“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 13-февралынан тартып коомдук талкууга коюлат

13-02-2018 11:44

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары М.Бакиров, М.Айнакулов, А.Эргешов

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-91-37

Каттоо  № 6-2773/18      12.02.2018

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1-берене.

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, №   , ст.)

төмөндөгүдөй мазмундагы 19-4-берене киргизилсин:

“Ижара жөнүндө мыйзамдардын жоболоруна ылайык белгиленген токой фондусунун жайыттарын ижарага берүүнүн ижара акысы толук өлчөмдө тийиштүү айыл аймактарынын бюджетине ижарачылар тарабынан төлөнөт.”.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоору 2018-жылдын 9-январында кол коюлган “2018-жылды аймактарды өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл аймактарынын инфратүзүмүн өнүктүрүү, токой чарбасынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү, жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо жана куруу, ошондой эле алыскы жайыттарга малды айдап жеткирүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

2017-жылдын 1-январындагы Кыргыз Республикасынын токой кодексинин 106-беренесине ылайык мамлекеттик токой фондусунун жерлерин пайдалануу, анын ичинде токой жайыттарын ижарага берүү үчүн төлөмдөрдөн түшкөн акча каражаттары токой чарбасынын атайын эсептерине түшүп турган, бирок Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси күчүнө киргенден кийин мамлекеттик токой фондусунун жайыттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшүүдө, бул токой чарбасын жана жалпы эле аймактарды өнүктүрүү үчүн бөгөт болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин маалыматы боюнча мал жаюуга уруксат берилген мамлекеттик токой фондунун жеринин жалпы аянты 927,6 миң гектарды түзөт. 2015-жылы ижарага берилген мамлекеттик токой фондусунун жайыттарынын жалпы аянты-402,1 миң гектарды, 2016-жылы – 580,0 миң гектарды, 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 361,9 миң гектарды түзгөн.

Мамлекеттик токой фондусунун жайыттарынын ижарачыларынын саны 2015-жылы – 3,7 миң адамды, 2016-жылы – 3,9 миң адамды, 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча – 3,9 миң адамды түзгөн.

Мамлекеттик токой фондусунун жайыттарын ижарага берүүдөн түшкөн акча каражаттарынын суммасы 2015-жылы – 15,838 миң сомду, 2016-жылы 19,359 миң сомду, 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча – 17, 419 миң сомду түзгөн.

Ушуга байланыштуу аталган мыйзам долбоору менен “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына токой фондунун жайыттарын ижарага берүүнүн ижара акысы тийиштүү айыл аймактарынын бюджетине ижарачылар тарабынан төлөнө тургандыгы тууралуу өзгөртүү киргизүү сунуш кылынат.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбайт. Регулятивдүү таасир этүүнү талдоонун зарылчылыгы жок.

Мындан тышкары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы нормаларына талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча сунуш кылынган мыйзам долбоорунун нормалары колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилөө зарыл.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары                                                            Бакиров М.И.

  Айнакулов М.А.

  Эргешов А. М.

“Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

Колдонуудагы редакция

Сунушталган редакция

III-1-бөлүм
Чегерүүлөр

19-3-статья. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

1. Пайдалуу кендерди (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан пайдалуу кендердин табылган жери боюнча областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү (мындан ары - төлөөчү) болуп саналат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылууга ыйгарым укуктуу болгон адистештирилген уюмдары калкка ичүүчү сууну сатуудан түшкөн каражаттар бөлүгү боюнча чегерүүлөрдүн төлөөчүлөрү болуп саналбайт.

2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан, 2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.

3. Эгерде субъект казылып алынган пайдалуу кендерди кайра иштетүүнү жана алардан продукция чыгарууну өз алдынча жүзөгө ашырса, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн чегерүүлөр аларды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды чыгарып салуу менен пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын иш жүзүндөгү көлөмүнөн жүзөгө ашырылат.

4. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго кирген эки же андан ашык айылдык аймактардын аймагында жайгашкан учурда, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырат, чегерүүнүн суммасы ошол же башка райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.

Токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймактарында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондунун эсебине жиберилет.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алтындын запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

- 50 пайыз - областы өнүктүрүү фондуна;

- 30 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;

- 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.

Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:

- 80 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;

- 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.

6. Алтындан тышкары башка пайдалуу кендер чыккан жерлер боюнча:

- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-4-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт;

- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине кирбеген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 5-7-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.

7. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттарды башка максаттарга колдонууга жол берилбейт.

Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдаланууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

19-4-статья. Токой фондусунун жайыттарын ижарага берүүнүн ижара акысы

Ижара жөнүндө мыйзамдардын жоболоруна ылайык белгиленген токой фондусунун жайыттарын ижарага берүүнүн ижара акысы толук өлчөмдө тийиштүү айыл аймактарынын бюджетине ижарачылар тарабынан төлөнөт.

Көрүүлөрдүн саны : 104