Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 22-мартынан тартып коомдук талкууга коюлат

22-03-2018
14:26

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Т.Икрамов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-85-06

Каттоо  № 6-4727/18      12.03.2018

                                                             

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

         1-берене

         Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (“Эркин-Тоо” газетасы, 2017-жылдын 10-февралы, №19-20) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         Кодекстин 28-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 184-1-статья менен толукталсын:

         “184-1-статья. Балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин күтүүгө каражат төлөөдөн баш тартуусу

         1. Жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар жүйөлүү себепсиз бир жылдын ичинде үч айдан ашык соттун чечими боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин күтүүгө каражат төлөөдөн баш тартканда –

         III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып пулга, же тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана I  категориядагы айып пулга жазаланат.

         2. Ошол эле жосунду ата-энелерин күтүүдөн баш тарткандыгы үчүн мурда соттолгон адам жасаса, -

         IV категориядагы түзөтүү иштерине же V категориядагы айып пулга, же тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана II категориядагы айып пулга жазаланат.”.

 

         2-берене.

         Ушул Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук   актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Маалымкат-негиздеме

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдар өздөрүнүн эмгекке жөндөмсүз жана жардамга муктаж болгон ата-энелерин карыялар үйүнө таштап жаткан фактылар көбөйүүдө. Адистештирилген стационардык мекемелерде (мындан ары-карыялар үйү) улгайган жарандар 1000 ден ашык жайгашкан. Жыл сайын алардын саны жогорулап жатат, мисалы:  Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2015-жылы 500 адам карыялар үйүндө жайгашкан экен. Карыялар үйүндө жашаган адамдардын саны бат өсүүдө,. Тактап айтканда, карыялар үйүндө жашоо, карыяларга моралдык жана психологиялык жактан терс таасирин тийгизип жаткан чагы.

Бул Мыйзам бизге өтө керек, себеби Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 37-беренесинде Кыргыз Республикасында адамдын укугу менен эркиндигин кемсинтпеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат жана  улууларды урматтоо, туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү - ар бир адамдын милдети деп белгиленген.

Биздин кошуна өлкөлөрдө, мисалы, Таджикистанда ата-энесин багуудан качкандар үчүн  кылмыш жаза каралган, (ал Таджикистан мамлекетинин Кылмыш Кодексинин 178 беренесине ылайык жүз жыйырма сааттан жүз сексен саатка чейин мажбур жумуштары менен, же эки жылдык түзөтүү жумуш иштери менен жазаланат). Жогоруда белгилеп кеткен берене Таджикистан мамлекетинде жакшы таасир этип элдин моралдык жана рухий дүйнөсүн жогорулатып жатканы анык.

2016-жылдын 1-январына карата ай сайын социалдык жөлөкпул алган пенсиялык камсыздоого укугу жок (эмгек стажысы жок) улгайган жарандардын саны 1824 миң адамды түзөт. Азыркы учурда улгайган жарандардын социалдык жөлөкпулунун орточо өлчөмү (1000 сом) пенсиянын базалык бөлүгүнө (1500 сом) карата 66,6 пайызды түзөт.

94-СОЦ формасы Мамлекеттик статистикалык отчеттун маалыматы боюнча 2015-жылдын башталышында 590,4 миң пенсионер Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттосунда туруп, пенсиянын орточо өлчөмү 4562 сомду түзөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин системасында бүгүнкү күндө 17 социалдык стационардык мекеме иштейт, алардын ичинен – 6 социалдык стационардык мекеме улгайган жарандар жана ДМЧАлар боюнча.

Социалдык стационардык мекемелерде төмөнкүдөй кызматтар көрсөтүлөт, алар:

- социалдык – тиричилик;

- социалдык – медициналык;

- социалдык – психологиялык;

- социалдык – педагогикалык;

- социалдык – укуктук жана социалдык – маданий.

Бүгүнкү күндө социалдык стациаонардык мекемелерде 2410 кызмат алуучуларга кызмат көрсөтүлөт. Алардын ичинен 457-улгайган жарандар, 1953 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар. 2014-жылдагы 1-январынан баштап социалдык стационардык мекемелердеги кызмат алуучулардын тамак-ашка болгон ченемин күнүнө чоңдорго 55 сом 100 сомго жана балдарга 65 сом 110 сомго көбөйтүлдү.

Ошондой эле, социалдык кызмат алуучуларды дары-дармек менен камсыз кулууда 2015-жылдын 1-октябрынан баштап улгайган жарандардын дары-дармегинин нормасы 6,50 сомдон 12,50 сомго көтөрүлдү. Бул тамак-ашка болгон ченемдер жана дары-дармек менен камсыз кылуу 2007-жылдан бери каралган эмес.

Азыркы учурда республика боюнча 918 социалдык кызматкерлер 12 883 жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө тейлейт, анын ичинен 5 341 адам улгайган жарандар.

Мындан тышкары, улгайган жарандар боюнча иш алып барган жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелиринде 55 тен ашык күндүзгү борборлор иштешет.

Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык долбоор жөнгө салуучу таасирди талдоодон өтүүгө тийиш эмес.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгы белгиленди.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтына жайгаштырылган.

Бул мыйзам долбооруун кабыл алууда мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылоону талап кылбайт.

 

Депутат                                                                                      Т. Икрамов

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

салыштырма таблица

 

 

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынган редакция

 

28-глава. Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

184-берене. Асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу

Этиятсыздыктан олуттуу зыян келтирген, асырап алуучунун эркине каршы асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу, -

IV категориядагы түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен жана I категориядагы айып салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

 

 

Кодекстин 28-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 184-1-статья менен толукталсын:

184-1-статья. Балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин күтүүгө каражат төлөөдөн баш тартуусу

1. Жашы жеткен эмгекке жарамдуу балдар жүйөлүү себепсиз бир жылдын ичинде үч айдан ашык соттун чечими боюнча эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерин күтүүгө каражат төлөөдөн баш тартканда –

III категориядагы түзөтүү иштерине же IV категориядагы айып пулга, же тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана I  категориядагы айып пулга жазаланат.

2. Ошол эле жосунду ата-энелерин күтүүдөн баш тарткандыгы үчүн мурда соттолгон адам жасаса, -

IV категориядагы түзөтүү иштерине же V категориядагы айып пулга, же тийиштүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө тийиштүү иш менен алектенүүдөн ажыратууга жана II категориядагы айып пулга жазаланат.

 

 

Депутаттар: ____________________________

                     ____________________________