2018-жылдын 14-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

14-03-2018 15:58

 

 

1. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Бакиров М.И., Жеенчороев М.К., Молдобекова Г.С., Нурбаев А.М., Сулайманов А.Т., Турсунбаев А.А.) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 23.10.17деги № 697 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Текебаев Ө.Ч., Турсунбеков Ч.А., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Артыкбаев О.М., Жапаров А.Ү., ,Жумалиев К.М., Шадиев А.А., Рыспаев К.Ж.) (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Бокоев К.С., Тиллаев Т.Г., Эргешов А.М.) (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамга, Балдар жөнүндө кодекске, “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 03.03.18деги № 123 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими – жактырылсын, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 288