2018-жылдын 11-январында каралып, добуш берүүгө киргизилген мыйзам долбоорлору:

11-01-2018 13:05

 

 

1. “Москва шаарында 2017-жылдын 20-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 22.11.17деги
№ 766 токтом)
(Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – үчүнчү окууда кабыл алынсын)

 

2. “Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Маалымат чөйрөсүндө кылмыштуу ишке каршы аракеттенүү боюнча Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.11.17деги № 775 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

3. “Санкт-Петербург шаарында 2013-жылдын 20-ноябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатындагы кызматташтыгы тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 08.12.17деги № 797 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

4. “Минск шаарында 2013-жылдын 25-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин алкагында жашыруун маалыматты сактоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.12.17деги № 806 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – экинчи окууда кабыл алынсын)

 

5. “Москва шаарында 2012-жылдын 19-декабрында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматты сактоону өз ара камсыз кылуу тууралуу 2004-жылдын 18-июнундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.12.17деги № 822 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин чечими – биринчи окууда кабыл алынсын)



Көрүүлөрдүн саны : 442