“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 29-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

29-01-2018 16:43

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары И.Өмүркулов, А.Касымалиева, К.Иманалиев, С.Шер-Нияз, Э.Токтошев, Ж.Бакчиев, Г.Молдобекова, К.Орозова, А.Алтыбаева, Ж.Мусабекова, А.Осмонова, А.Жээнбеков, 

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-87-83

Каттоо  № 6-1880/18      29.01.2018

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2017-ж., 1-августу, № 87) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы « в1 » пунктчасы менен толукталсын.

« в1 ») «Чыңгыз Айтматов » ордени;

2) төмөнкүдөй мазмундагы 41-берене менен толукталсын:

«41-берене.

1.«Чыңгыз Айтматов» ордени менен эл аралык деңгээлде адабият, киноматография жана башка искусстволор жаатында көрүнүктүү жетишкендиктер, ошондой эле чет өлкөдө кыргыз адабиятын жана искусствосун алдыга жылдырууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

Ошондой эле, «Чыңгыз Айтматов» ордени менен ийгиликтүү чыгармачылык иши, гуманизм идеяларын алдыга жылдыруу, тынчтыкты бекемдөө жана адамзаттын руханий өнүгүшү үчүн чет өлкөлүк жарандар сыйланышат.

2. «Чыңгыз Айтматов» ордени төштүн сол жагында «III даражадагы Манас» орденинен кийин тагылат.».

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата

Маалымкат-негиздеме

Аталган Мыйзам долбоорунда эл аралык деңгээлде адабият, киноматография жана башка искусстволор жаатында көрүнүктүү жетишкендиктер, ошондой эле чет өлкөдө кыргыз адабиятын жана искусствосун алдыга жылдырууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле ийгиликтүү чыгармачыл иши, гуманизм идеяларын алдыга жылдыруу, тынчтыкты бекемдөө жана адамзаттын руханий өнүгүшү үчүн чет өлкөлүк жарандарын сыйлануучу жаңы «Чыңгыз Айтматов» орденин уюмдаштырылуусу каралган.

Чыңгыз Төрөкүлович Айтматов заманбаптын көрүнүктүү жазуучусу жана философу, ошондой эле кыргыз адабиятынын жана чыгармачылыктын символу болуп саналат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында уламыштар менен үлгү-насыяттар кошулуп көрсөтүлгөн, мифологиялык, эпикалык күүлөр өткөрүлгөн, ал эми өз чыгармаларынын оң каармандарына окурмандар үлгү боло турган адамкерчилик менен максаттка умтуулуну ыйгарган.

Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы, чыгармалары жана эл аралык коомдук ишмердиги менен дүйнөлүк адабиятынын жана искусствосунун өнүгүүсүнө, улуттардын жана элдин маданиятынын жакындашына жана өз ара байытуусуна баалангыс салым кошкон.

Дүйнөлүк маданияттын көрүнүктүү көрүнүшү болгон – Чыңгыз Айматовдун  мурасын сактап калуу жана атын түбөлүккө калтыруу, ошондой эле, эл аралык деңгээлде кыргыз адабиятын, искусствосун жана маданиятын алдыга жылдыруу максатында аталган Мыйзам долбоорунда «Чыңгыз Айтматов» орденин уюмдаштырылуусу сунуш кылынат.

Мындан тышкары, Чыңгыз Айматовдун атынан жаңы мамлекеттик сыйлыкты уюмдаштырылуусу көрүнүктүү жазуучунун 2018-жылдын 90 жаштагы юбилейи менен дал келет.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары:                      И. Омуркулов

                                                                                   А. Касымалиева

                                                                                   К. Иманалиев

                                                                                   С.Шер-нияз

                                                                                   Э.Токтошев

                                                                                   Г. Молдобекова

                                                                                   К. Орозова

                                                                                   А. Алтыбаева

                                                                                   Ж. Мусабекова

                                                                                   А. Осмонова

                                                                                   А. Жээнбеков

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары

жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

 киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

Салыштырма таблицасы

Колдонуудагы редакциясы

Сунушталуучу редакциясы

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамда белгиленген эң жогорку артыкчылык даражасы "Кыргыз Республикасынын Баатыры", Кыргыз Республикасынын ордендери, медалдары жана Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын төмөнкү мамлекеттик сыйлыктары белгиленет, алар төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) жогорку категориядагы мамлекеттик сыйлык - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы;

2) биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) I даражадагы "Манас" ордени;

б) II даражадагы "Манас" ордени;

в) III даражадагы "Манас" ордени;

г) "Курманжан Датка" ордени;

д) "Данакер" ордени;

е) "Даңк" ордени;

ж) "Достук" ордени;

з) "Баатыр эне" ордени;

3) экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыктар:

а) "Эрдик" медалы;

б) "Даңк" медалы;

в) "Эне даңкы" медалы;

4) үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлык - Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.

3. Кыргыз Республикасынын ардак наамдары төмөнкү категорияларга бөлүнөт:

1) биринчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эл артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";

в) "Кыргыз Республикасынын эл акыны";

г) "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү";

2) экинчи категориядагы ардак наамдар:

а) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти";

б) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы";

в) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу";

г) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу";

д) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими";

е) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи";

ж) "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти";

з) "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер";

и) "Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер";

к) "Кыргыз Республикасынын геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

л) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер";

м) "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

н) "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер";

о) "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

п) "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер";

р) "Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер";

с) "Кыргыз Республикасынын байланышына эмгек сиңирген кызматкер";

т) "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер";

у) "Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер";

ф) "Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер";

х) "Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер";

в1) "Чыңгыз Айтматов" ордени;

41-берене.

1.«Чыңгыз Айтматов» ордени менен эл аралык деңгээлде адабият, киноматография жана башка искусстволор жаатында көрүнүктүү жетишкендиктер, ошондой эле, чет өлкөдө кыргыз адабиятын жана искусствосун алдыга жылдырууга кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

Ошондой эле «Чыңгыз Айтматов» ордени менен ийгиликтүү чыгармачылык иши, гуманизм идеяларын алдыга жылдыруу, тынчтыкты бекемдөө жана адамзаттын руханий өнүгүшү үчүн чет өлкөлүк жарандар сыйланышат.

2. «Чыңгыз Айтматов» ордени төштүн сол жагында «III даражадагы Манас» орденинен кийин тагылат.».

Көрүүлөрдүн саны : 190