2018-жылдын 12-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

12-04-2018 14:02

2018-жылдын 11-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 697 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Өмүрбекова А.С.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.18деги № 66 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 12-апрелинде каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.02.18деги № 85 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы № 2191-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамдын макулдашылган варианты (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 461