Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы

10-04-2018 10:56

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясын түзүү чечими 1990-жылдын 19-21-ноябрь күндөрү Парижде (Франция) өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык жыйынын (1995-жылдын 1-январынан тарта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму деп атала баштаган) Саммитинде айтылган.

ЕККУ ПАнын эл аралык катчылыгы Копенгагенде (Дания) жайгашкан.

Ассамблеянын негизги максаты ЕККУ алкагында демократияны өнүктүрүү боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин ортосундагы байланыштарды арттыруу болуп эсептелет.

ЕККУ ПАнын ишмердүүлүгүнүн багыттары:

  • ЕККУнун максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруусуна баа берүү;
  • Жогорку деңгээлдеги мамлекет жана өкмөт башчыларынын жолугушууларында, ошондой эле министрлердин кеңешмелеринде көтөрүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоо;
  • Чыр-чатактардын алдын алуу жана аларды чечүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу менен аны ишке ашырууга көмөктөшүү;
  • ЕККУга мүчө өлкөлөрдөгү демократиялык институттарды чыңдоого жана бекемдөөгө көмөк көрсөтүү;
  • ЕККУнун институттук түзүмүн жана алардын өз ара алакасы менен кызматташтыгын өнүктүрүүгө жардам берүү;

Бул милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ ПА түрдүү каражаттарды пайдаланат. Маселен, ар жылы өткөн сессиясында корутунду декларацияга кошо бир катар резолюцияларды жана сунуштарды кабыл алат, ал эми комитеттердин отурумунда учурда маанилүү болгон эл аралык көйгөйлөр каралат. 

Өнүгүп жаткан демократияны күчтөндүрүү максатында түрдүү программалар иштелип чыккан, анын ичинде шайлоолорго байкоо салуу, андан тышкары атайын миссия менен жагдайы оор аймактарга жана кыйын кырдаалдагы райондорго делегацияларды жөнөтүү боюнча кеңири программалар бар.

Азыркы учурда ЕККУ Парламенттик ассамблеясы 56 өлкөдөн келген 323 депутаттан турат. Ошондой эле Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы, Батыш Европа биримдигинин ассамблеясы, Түндүк Атлантикалык ассамблея, Парламенттер аралык бирикме, Европа Парламенти жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы  ЕККУ ПАга расмий байкоочу макамын ээ.

Ассамблеянын башкы органдары болуп Жылдык ассамблея, делегация башчыларынын туруктуу комитети, Бюро, Кеңейтилген бюро, үч жалпы комитет, төрага, башкы катчы жана Эл аралык катчылык эсептелет. 

Туруктуу комитет менен Бюро жылдык сессия ортосундагы Ассамблеянын иштерин даярдоо менен алектенет жана анын пайдалуу иштөөсүн камсыздайт.

Үч жалпы комитет Хельсинки кеңешмесинин корутунду актысынын үч багытына (өлчөмүнө) ылайык түзүлгөн: Саясий маселелер жана коопсуздук боюнча жалпы комитет; Илим, технология, айлана-чөйрө жана экономика маселелери боюнча жалпы комитет; Демократия, адам укугу жана гуманитардык маселелер боюнча жалпы комитет.

Туруктуу комитет минус бир (-1) мунасасынын принциптерине ылайык чечимдерди кабыл алат. Бюро, жалпы комитеттер жана Ассамблеянын жылдык сессиясы да чечимдерди көпчүлүк добуш менен кабыл алат.

Мындай жол-жобо Парламенттик ассамблеяга талаштуу пикирлерди пайда кылган маселелер боюнча, анын ичинде ЕККУ институттарын реформалоо тууралуу узак мөөнөттүү сунуштамаларды даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Ассамблея ар жылдык сессиясында өзүнүн эң жогорку кызмат адамы болгон жана жыйындарына төрагалык кылган Парламенттик ассамблеянын төрагасын шайлайт.

Бюронун сунушу боюнча Туруктуу комитет тарабынан дайындалган башкы катчы төрагага жардам берет. 

Жол-жобонун эрежесине ылайык, ЕККУ ПАнын төрагасы бир жылга, ал эми тогуз орун басары үч жылга шайланат. Казыначысы эки жылга, төрагасы, төраганын орун басарлары жана баяндамачылар комитет мүчөлөрү тарабынан бир жылга дайындалат.

ЕККУ ПАнын бардык кызмат адамдары бир жолудан кайрадан шайлана алышат, муну менен катар комитеттердин кызмат адамдарынын кайрадан шайлануусун чектеген эреже жок.

Георгий Церетели (Грузия) 2017-жылдын ноябрынан бери Парламенттик ассамблеянын төрагасы болуп иштейт.

Парламенттик ассамблеянын Сессиялары жыл сайын орун алмашуунун негизинде ЕККУга мүчө мамлекеттердин биринде өтүп турат (узактыгы 5 күнгө чейин).

ЕККУнун белгиленген көрсөткүчтөрүнө ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттери Ассамблеянын бюджетине төгүмдөрү төлөшөт. 

Алты мамлекет – Улуу Британия, Германия, Италия, АКШ жана Франция бюджеттин тогуз пайызы боюнча төгүм төлөшсө, белгиленген көрсөткӊчкө ылайык, Кыргызстан өңдүү кичине өлкөлөр 0,15 пайызга чейинки төлөмдү беришет.

ЕККУ ПАнын бюджети 3 102 000 еврону түзөт.

Башкы катчы аркылуу башкарылган ЕККУ ПАнын Эл аралык катчылыгы Ассамблеянын төрагасынын жана башка жетекчилердин ишмердүүлүгүнө жардам берет, андан тышкары, жыйындарды, шайлоолорго байкоо салган миссиялар менен дипломатиялык иш сапарларды уюштурат. Роберто Монтелла (Италия) 2016-жылдын 1-январынан бери Башкы катчы кызматын аркалап келет.

Эл аралык камчылык 17 туруктуу кызматкерден жана изилдөө иши менен алектенген 8 жаш стипендианттан турат (2015-жылдан бери Катчылыкта Кыргызстандын жараны Белек Ибраев тажрыйбадан өтүүдө).

Катчылык эки кеңседен турат: Дания парламенти тарабынан берилген башкы кеңсе Копенгагенде жайгашса, Венада анын байланыш боюнча кеңсеси орун алган.

Катчылык ЕККУнун улуттук делегациялары менен комитеттеринин ортосундагы байланыш каналы, андан тышкары, Ассамблея мүчөлөрү менен кеңири коомчулук үчүн маалымат борбору катары кызмат кылат.

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 687