“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 8-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

08-01-2018 15:15

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Э.Байбакпаев, Б.Субанбеков

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-220/18      05.01.2018

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

“Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Кыргыз элин руханий жактан өнүктүрүү жана муундан-муунга өтүп келген көп кылымдык салттарын сактоо, ошондой эле:

- уникалдуу улуттук өз алдынчалыгын жана кыргыз элинин кайталангыс маданий баалуулугунун маанилүү символдорунун бири катары, кыргыз элиге ыйык болгон Ак калпакты кийүү маданиятын колдоо жана сактоо;

- аяр мамиле жасоо жана Кыргыз Республикасынын маданий символунун статусун берүү;

- өсүп келе жаткан муундун арасында улуттук баш кийимди күтүүнүн маданиятын колдоо;

- Ак калпакты расмий иш-чараларда пайдалануу;

- кыргыз элинин маданий баалуулуктарын кеңири жайылтуу, материалдык жана материалдык эмес мурастарын сактоо;

- Ак калпакты кыргыз элинин маданий символдорунун бири катары күтө билүү;

- эл аралык аренада Ак калпактын таанылышын, баш кийимди кийгендердин Кыргыз Республикасынын элине, расмий адамдардын - Кыргыз Республикасынын мамлекетине таандык экендигин алга жылдыруу;

- республиканын таанылган маданий жана туристтик бренди катары алга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы иштелип чыккан.

Ушул Мыйзам улуттук баш кийим Ак калпакты коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук нормаларды белгилейт.

 

1-берене

  1. Ак калпак – бул кыргыз элинин улуттук баш кийими.  Ак калпакты кийип жүрүү – кыргыз элинин материалдык маданиятынын жана тарыхый мурастарынын маанилүү элементи.
  2. Ак калпак Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги, герби жана гимни менен бирге Кыргыз Республикасынын элинин маданий жана руханий мурастарынын символу болуп саналат.

 

2-берене

  1. Тарыхый мурас болгон Ак калпак Кыргыз Республикасынын элин руханий жана маданий жактан өнүктүрүү максатында, ошондой эле илимий, тарыхый, окутуу, тарбиялоо, туристтик максаттарда сакталат жана пайдаланылат.
  2.  Маданий мурасты сактоо жана пайдалануу маданий мурасты коргоого жана өнүктүрүүгө жана Ак калпакты кийип жүрүүгө багытталган тийиштүү юридикалык, техникалык, административдик жана башка чараларды камтыйт.
  3.  5-март улуттук баш кийим Ак калпакты жыл сайын салтанаттуу майрамдоо жана даңазалоо күнү, Кыргыз Республикасынын көп улуттуу элинин руханий биригүүсүнүн маанилүү фактору болуп саналган кыргыз элинин маданий мурасын түбөлүккө сактоо катары “Ак калпак” күнү деп белгиленсин.

 

 

3-берене

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген шарттарга ылайык материалдык маданияттын жана тарыхый мурастын маанилүү элементи катары Ак калпакты сактоону жана пайдаланууну кепилдикке алат жана камсыз кылат.

2) Ак калпакты сактоо жана коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылат, Ак калпакты пропагандалоо жана кеңири жайылтуу боюнча иш-чараларды бекитет

3) Маданий мурастарды сактоо жана Ак калпакты кийип жүрүүнүн маданиятын өнүктүрүү боюнча нормативдик базаны, иш-чаралардын планын жана мамлекеттик программаларды бекитет.

      2. Бардык деңгээлдеги чет өлкөлөрдө болгон расмий кабыл алуулар, визиттер учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын мүчөлөрү кыргыз элинин салттарын жана маданий дөөлөтүн кеңири даңазалоо жана сактоо максатында Ак калпакты кийип жүрүүгө милдеттүү.

Ак калпакты кийип жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

      3. Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чектеринен сырткаркы жерлерде өткөрүлгөн спорттук мелдештерде, маданий иш чараларда, фестивалдарда, конференцияларда, семинарларда, көрсөтмөлөрдө Кыргыз Республикасынан барган катышуучуларга аталган иш-чаралардын расмий бөлүгүндө маданий символду алга жылдыруу, республиканын туристтик брендинин бири катары кеңири жайылтуу, Кыргыз Республикасынын элин таанытуу жана эл аралык аренадагы анын улуттук колоритин жогорулатуу максатында Ак калпакты кийүү сунуш кылынат.

 

4-берене

  1. Ак калпак – таза жүндү колдонуу менен накта кийизден гана жасалган кыргыз элинин улуттук жана маданий символу.
  2. Ак калпакты жасап чыгаруу, ташып кирүү жана сатып өткөрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
  3. Ак калпакты тике маанисинен башкача колдонууга жол берилбейт.
  4. Ак калпакты мазактоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

 

5-берене

  1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ак калпак – бул кыргыз элинин улуттук баш кийими. Кыргыз эли Ак калпагы менен сыймыктанып, ага аяр мамиле жасап келет.

Кыргызстан байыркы тарыхка, ошондой эле муундан-муунга өтүүчү тарыхый жана маданий мурастарга ээ. Маданий мурас – бул улуттун руханий, маданий, экономикалык жана социалдык капиталы. Маданий баалуулуктарды жоготуу – орду толбос процесс. Маданий баалуулуктарды кандай гана жоготуу болбосун азыркы жана келечектеги муундардын турмушунун бардык тармагына сөзсүз таасир этет, жалпысынан коомдун руханий жактан мүңкүрөшүнө жана жакырланышына алып келет. Мындай жоготуулар азыркы маданияттын өнүгүүсү менен компенсацияланышы мүмкүн эмес. Маданий баалуулуктарды топтоо жана сактоо – коомдун шайкеш өнүгүүсүнүн негизи.

Мыйзам долбоорунун максаты Ак калпактын – кыргыз элинин маданий мурасынын маанилүү элементинин кадыр-баркын жакшыртуу, аны коргоонун укуктук базасын белгилөө, Ак калпакты колдоо жана өнүктүрүү, кеңири жайылтуу, Ак калпакты республиканын маданий символу катары пайдалануу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Мыйзам долбоору ошондой эле тарыхый мурастарды сактоого жана Ак калпакты кийип жүрүү маданияты аркылуу кыргыз мамлекетинин жана Кыргызстандын элинин таанымал болушун жогорулатууга багытталган.

Илимпоз этнограф Лев Гумилев “Калпак формасы боюнча тоону, боз үйдү, ошону менен бирге эле египеттик пирамидаларды эске салат” деп белгилеген.

Биздин атактуу жазуучубуз жана коомдук ишмерибиз Чыңгыз Айтматов “Асмандан жарык көрсөң аны жылдыз деп бил. Ак калпак кийгенди көрсөң аны – кыргыз деп бил” деп таасирдүү айткан.

1991-жылы Кыргызстан эгемендикке ээ болгон учурдан баштап күндө кийүүчү баш кийим катары Ак калпакты кийип жүрүү кеңири жайылды. Жаштар кыймылынын жыл сайын 5-мартты “Ак калпак” күнү деп белгилөө тууралуу демилгеси Кыргызстан элинин арасында кеңири колдоого ээ болду. Соңку жылдары көптөгөн саясатчылар, кеңири белгилүү коомдук ишмерлер, биздин акындар, эл аралык мелдештерге катышкан спортчулар чет өлкөлөрдөгү өздөрү катышкан ар түрдүү иш-чараларда Ак калпак кийүү менен муну жакшы салтка айландырышты, ошону менен бирге дүйнөнүн көп түрдүүлүгүндө Ак калпакты кыргыз элинин бренди, визиткасы катары чет өлкөлөрдө Ак калпактын таанылышын жогорулатышты.

Өзүңдүн тарыхыңды, өз элиңдин салттарын билбей туруп өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого мүмкүн эмес.

Кыргыздын улуттук кийими – бул кыргыз элинин визиттик эн тамгасы. Ал элибиздин тарыхы менен тыгыз байланышкан жана анын маданияты менен турмуш-тиричилигинин курамдык бөлүмү, материалдык мурасынын маанилүү элементи болуп саналат.

Ал эми улуттук кийимдин предметтерин расмий пайдаланууга келсек, бүткүл дүйнөлүк коомчулукта жакшы кабыл алынган көптөгөн мисалдар бар. Маселен, Кувейтте бардык мамлекеттик кызматчылар улуттук кийимчен жүрүшөт. Малайзияда бейшемби күнү бардык мамлекеттик чиновниктер милдеттүү түрдө иште салттуу кийимдерди кийип жүрүүгө тийиш экендиги тууралуу Өкмөт тарабынан токтом кабыл алынган. Расмий салтанаттарда кийилүүчү салттуу кийимдердин бир нече түрлөрү бар. Индиянын Тышкы иштер министрлигинде жумуш убагында салттуу кийимдерди кийип жүрүүнүн эрежелери бар.

Малайзияда, Индонезияда, Брунейде улуттук баш кийим – Сонгкок, бардык расмий иш чараларда кийилет. Кыргызстандын мындай тажрыйбаны пайдалануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар. Мыйзам долбоору менен мамлекеттик кызмат адамдары үчүн бардык деңгээлдеги чет өлкөлөрдө болгон расмий кабыл алуулар, визиттер учурунда Ак калпакты кийип жүрүү милдетин киргизүү сунуш кылынат, ошондой эле ал Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн спорттук мелдештердин, маданий иш чаралардын, фестивалдардын, конференциялардын, семинарлардын жана көргөзмөлөрдүн катышуучулары үчүн кыргыз элинин өзүн, ошондой эле анын маданий мурасын популяризациялоо максатында сунуш кылынат.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ушул Мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого чыгарылган.

Сунушталуучу Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келет жана республиканын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келбейт. Аталган Мыйзам долбоорунун ишке ашырылышы терс укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, социалдык, экономикалык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашалар каралган эмес. Ушуга байланыштуу КР Өкмөтү тарабынан аны каржылоонун булагын табуунун зарылчылыгы жок.

Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, ушуга байланыштуу регулятивдүү таасир этүүнү талдоо  талап кылынбайт.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттары                                                       Э. Байбакпаев

                                                                                                                    Б.Субанбеков

                                                         

 

                                                                                                                       

 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 2328