2018-жылдын 5-апрелиндеги № 2337-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

10-04-2018 12:13

2018-жылдын 5-апрелиндеги № 2337-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Ар кандай;

“2016-жылдын 26-октябрында Исламабад шаарында кол коюлган Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин ортосундагы Борбордук Азияда региондук экономикалык кызматташтык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“2017-жылдын 10-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Чили Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий же кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө”, “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 7-мартындагы № 2290-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыгылган “2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;

“Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө.

 

 

 

Төрага                                                                                 Д.А. Джумабеков



Көрүүлөрдүн саны : 45