча маалыматтар угулду

24-04-2018 10:54

Бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте боло турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жыйыны болду.  

Анда аталган жыйынды өткөрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери талкууланып, парламенттик аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматы угулду.

Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотов эл аралык ири иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык бөлүмдөрдүн тыгыз иш алып баруусу зарыл экенин белгилеп, айтылган талаптарды убагында аткаруу керектигине токтолду.

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө. Ага ылайык, жыйынды өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, жумушчу тобу да иш алып барууда. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана алардын аппарат кызматкерлери тартылган.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 161