2018-жылдын 25 -январындагы № 2216-VI “2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

30-01-2018 14:04

“2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м  к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 18-декабрындагы № 822-токтому) “2012-жылдын 19-декабрында Москва шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

 

Төрага                                                                                      Д.А. Джумабеков

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 246