2018-жылдын 25-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

26-01-2018 09:20

2018-жылдын 24-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

1. “Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө”, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Өнөр жайлык багыттагы жардыргыч материалдар жөнүндө”, “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” мыйзамдарга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) (демилгечи – Өкмөт, 13.06.17деги № 369 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

2. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.12.17деги № 794 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

3. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.17деги № 784 токтом) (Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын)

 

2018-жылдын 25-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

 

4. “Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.11.17деги № 775 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

5. “Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.12.17деги № 797 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

6. “Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.12.17деги № 806 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

7. “Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.12.17деги № 822 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

8. “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.12.17деги № 846 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)

 

9. “2017-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы “Рынокторго чыгууну камсыздоо” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 25.12.17деги № 835 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)

 

10. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 31-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын, “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору боюнча грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.12.17деги № 837 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин чечими - жактырылсын, Бюджет жана финансы боюнча комитеттин чечими - жактырылсын)



Көрүүлөрдүн саны : 448