2018-жылдын 1-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

02-02-2018 10:04

2018-жылдын 25, 31-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

“Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет караган)

 

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, Бузуулар жөнүндө кодекске) (демилгечилер – депутаттар Жунус уулу Алтынбек, Асылбаева Г.К., Сабиров М.Э., Бекешев Д.Д., Баатырбеков А.Б.) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Юсуров А.Л., Бакиров М.И., Жолдошбаев К.) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 478 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2018-жылдын 1-февралында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.09.17деги № 592 токтом) (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө”, “Экологиялык экспертиза жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечи – Өкмөт, 22.06.17деги № 399 токтом) (Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - экинчи окууда кабыл алынсын)

 

6. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Салянова А.Ж., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Жапаров А.Ү., Масалиев И.А., Никитенко Н.В., Орозова К.Б., Сурабалдиева Э.Ж., Токтошев Э.Т.) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин чечими – токтомдун долбоору кабыл алынсын)

 

7. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 01.06.17деги № 330 токтом) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 474