2018-жылдын 1-мартында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

01-03-2018 14:33

 

 

1. “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 15.09.17деги № 583 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.07.17деги № 445 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

3. “Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Салык кодексине, “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Мыйзамга) (демилгечи – Өкмөт, 25.12.17деги № 836 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

4. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Макеев Н.К., Асылбаева Г.К., Бекешев Д.Д., Исаева Д.Ш., Мусабекова Ж.А., Сурабалдиева Э.Ж., Султанов А.М., Төлөнов Д.Э., Примов У.Б., Узакбаев А.О., Абжалиев А.Т., Масалиев И.А.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.01.18деги № 36 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “КМШ Парламент аралык ассамблеясынын алкагында жыл сайын Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалын өткөрүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

7. “Кербен” аэропортунун ишин кайра жандандыруу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - токтомдун долбоору кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 329