ЕККУ ПАнын күзгү жыйынына карата даярдык маселелери талкууланды

10-04-2018 15:09

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Аппарат башчысынын орун басары Тажимамат Шаболотовдун жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Бишкекте өтө турган күзгү жыйынын өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жыйыны болду. Анда аталган жыйынды өткөрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери талкууланды.  

Эске салсак, ЕККУ ПАнын күзгү жыйыны үстүбүздөгү жылдын октябрь айында алгач ирет Бишкек шаарында өтөт. Эл аралык мааниси жогору бул иш-чарага дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинен 200дөй парламент өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Жыл сайын ар башка өлкөлөрдө өткөрүлүп келген ЕККУ ПАнын жыйындарында парламенттер ортосундагы кызматташтыктан баштап, эл аралык деңгээлдеги саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакалар талкууга алынат. Андыктан, Бишкекте өтчү кезектеги күзгү жыйында да олуттуу темаларда талкуулар жүргүзүлөрү мерчемделген. Иш-чаранын өткөрүү үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, жумушчу тобу да иш алып барууда. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт өкүлдөрү жана алардын аппарат кызматкерлери тартылган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы



Көрүүлөрдүн саны : 71