2018-жылдын 25 -январындагы № 2219-VI “2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

30-01-2018 14:13

“2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 27-декабрындагы № 837-токтому) “2017-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 10 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 46