“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2018-жылдын 4-январынан тартып коомдук талкууга коюлат

04-01-2018 13:14

Демилгечи:  Жогорку Кенештин депутаты Э.Байбакпаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-30

Каттоо  № 6-25916/17      27.12.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

долбоор

Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы,  2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

«техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук акт -  ар кыл арналыштагы өндүрүлгөн продукцияга карата эрежелерди, жалпы принциптерди, мүнөздөмөлөрдү жана талаптарды аныктаган жана белгилеген, анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган расмий документ.»;

2) 22-берененин   1-бөлүгүндө «ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу» деген сөздөрдөн кийин «жана сунушталып жаткан укуктук акт кызыкчылыктарын козгой турган юридикалык жактардын, алардын бирикмелеринин электрондук жана почталык даректерине жиберүү» деген сөздөр менен толукталсын;

3) 26-берененин 1-1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Расмий тилде техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга жол берилет.»;

4) 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«Техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо расмий тилде жүзөгө ашырылат.».

5) 36-берененин 3-бөлүгүндө «ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары» деген сөздөрдөн мурда «Техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыны кошпогондо,»  деген сөздөр менен толукталсын.

2-берене

«Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча  «жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине» деген сөздөр алып салынсын;

2) Преамбуланын сегизинчи абзацында «учурларды кошпогондо» деген сөздөр алып салынсын;

3) 1-статьянын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары алып салынсын;

4) 2-статьянын экинчи абзацы алып салынсын;

5) 7-статьянын 2-бөлүгү алып салынсын;

6) II Бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:

«11-1-статья. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу  жаатындагы техникалык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.».

3-берене

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору курулуштун коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын негиздерин өркүндөтүү, курулуш нормаларын жана эрежелерин укуктук жөнгө салуу жана мыйзам түрүндө бекитүү максатында иштелип чыкты. Түзөтүүлөр «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилип жатат.

Кыргыз Республикасы көз карандысыз болгондон бери  коомдук жана экономикалык жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде архитектура-курулуш ишин жөнгө салуу чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлдү. Советтик мезгилде курулуш чөйрөсүндө курулуш нормалары жана эрежелери - КНжЭ колдонулган, алар жалпыга милдеттүү мүнөз алып, ченемдик укуктук актынын юридикалык күчүнө ээ болгон.

            «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары колдонууга киргизилгенден кийин кыймылсыз мүлктүн ар түрдүү объекттерин долбоорлоо жана куруу боюнча талаптарды жана нормаларды аныктоочу бардык нормативдик-техникалык документтер, аларды ким жана качан иштеп чыккандыгына жана бекиткендигине карабастан, сунушталуучу документтердин катарына кирген.

Бирок, буга карабастан, архитектуралык-курулуштук мамлекеттик көзөмөл органдары, анын ичинде мамлекеттик экспертиза органдары объекттерди долбоорлоонун, куруунун жана пайдаланууга берүүнүн бардык этаптарында КНжЭ-ди, КР-н, КЭ-н жана башка нормативдик-техникалык документтерди кыйшаюсуз аткарууну талап кылат. Мыйзамдарда «нормативдик-техникалык документ» деген түшүнүктүн жана мындай документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин жок  болуп жаткандыгы мыйзамдын жана ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы карама-каршылыкка алып келет.

Мындан тышкары,  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.19.2014-ж. № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн норма жаратуу боюнча айрым ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө» токтомунун негизинде Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине дал ушул нормативдик-техникалык документтерди бекитүү укугу берилген, бул да «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамга каршы келет.

Көрсөтүлгөн карама-каршылыктарды четтетүү  жана  нормативдик-техникалык документ түшүнүгүн мыйзам түрүндө бекемдөө максатында мыйзам долбоорунда «техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук акт - нормативдик-техникалык документ – НТД)» деген түшүнүк киргизилип жатат.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине толуктоо киргизүү, анда норма жаратуучу органдардын расмий сайттарында жайгаштырылуучу, иштеп чыгылып жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымдоонун (аларга анонс жасоонун) зарылдыгы тууралуу шартты киргизүү сунушталып жатат. Анткени практикада минстрликтердин жана ведомстволордун сайттарына жайгаштырылган мыйзам долбоорлору жөнүндө кызыкдар тараптар көп учурда билбей калат, бул болсо мыйзамдардын жана мыйзамдан кийинки актылардын долбоорлорунун чийки болушуна алып келет, себеби бизнес-чөйрөнүн жана жарандык сектордун пикирлери эсепке алынбай калат.

Курулуш тармагы өлкөбүздүн экономикалык дараметин жана бакыбаттуулук деӊгээлин өнүктүрүү системасында негизги тармактардын бири болуп саналат, ошондуктан иштин бул чөйрөсүн техникалык жөнгө салууга өзүнчө мамиле жасоо талап кылынат. Ушул максатта мыйзам долбоорунда «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу  жаатындагы техникалык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө жаӊы статья киргизилүүдө.

Айылдык калктуу конуштардан ири шаарларга ички миграциянын күчөп жатышы, балдардын төрөлүшүнүн көбөйүшү шаарларда турак жай маселесин ыкчам чечүүнү шартоодо. Акыркы 5 жылда өлкөбүздө жалпы аянты 4,960 миӊ чарчы метр болгон 49,3 миӊ батир пайдаланууга берилген. 2015-жылы пайдаланууга берилген турак жайдын негизги үлүшү (жалпы көлөмүнүн 43,8 %ы) Бишкек шаарына туура келет, анда 536,4 миӊ чарчы метр турак жай пайдаланууга берилген. 2015-жылы курулуш уюмдары жалпы аянты 1 225 чарчы метр болгон 12,3 миӊ батир курган. Бул
2014-жылга караганда 13,2 %га көп. 2015-жылы өлкөбүздө 1 700дөн ашуун курулуш уюмдары финансылык-чарбалык иш жүргүзгөн.

Азыркы убакта курулуштун көлөмү жана турак жайдын баштапкы рыногунун субъекттеринин саны өсүп жатат, буга жараша иштетүүгө берилип жаткан турак жайдын коопсуздугу боюнча, долбоорлоонун, куруунун жана колдонулган материалдардын сапаты боюнча тобокелдиктер да өсүп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн талдоого ылайык, курулуш чөйрөсүндөгү укук бузуулардын көпчүлүгүн Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин төмөнкү статьялары түзөт:

477-статья. Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо же өз убагында аткарбагандык;

474-статья. Куруу процессинде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү эрежелерин, техникалык регламенттерди бузуу, ошондой эле курулушту долбоордук документациялардан четтөө менен ишке ашыруу.

Курулуш коопсуздугу коркунуч жаратууда, кийинки убакта имараттар жана курулмалар кулаган фактылар болуп жатат. Акыркы окуя –
2017-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында Сухе-Батор көчөсүндөгү турак үйгө улай салынып жаткан бассейндеги бетон жабылма кулап кеткен. Курулуштун 2-кабатын жабыш үчүн бетон төшөлүп жатканда жүктүн оордугу бирдей болбогондуктан жабылманы тиреп турган 2 ярустуу тирөөчтөр туруктуулугун жоготуп, натыйжада төшөлгөн бетон кулап түшкөн. Бул окуя коомчулукта кеӊири резонанс жаратты.

Дагы бир белгилей турган нерсе, шаар куруу документтерин иштеп чыгууну финансылоо болбогондуктан,  өлкөбүздө калкты жайгаштыруунун Генералдык схемасы, аймактык пландаштыруунун генералдык схемалары, калктуу конуштардын генералдык пландары жана деталдык пландаштыруу долбоорлору жок (деталдык пландаштыруу долбоорлору болушу жөнүндө талап ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарында жок экендигин белгилөө керек).

Ошондой эле, бир катар себептерден улам (ыйгарым укуктуу органдардын талаптагыдай көӊүл бурбагандыгы, финансылоонун жоктугу, тилдик практиканын жана тийиштүү адистердин болбой жаткандыгы) нормативдик-техникалык документтерди мамлекеттик тилге которууда маселелер жаралып жатат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясына туура келет жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Мыйзам долбоорун ишке ашыруу  укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, социалдык, экономикалык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес, ошондуктан анын жөнгө салуу таасрин талдоо талап кылынбайт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу жана аткаруу республикалык бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды талап кылбайт, ошондой эле жаӊы контролдук функциялардын киргизилишине, жумуштун көбөйүшүнө алып келбейт, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жаӊы штаттык бирдиктерди киргизүүнү талап кылбайт.

Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырылган. Кыргыз Республикасынын Курулушчулар бирлигинен бул мыйзам долбоорун колдогон кат келди.

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин депутаты                                                               Э.Байбакпаев

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  («Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата

Салыштырма таблица

Колдонуудагы редакция

Сунушталып жаткан редакция

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

        ……

ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат;

 

 

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

       ……

ченемдик укуктук актынын юридикалык күчү - ченемдик укуктук актынын мүнөздөмөсү, анда анын тийиштүү коомдук мамилелерге карата милдеттүү түрдө колдонулушу, ошондой эле анын башка ченемдик укуктук актыларга кошо баш ийдирилгендиги аныкталат;

техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук акт -  ар кыл арналышта чыгарылган өндүрүмгө карата эрежелерди, жалпы принциптерди, мүнөздөмөлөрдү жана талаптарды аныктаган жана белгилеген, анын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган расмий документ.

 

22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

.......

 

22-берене. Коомдук талкууну уюштуруу

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунан тышкары, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем чыгаруучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жана сунушталып жаткан укуктук акт кызыкчылыктарын козгой турган юридикалык жактардын, алардын бирикмелеринин электрондук жана почталык даректерине жиберүү жолу менен коомдук талкуулоого жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.

......

26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу

        ……

1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.

       ……

26-берене. Ченемдик укуктук актынын долбоорун кабыл алуу

        ……

1-1. Ченемдик укуктук актылар мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет.

Расмий тилде техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга жол берилет.

       ……

29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби

        ……

3. Ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 1-1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.

       ……

29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби

        ……

        3. Техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо расмий тилде жүзөгө ашырылат.

        ……

36-берене. Өткөөл жоболор

        ……

3. ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө 2009-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

 

36-берене. Өткөөл жоболор

         ……

3. Техникалык мүнөздөгү ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ССР Союзунун ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө 2009-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.

Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

  Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча «жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине» деген сөздөр алып салынсын;

            Статьялар: 1-статьянын жыйырма алтынчы абзацы,

            7-статьянын 2 бөлүгүнүн биринчи, экинчи абзацтары,

            8-статьянын  2, 4-бөлүктөрү,

            9-статьянын 3-бөлүгү,

            18-статьянын экинчи абзацы,

            21-статьнын 2-бөлүгү,

            44-статьянын 1,5-бөлүктөрү, 5-бөлүгүнүн биринчи абзацы

 

(Преамбула: Сегизинчи абзац)

Ушул Мыйзам төмөндөгү чөйрөлөрдөгү укуктук негиздерди белгилейт:

         ……

Ушул Мыйзам продукцияга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан учурларды кошпогондо, өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашырууга коюлган талаптарды, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугун, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.

 

(Преамбула: Сегизинчи абзац)

Ушул Мыйзам төмөндөгү чөйрөлөрдөгү укуктук негиздерди белгилейт:

         …..

Ушул Мыйзам продукцияга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан, өнөр жай коопсуздугу жаатында ишти жүзөгө ашырууга коюлган талаптарды, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугун, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салбайт.

 

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

…..

продукциянын жана/же ага карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин коопсуздугу (мындан ары - коопсуздук) - жеке жактардын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жаныбарларга жана өсүмдүктөргө, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мүлккө зыян келтирүү менен байланышкан жол берилгис тобокелдиктин жок болушу;

техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - юридикалык жак же жеке ишкер тарабынан продукцияга жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;

.......

1-статья. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдонулат:

……

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2-статья. Техникалык жөнгө салуунун принциптери

Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

продукцияга же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө коюлуучу талаптарды белгилөө эрежелеринин бирдиктүүлүгү;

техникалык жөнгө салуунун улуттук экономиканын таламдарына жана илимий-техникалык жактан өнүгүү деңгээлине, ошондой эле эларалык ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги;

……

2-статья. Техникалык жөнгө салуунун принциптери

Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу төмөндөгү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

техникалык жөнгө салуунун улуттук экономиканын таламдарына жана илимий-техникалык жактан өнүгүү деңгээлине, ошондой эле эларалык ченемдерге жана эрежелерге шайкештиги;

 

 

 

……

7-статья. Техникалык регламенттерди колдонуу

1. Техникалык регламенттерде ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон минималдуу талаптар зыян келтирүү тобокелдигинин даражасы эске алынып, белгиленет.

2. Техникалык регламенттер төмөнкүлөрдү да алдынала караштыра алат:

продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар, алар жеке жактардын айрым категорияларын (эрезеге жете элек балдарды, кош бойлуу аялдарды, бала эмизген энелерди жана майыптарды) коргоону камсыз кылуу;

эгерде өзгөчө талаптар жок болуп, климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрдүн айынан ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттар аткарылбаса, продукцияга жана/же алар менен байланышкан долбоорлоонун (иликтөөнү кошкондо), өндүрүүнүн, куруунун, монтаждоонун, жөндөөнүн, сактоонун, ташуунун, сатуунун, ишке киргизүүнүн, утилдештирүүнүн айрым жерлердеги процесстерине коюлуучу илимий негизделген, өзгөчө талаптар.

......

7-статья. Техникалык регламенттерди колдонуу

1. Техникалык регламенттерде ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 1-пунктунда аталган максаттарга жетишүү үчүн зарыл болгон минималдуу талаптар зыян келтирүү тобокелдигинин даражасы эске алынып, белгиленет.

 

……

 

 

 

II Бөлүм 11-1-статьясы менен толукталат

II Бөлүм
Техникалык регламенттер

 

            11-1-статья. Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу  жаатындагы техникалык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

            Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» техникалык регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.

 



Көрүүлөрдүн саны : 833