“Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2017-жылдын 30-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

30-12-2017 11:29

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары А.Нурбаев, У.Примов, Ж.Акаев, Д.Бекешев, М.Исаков, М.Эгембердиев, М.Бакиров.

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 62-75-72

Каттоо  № 6-25941/17      28.12.2017

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Долбоор 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жерди пайдалануу маселелери боюнча мыйзам долбоору.

1-берене.

«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш төртүнчү абзац менен толукталсын:

«байланыш курулмалары – капиталдык курулуш объекттери, ошондой эле ушундай болуп саналбаган катары байланыш каражаттарын жана системаларын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелбик курулмалары).»

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  1. 1-статьянын үчүнчүэкинчи пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“3-2 мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, ошондой эле байланыш курулмаларын курууга жана тейлөөгө жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;”

2. 4-статьянын төртүнчү пунктунда «Жайыттар» деген сөз «Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү учурларын кошпогондо, жайыттар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 11-статьянын биринчи пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участоктору жерлерди бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трасформациялабастан) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилет.»

4. 12-статьянын үчүнчү пункту «куруу үчүн» деген сөздөрдөн кийин
«ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна» деген сөздөр менен толукталсын.

5. 28-2-статьянын биринчи пункту «кошумча объекттерди» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде байланыш курулмаларын» деген сөздөр менен толукталсын.

6. 28-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын:

«3. Ушул статьянын экинчи пунктунун биринчи жана экинчи пунктчаларынын талаптары байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун берүү учурларына жайылтылбайт.»

7. 35-статьянын үчүнчү пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

«Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн жер участогунун бөлүгүн ушул бөлүктү өз алдынча жер участогуна бөлбөстөн жана мамлекеттик каттоодон өткөрбөстөн менчик ээси же жерди пайдалануучу убактылуу пайдаланууга беришине жол берилет.».

8. 73-статьянын биринчи пунктунун жетинчи абзацында «канааттандыруу үчүн» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен өлчөмү 20м²ден ашпаган жер участоктору байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн  берилет» деген сөздөр менен толукталсын.

9. 74-статьянын экинчи пункту «системасынын курулмаларынан» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле байланыш курулмаларынан» деген сөздөр менен толукталсын.

10. 77-статьянын алтынчы пункту «жайларды уюштуруу үчүн» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн» деген сөздөр менен толукталсын.

11. 77-статьянын жетинчи пункту «чатырларды, күркөлөрдү,» деген сөздөрдөн кийин «базалык станцияларды,» деген сөздөр менен толукталсын.

12. 83-1-статьянын үчүнчү пункту «иштетүү жана эксплуатациялоо» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу» деген сөздөр менен толукталсын.

13. 83-1-статьянын төртүнчү пункту «айыл чарбасы үчүн» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн» деген сөздөр менен толукталсын.

14. 85-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын:

«3. Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган аянтты убактылуу пайдаланууга берүүгө жол берилет.».

15. 87-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн токой фондусунун жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун берүүгө жол берилет.».

16. 90-статьянын биринчи пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн суу фондусунун жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун уруксат албастан пайдаланууга жол берилет.».

17. 92-статья «боюнча объекттерди» деген сөздөрдөн кийин
«байланыш курулмаларын» деген сөздөр менен толукталсын.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 85-статьянын биринчи пунктунда «жайгаштыруу үчүн» деген сөздөрдөн кийин «байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 85-статьянын биринчи пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен өлчөмү 20м²ден ашпаган суу фондусунун жерлеринен байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн  берилет».

4-берене.

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине ("Эркин-Тоо" № 58, 1999-жылдын 16-июлу) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 48-берененин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«байланыш курулмаларын куруу же орнотуу».

5-берене.

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2009-жылдын 6-февралы № 9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берененин он үчүнчү абзацы «кендерди казып алуу» деген сөздөрдөн кийин «байланыш курулмаларын куруу же орнотуу» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 15-беренеде «Жайыттарды» деген сөз «Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган чектерде жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жайыттарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6-берене.

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3-берененин экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацында «Жерлерди» деген сөз «Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган чектерде жер участокторун электр байланыш операторлоруна берүү учурларын кошпогондо, жерлерди» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

7-берене.

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 8-беренеде:

берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик жана башка максаттарда пайдалануу».

2.

8-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү пункт менен толукталсын:

«3. Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган аянтты убактылуу пайдаланууга берүүгө жол берилет.»

8-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жерди пайдалануу маселелери боюнча мыйзам долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

Ушул мыйзам долбоору (мындан ары – долбоор) байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү максатында иштеп чыкты.

Азыркы учурда дүйнөдө маалыматтык-телекоммуникациялык инфратүзүм аркылуу берилүүчү маалыматтын көлөмү туруктуу эки эселенүүдө. Телекоммуникациялардын озгон өнүгүшү өлкөнүн ички дүң продуктусунда анын үлүшүнүн туруктуу көбөйүшүнөн көрүнүп турат. Заманбап телекоммуникациялык рынокторду түзүүнүн натыйжалуулугу республиканын мыйзамдарды либералдаштыруу процессинин балансташканына байланыштуу, анткени телекоммуникация тармагына өлкөнүн экономикасында өзгөчө роль таандык жана анын маанилүү функциясы маалыматташтырууга коомдун муктаждыктарын камсыз кылуу болуп саналат. Азыркы дүйнөдө маалымат башкы өндүрүштүк ресурс болуп калууда, ошондуктан талап кылынган убакытта, керектүү жерде жана ойдогудай сапаттагы зарыл маалыматты камсыз кылуу байланыш тармагынын жана телекоммуникациянын негизги функциясы болуп саналат. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндө жана электр байланыш тармагында башка көйгөйлөрдүн арасында республиканын региондорунун телекоммуникациялык инфратүзүмүн бир кылка эмес өнүктүрүү белгиленген, бул интернеттин начар келишине жана региондордун маалыматтык теңдешсиздигине түздөн-түз таасир этүүдө.

Ушуга байланыштуу, өз учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген «Ишеним жана биримдик» программасына ылайык республиканын аймагынын 85 пайызын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу милдетин койгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 токтому менен белгиленген «Электр жана почта байланышы жагынан иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» убактылуу жобого ылайык, байланыш жагынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган иштеп чыккан жана бекиткен камтуу графигине ылайык республиканын аймагын байланыш менен камсыз кылуу жалпы лицензиялык талап болуп саналат, аны мобилдүү уюлдук байланыштын операторлору аткарууга милдеттүү. Ушуга окшош лицензиялык талап «Радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда камтылган, ал азыркы учурда коомдук талкуу стадиясынан өттү.

2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттиги көрсөтүлгөн Убактылуу жобону аткаруу үчүн ар жылдагы негизде Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын мобилдүү байланыш тармактары менен камтуу графигин бекитет.

Ошентип, мобилдүү уюлдук байланыш оператору үчүн калктуу конуштарды мобилдүү байланыш тармактары менен камтуу мыйзамдык деңгээлде белгиленген лицензиялык талаптын милдеттүү шарты болуп саналат жана аны ыктымалдуу аткарбоо жана жасабоо тобокелдиктеринин колдонуудагы мыйзадардагы учурдагы бөгөттөрдөн улам реалдуу негиздери бар, алар жер участокторун бир категориядан башкасына которбостон (трансформациялабастан) же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон, жайыт жерлерди мал жаюу максатында гана пайдалануудан, жайыттарды ижарага берүүгө тыюу салуудан, өзгөчө корголуу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдарда аныкталган иштерди кошпогондо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын ар кандай башка иш үчүн пайдалануудан улам башка багыт боюнча пайдалануунун жол берилгистиги менен байланышкан.

Ушундай мыйзамдык чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын учурунда электр байланыш операторлору азыркы учурда иш жүзүндө аргасыз абалга коюлган, мында алар республиканын аймагын байланыш менен камсыз кылуу боюнча лицензиялык талапты билип туруп сактоого кудуретсиз. Анткени келечекте байланыш менен камсыз кылуу жана камтуу үчүн аныкталган же каралып жаткан аймак (зона, чөлкөм) айыл чарба багытындагы жерлердин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, токой фондунун, суу фондунун, запастын, кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин категориясынын чектерине туш келиши мүмкүн же туш келген. Ушуга байланыштуу сөзсүз болуучу гефографиялык фактордун таасири талашсыз жана айкын. Мындан тышкары, буларды эске алуу зарыл: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген «Радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык электр байланыш операторуна радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия старттык баасы № 8 тиркемеде белгиленген формага таянуу менен белгиленүүчү тооруктун жана белгиленген Жобонун жөнгө слауучу таасирди талдоосунун натыйжалары боюнча берилет, мисалы, 10МГц жыштыгындагы тилке үчүн 102 626 000 сомду түзөт, ал эми «Лицензиялык-урксат берүү тутуму жөнүндө» жана «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген соңку өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго таянуу менен лицензиялык талапты аткарбай коюу лицензияны убактылуу токтотуу, ал эми келечекте аны жоюу түрүндө таасир этүү чарасына алып келет.

Ошонун өзү менен лицензиатка мыйзамдык бөгөттөрдүн болушунан улам аткаруу жана сактоо мүмкүн болбогон республиканын аймагын байланыш менен камсыз кылуу боюнча лицензиялыцк талаптарды сактабагандыктан улам электр байланыш операторунун лицензиясын убактылуу токтотуу же жоюу толук адилеттүү болуп саналбайт. Буга байланыштуу дал байланыш курулмалары жагынан жерди пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарды либералдаштуруу маселеси курч турат, анткени электр байланыш операторлору стратегиялык объекттери жөнүндө мыйзамдарга ылайык стратегиялык маанидеги субъекттерге киргизилген, тиешелүү түрдө, телекоммуникациялык инфратүзүм стратегиялык жактан өлкөнүн улуттук коопсуздугу үчүн маанилүү. Мындан тышкары, электр байланыш оператору өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошот, анткени телекоммуникациялык тармак бюджетти түзүүчү тармак болуп саналат, тиешелүү түрдө, мамлекеттик саясат тез экономикалык пайданы алууга багыт ала албайт, ал субъекттерде узак мөөнөттүү милдеттенмелерди кабыл алуу жана кыйла финансылык ресурстарды кошуу үчүн негиздер болушу үчүн экономикада ишкерлерди колдоого, «көп каражат» долбоорун түзүүгө негизделүүгө тийиш. Белгилеп кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, ишке ашырылып жаткан 2013-2017-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык Кыргызстанда ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн алда канча жагымдуу шарттарды түзүү, негизсиз жана рыноктук экономикага багытталбаган ченемдик укуктук актыларды жоюу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин маанилүү багыты болуп саналат. Ушуга окшош милдет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1053-VI токтому менен бекитилген «Ишеним жана биримдик» программасында камтылган, анда Кыргызстандын экономикасын фискалдык, административдик жана мыйзамдык ченемдер менен стимулдаштыруу зарыл деп аныкталган.

Ошол эле учурда КР Жер кодексинде, КР Суу кодексинде, КР Токой кодексинде, «Жайыттар жөнүндө» КР Мыйзамында, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» КР Мыйзамында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» КР Мыйзамында, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамында белгиленген тыюу салуучу жана чектөөчү мүнөздөгү ченемдер жана жоболор телекоммуникация инфратүзүмүн өнүктүрүү жолунда республиканын региондорунун калкын байланыш менен камсыз кылуу боюнча байланыш тармагынын алдында турган социалдык маанилүү милдеттерди ишке ашырууга мүмкүндүк бербеген конкреттүү бөгөттөр болуп саналат.

Географиялык фактор телекоммуникация секторунун өнүгүшүндө өтө кыйла жана маанилүү роль ойнойт, анткени байланыш чындыгында эле чарбанын өтө географиялуу тармактарынын бири болуп саналат. Байланыштын ар кыл түрлөрүн түзүүнүн, таратуунун жана алардын иштешинин өзгөчөлүктөрү геогрфиялык абал жана жергиликтүү өзгөчөлүктөр менен аныкталат. Жалпы аймагынын 97,5%ы айыл чарба багытындагы жерлерге, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, токой жана суу фондунун жерлерине, запастагы жерлерге туура келген Кыргыз Республикасынын географиялык абалынын спецификасы байланыш курулмаларын куруу же орнотуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала аныктайт жана чектейт. Алсак, электр байланыш операторлору, жогоруда белгиленгендей, байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун издөөнүн жүрүшүндө байланыш менен камтуу үчүн базалык станцияны айыл чарба багытындагы жерлердин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин, токой жана суу фондунун жерлеринин чектеринде жайгашкан жер участогундагы керектүү жерге орнотуу маселесин көп учурда атайылабастан кароого аргасыз, анткени башка альтернатива таптакыр жок. Ошол эле учурда базалык станцияны куруу же орнотуу үчүн жалпы аянты 6 м2ден 20 м2ге чейинки жер участогу зарыл, ал өз кезегинде колдонуудагы мыйзамдык тартипке ылайык максаттуу багытты өзгөртүү, бир категориядан башка категорияга же жерлердин бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) зарылчылыгын талап кылат. Мында базалык станция уюлдук байланыштын радиоберүү түзүлүштөрүн бекитүүгө арналган чогултулуучу-бириндетилүүчү металл конструкцияны билдирет. Базалык станциянын платформасы бар, ага антенна түркүгү болттор менен бириктирип бекитилет. Зарылчылык болгон учурда ушундай конструкцияны бириндетүүгө (анткени бардык кошулуулар болттор менен кармалып турат, терең казылган пайдубал жок) жана жайгаштырууга (аны бириндетүү (демонтаждоо) мүмкүнчүлүгү бар) жана кандайдыр бир зыян келтирбестен башка жерге которууга болот, тиешелүү түрдө, ал капиталдык мүнөздөгү эмес, убактылуу курулмалардын катарына кирет.

Ошол эле учурда байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн зарыл болгон жердин анча маанилүү эмес жана олуттуу эмес өлчөмүнө, ошондой эле базалык станциянын капиталдык эмес мүнөзүнө карабастан электр байланыш операторлору башка субъекттер менен катар жана аларга тең эмес болгон орточо 1 жыл жана андан ашык ээлей турган өлчөмү 20 м2 жер участогун трансформациялоонун, жер участогунун же болбосо анын бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүүнүн узак жана татаал процессинен өтүүгө аргасыз, бул мобилдүү уюлдук байланыш оператору ижара келишимин түзгөн менчик ээси/жерди пайдалануучу үчүн таптакыр максатка ылайыксыз, ал эми эгерде байланыш менен камтуу үчүн зарыл болгон аймак өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин чектерине туш келсе, анда базалык станцияны «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен ушундай категориядагы жерлерге жайгаштыруу негизинен мүмкүн эмес. Анткени мындай зоналардын чектеринде ар кандай ишке тыюу салынган.

Ушуга байланыштуу, аталган ченемдик укуктук актылардагы мыйзамдык бөгөттөрдү жоюу максатында бул долбоордо ушул чектөөлөрдү жана тыюу салууларды жокко чыгаруучу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларга: КР Жер кодексине, КР Суу кодексине, КР Токой кодексине, «Жайыттар жөнүндө» КР Мыйзамына, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» КР Мыйзамына, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» КР Мыйзамына, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуткоолорду киргизүү сунуш кылынат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1, 4, 11, 12, 28-2, 35, 73, 74, 77, 83-1, 85, 87, 90, 92-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 85-статьясына, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 48-беренесине, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 15-беренелерине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралат, аларга ылайык байланыш курулмаларын куруу үчүн максаттууу багытын өзгөртпөстөн, өз алдынча участокко бөлбөстөн, жерлерди бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трансформациялабастан) жер участокторун, анын ичинде жайыттарды пайдаланууга жол берилет.

Ошону менен бирге, мыйзам долбоорунда тигил же бул түшүнүктөрдү чечмелөөдөгү карама-каршылыктарды жоюу максатында учурдагы терминдер такталат, ошондой эле жаңы терминдер киргизилет. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-статьясынын 3-2-пунктчасында «мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар» деген терминди, «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде «жайыттарды башка максаттарда пайдалануу» терминин тактоо сунуш кылынат. Ушуну менен катар, «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын түшүнүк аппаратын бир түрдүү колдонуу максатында «байланыш курулмасы» термини менен толуктоо сунуш кылынат.

Буларды кошумча билдиребиз: «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык мыйзам долбоору коомдук талкуу жол-жобосунан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

Бул мыйзам долбоору ишкердик чөйрөсүнө тиешелүү болгондуктан жөнгө салуу таасирин  талдоо жүргүзүлдү. Жөнгө салуучу таасирди талдоосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы №559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жүзөгө ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоорунун колдонулушунун ыктымалдуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери табылган жок.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келбейт.

Ошондой эле сунуш кылынган долбоор эл аралык жана улуттук мыйзамдардын ченемдерине карама-каршы келбейт.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Депутаттары                                                       ______________ А. Нурбаев

______________ У. Примов

______________ Ж.Акаев

______________ Д. Бекешев

______________ М. Исаков

______________ М. Эгембердиев

______________ М. Бакиров

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жерди пайдалануу маселелери боюнча

 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

1.

Колдонуудагы редакция

Сунуш кылынп жаткан редакция

«Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-статья. Аныктамалар

Бул Мыйзамда көрсөтүлгөн терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

Абоненттин учугу - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамынын абонентти түздөн түз ушул тарамга кошуучу бөлүгү;

Электp байланышынын ички таpамы - жалпы пайдалануучу электр байланышынын тарамына эч кандай кошулбай иштетилүүчү жана бир ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын чегинде ушундай ишкананын же/жана анын аффилиирленген ишканаларынын ички керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн түзүлгөн же пайдаланылуучу электр байланышынын тарамы;

Электp байланышынын жабык таpамы - электр байланышын пайдалануучулардын чектелген гана чөйрөсүн тейлөө үчүн колдонулуучу электр байланышынын тарамы;

Кыргызтелеком - ушул ишкананын укук мураскору болуп эсептелген акционердик коом же ар кандай юридикалык жак;

Лицензия - гражданга же юридикалык жакка электp жана почта байланышы жагындагы ишмердиктин белгилүү бир түрүн жүргүзүүгө же белгиленген аракеттерди жасоого компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү уруксат;

Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору - уюлдук байланышка ар бир кайрылууда жана өтүнүч жасоодо түзүлүштө ишенимдүү таанып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн мобилдик түзүлүштү чыгаруучу тарабынан орнотулган мобилдик телефондогу же коммутатордогу 15 орундуу (4 блоктон турган) өзгөчөлүү номер;

(8-абзац КР 2017-жылдын 4-майындагы N 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Сырткы жабдуу - абоненттик учуктар аркылуу же зымдык, оптиковолокондук жана электpомагниттик түзүлүштөрдү пайдалануу менен түздөн-түз же түздөн-түз эмес электр байланышынын тарамдарына кошулуучу, пайдалануучуга билдиpүүлөpдү беpүүгө, кайpа түзүүгө же кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү техникалык каpажаттаp жана түзүлүштөр;

мобилдик уюлдук байланыштын оператору - электр байланыштар тармагын эксплуатация кылган жана кошо алып жүрүүчү радиотелефон байланышынын кызматын көрсөткөн ар кандай юридикалык же жеке жак.

Почта байланышынын оператору - почта байланышынын тарамын иштетүүчү ар кандай жеке же юридикалык жак;

Электр байланыш оператору - өзүнүн электр байланыш тарамын иштетүүчү жана электр байланыш жагындагы иштин тийиштүү түрүнө лицензиясы бар жеке же юридикалык жак;

Почта байланышы - почта жөнөтмөлөрүн кабыл алуу, багыты боюнча жөнөтүү жана жеткирүү;

Почта жөнөтмөлөрү - алуучуларга жөнөтүүгө жана тапшырууга почта байланышынын ишканалары милдеттендирилген буюмдар, басылмалар , мезгилдүү басылмалар, кат-кабар жөнөтмөлөрү, билдирүүлөр жана дагы башка маалыматтар, ошондой эле акча каражаттары жана баалуу кагаздар жана ушул сыяктуулар.

Почта байланышынын ишканалары - почта байланышынын тейлөө кызматын көрсөтүүчү юридикалык жактар;

Өкмөттүн байланыш тарамы - мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматты жиберүүнү камсыз кылуучу жана тынчтык жана согуш мезгилинде мамлекеттик башкаруунун кызыкчылыктарында иштетүүчү байланыштын атайын тарамы;

Радиожыштык спектри - радиобайланышты, эфирде теле- жана радиоберүүлөрдү уюштурууда жана физикалык туташтыруусуз электр сигналы берилген дагы башка учурларда пайдаланылуучу мейкиндик аркылуу жасалма өткөргүчсүз таралуучу электромагниттик толкундардын (радиотолкундарынын) 3 КГц ( 3000 ГГц чегиндеги жыштыктарынын жыйындысы;

Ылайык сертификаты (мындан ары "Сертификат") - электр жана почта байланышынын сертификацияланууга тийиш болгон жабдууларынын жана продукцияларынын (кызмат көpсөтүүлөрүнүн) белгиленген талаптарга туура келгендигин күбөлөндүpүүчү, сертификация тутумунун эрежелери боюнча берилүүчү документ;

Почта байланышынын тарамы - почта байланышынын бирдиктүү тутумун түзгөн почта байланышынын ишканаларынын, почта байланышынын пункттарынын жана почта маршруттарынын жыйындысы;

Электp байланышынын таpамы - электр байланышынын билдиpүүлөpүн, буга үн, добуш, визуалдык билдиpүүлөp, маалыматтаpды жана сүрөттөрдү жибеpүү, ошондой эле ушундай билдиpүүлөpдүн ар кандай элементтери да кирет, жөнөтүүчү, коммутациялоочу же жибеpүүчү зым, радио-, оптикалык же дагы башкача электромагниттик тутум;

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы электр байланыш тарамы - электр байланыш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланышынын тейлөө кызматтарын кандай болбосун пайдалануучуга электр байланышынын тейлөө кызматтарын акы төлөп көрсөтүү үчүн багытталган байланыш каражаттарын жана линияларын өзүнө камтыган технологиялык тутум;

Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуу;

байланыш курулмалары – капиталдык курулуш объекттери, ошондой эле ушундай болуп саналбаган катары байланыш каражаттарын жана системаларын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ылайыкталган электр байланыш операторунун инженердик инфраструктурасынын объекттери (анын ичинде, чектелбестен, базалык станциялар, антенна-мачталык курулмалар, антенна-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелбик курулмалары).

Трансчекаралык-транзиттик туташуу (өтүү) - бир мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдары менен башка мамлекеттин электр байланыш операторлорунун электр байланыш тарамдарынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын электр байланыш операторлорунун тарамдары аркылуу кандай гана болбосун туташуу;

2.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;

2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;

3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;

3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр

Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:

1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;

2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;

2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери;

2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери;

2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;

2-4) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;

3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;

3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;

3-2) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, ошондой эле байланыш курулмаларын курууга жана тейлөөгө жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;

3.

4-статья. Жерге менчик

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот.

2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот.

Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Айылдык аймактын, шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.

Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү:

- айылдык аймактын чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;

- шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айылдык аймактын жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат.

4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

4. Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү учурларын кошпогондо, жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

4.

11-статья. Жерлерди категорияларга таандык кылуу жана аларды бир категориядан экинчисине которуу

1. Жерлерди ушул Кодекстин 10-статьясында көрсөтүлгөн категорияларга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын негизги максаттык багыттарына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан экинчисине которуу жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.

2. Жерлерди категорияларга киргизүү жана бир категориядан экинчисине которуу иши өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

Өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участоктору жерлерди бир категориядан башкасына же жерлердин бир түрүнөн башкасына которбостон (трасформациялабастан) байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилет.

2. Жерлерди категорияларга киргизүү жана бир категориядан экинчисине которуу иши өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.

5.

12-статья. Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү

1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

3. Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

12-статья. Жерлердин максаттуу багытталышын белгилөө жана өзгөртүү

1. Жерлерди максаттуу пайдаланууну белгилөө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жер участогун менчикке же пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.

2. Жерлердин максаттуу пайдаланылышын өзгөртүү ошол эле орган тарабынан жер участогуна болгон укукту күбөлөндүргөн документке тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү менен жүргүзүлөт.

3. Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн электр байланыш операторуна жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жер участогун анын максаттуу багытынан башкача пайдаланууга жол берилбейт.

6.

28-2-статья. Пайдалуу кендери бар аянттарда курулуш куруу шарттары

1. Курулуш куруу долбоорлонгон участоктун алдында пайдалуу кендери бар же жок экени жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан корутунду алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жайлык комплекстерди жана башка кошумча объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

2. Жер казынасы пайдаланылуучу жерлердеги пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды курууга, ошондой эле алар жаткан жерлерде пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууга жер казынасын пайдалануу жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда гана жол берилет:

1) эгерде келечектеги иштетүүдөн жер бетинин эсептелген деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилүүчү өлчөмдөн ашык болбогон;

2) эгерде курулуучу объект үчүн тандалган аянт пайдалуу кендердин иштетилген корунун үстүндө болгон.

28-2-статья. Пайдалуу кендери бар аянттарда курулуш куруу шарттары

1. Курулуш куруу долбоорлонгон участоктун алдында пайдалуу кендери бар же жок экени жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан корутунду алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жайлык комплекстерди жана башка кошумча объекттерди, анын ичинде байланыш курулмаларын долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

2. Жер казынасы пайдаланылуучу жерлердеги пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуштарды курууга, ошондой эле алар жаткан жерлерде пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулмаларды курууга жер казынасын пайдалануу жагынан мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча төмөнкү өзгөчө учурларда гана жол берилет:

1) эгерде келечектеги иштетүүдөн жер бетинин эсептелген деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилүүчү өлчөмдөн ашык болбогон;

2) эгерде курулуучу объект үчүн тандалган аянт пайдалуу кендердин иштетилген корунун үстүндө болгон.

3. Ушул статьянын 2-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларынын талаптары байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун берүү учурларына жайылтылбайт.

7.

35-статья. Жер участогун өткөрүп берүү. Жер участогун өткөрүп берүү үчүн акы төлөө

1. Жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, жер участогун берүүнүн шарттарында башкача каралбаса, мамлекеттик органдардын кандайдыр бир уруксатысыз эле өзүнө берилген жер участогуна болгон укугун башка бирөөгө толук же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жер участогун башка бирөөгө өткөрүп берүүдө жер участогу үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат.

3. Жер участогунун бир бөлүгүнө карата бүтүм түзүү жердин ушул бөлүгүн белгиленген тартипте өз алдынча жер участогуна бөлүп, андан соң мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Пайдаланууда болгон жер участогу жарандык-укуктук бүтүм боюнча:

мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда болсо - мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга;

мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо - мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө өтүшү мүмкүн.

5. Жер участогуна укукту өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте көрсөтүлүп, ал документ алмаштырылбайт.

Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн жер участогунун бөлүгүн ушул бөлүктү өз алдынча жер участогуна бөлбөстөн жана мамлекеттик каттоодон өткөрбөстөн менчик ээси же жерди пайдалануучу убактылуу пайдаланууга беришине жол берилет.

4. Пайдаланууда болгон жер участогу жарандык-укуктук бүтүм боюнча:

мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууда болсо - мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга;

мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда болсо - мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануунун калган мөөнөтүнө өтүшү мүмкүн.

5. Жер участогуна укукту өткөрүп берүүдө жаңы менчик ээси же жерди пайдалануучу жөнүндө маалыматтар жер участогуна укукту күбөлөндүргөн документте көрсөтүлүп, ал документ алмаштырылбайт.

8.

73-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануунун максаттары

1. Айыл чарба багытындагы жерлер жеке жана юридикалык жактар тарабынан үрөн өстүрүү, асыл тукум жана товардык айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү, коргой турган токой тилкелерин отургузуу, багбанчылык, короо-жай, дачалык курулуш, илим-изилдөө, тажрыйба иштери, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө байланыштуу башка максаттар үчүн пайдаланылат.

Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлери төмөнкүлөр үчүн пайдаланылат:

- ачык жана айкын соодалардын негизинде айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ижарага берүү үчүн;

- үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык, эксперименттик чарбаларды жана мамлекеттик сорт сыноочу мекемелерди, ошондой эле айыл чарба кооперативдеринин иштеши үчүн;

- аларды өнүктүрүүнүн бекитилген башкы пландарына ылайык, калктуу конуштардын аймактарын кеңейтүү үчүн;

- аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандарга орточо чарбалык жер үлүшүн берүү үчүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарды канааттандыруу үчүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен өлчөмү 20м²ден ашпаган жер участоктору байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн  берилет.

2. Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет. Имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участогун берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

9.

74-статья. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери

1. Сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.

2. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан, сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт.

3. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансфармациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.

74-статья. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлери

1. Сугат жана кайрак жерлер, кысыр аңыздар, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлер, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.

2. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине гидротехникалык курулуштардан, сугат айдоо жерлерине күнөсканалардан жана тамчылатып сугаруу системасынын курулмаларынан, ошондой эле байланыш курулмаларынан башка имараттар менен курулуштарды курууга жол берилбейт.

3. Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансфармациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жүзөгө ашырылат.

10.

77-статья. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу

1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.

2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.

3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.

4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.

5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.

Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.

6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

8. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Убактылуу пайдаланууга берилген калктуу конуштардын жерлери ошол жерлерди максаттуу арналышына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн.

77-статья. Калктуу конуштардын жерлерин пайдалануу

1. Калктуу конуштардын жерлери шаар куруу документтерине жана үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерине ылайык пайдаланылат.

2. Калктуу конуштардын башкы пландары өнөр жайы, турак жай жана башка курулуш, калк эс алуучу жайларды көрктөндүрүү жана жайгаштыруу үчүн калктуу конуштардын жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт.

3. Үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери шаар куруунун бекитилген документтеринин негизинде иштелип чыгат жана өз алдынча башкаруунун жерлеринин участокторун пайдалануунун эрежелерин аныктайт.

4. Калктуу конуштардын жер-чарба түзүлүшүнүн долбоору калктуу конуштардын курулуш түшпөөчү жана убактылуу козголбой турган жерлерин пайдалануунун негизги багыттарын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте бекитилет.

5. Калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участогуна укук берүү жергиликтүү ченемдик актылардын - жер пайдалануу жана үй куруу эрежелеринин жана бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.

Менчикке же калктуу конуштарга пайдаланууга берилген жер участокторун тандоону жана тиешелүү документтерди даярдоону архитектура жана курулуш органдары жүзөгө ашырат.

6. Бөлүнүп берилген жер участокторуна объекттерди куруу мыйзам белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Жеке же юридикалык жактардын менчигинде турган жер участогу убактылуу же объект курулганга чейин автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды уюштуруу үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

7. Курулуш үчүн убактылуу пайдаланылбаган калктуу конуштардын жерлери жеңилдетилген типтеги объектилерди (чатырларды, күркөлөрдү, базалык станцияларды, рекламалык такталарды жана башка капиталдык эмес объектилерди, автомобиль транспортун коюучу жана токтотуучу жайларды) салуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

8. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы N 181 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Убактылуу пайдаланууга берилген калктуу конуштардын жерлери ошол жерлерди максаттуу арналышына ылайык пайдалануу үчүн гана субижарага берилиши мүмкүн.

11.

83-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери

1. Астындагы пайдалуу кендери андагы корлору жана ресурстары менен чалгындалган, Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кен корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери болуп саналат.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдалуу кендерди иштетүү максаттары үчүн гана берилет.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринде пайдалуу кендерди иштетүү жана эксплуатациялоо менен байланышпаган кандайдыр бир имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

4. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери кенди иштетүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын жактарына айыл чарбасы үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

5. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенден кийин жер казынасын пайдалануучу бузулган жерлерде Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарында белгиленген шарттарда рекультивация жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенде бузулган жерлерге рекультивация жасалгандан кийин, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ал жерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категориясына которуу үчүн ошол жерлерде жүргүзүлгөн рекультивация жөнүндө маалыматтарды берет.

83-1-статья. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери

1. Астындагы пайдалуу кендери андагы корлору жана ресурстары менен чалгындалган, Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кен корлорунун мамлекеттик балансында эсепке алынган жерлер Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери болуп саналат.

2. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык пайдалуу кендерди иштетүү максаттары үчүн гана берилет.

3. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлеринде пайдалуу кендерди иштетүү жана эксплуатациялоо, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу менен байланышпаган кандайдыр бир имараттарды жана курулмаларды курууга тыюу салынат.

4. Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резервинин жерлери кенди иштетүү башталганга чейин Кыргыз Республикасынын жактарына айыл чарбасы үчүн, ошондой эле байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.

5. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенден кийин жер казынасын пайдалануучу бузулган жерлерде Кыргыз Республикасынын жер казынасы жөнүндө мыйзамдарында белгиленген шарттарда рекультивация жүргүзүүгө милдеттүү.

6. Пайдалуу кендер толук же жарым-жартылай иштетилгенде бузулган жерлерге рекультивация жасалгандан кийин, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ал жерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын жер фондунун башка категориясына которуу үчүн ошол жерлерде жүргүзүлгөн рекультивация жөнүндө маалыматтарды берет.

12.

85-статья. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин укуктук режими

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлерине карата өзгөчө коргоо режими же чарба иштеринин жөнгө салынуучу режими белгиленет.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин режими жаратылышты коргоо жөнүндө мыйзамдардын талабына жана башка атайын мыйзамдарга ылайык белгиленет.

3. Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган аянтты убактылуу пайдаланууга берүүгө жол берилет.

13.

87-статья. Токой фондусунун жерлерин берүү

Токой фондусунун жерлери токой чарбасын жүргүзгөн уюмдарга мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттү (убактылуу) пайдаланууга берилет жана алар тарабынан ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда пайдаланылат.

Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн токой фондусунун жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун берүүгө жол берилет.

14.

90-статья. Суу фондусунун жерин пайдалануу

  1. Суу фондусунун жери белгиленген тартипте берилген уруксаты болгон учурда калктын ичүү, тиричилик, ден соолукту чыңдоо жана башка муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу жайларды куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле суу чарба, айыл чарба, жаратылышты коргоо, өнөр жай, балык чарба, энергетика, анын ичинде кайра жаралуучу энергияны пайдалануу, транспорт жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

2. Суу фондусунун жерлерин пайдалануу тартиби ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен аныкталат.

Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн суу фондусунун жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган жер участокторун уруксат албастан пайдаланууга жол берилет.

2. Суу фондусунун жерлерин пайдалануу тартиби ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен аныкталат.

15.

92-статья. Суу фондусунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү

Суу фондусунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

92-статья. Суу фондусунун жерлерин убактылуу пайдаланууга берүү

Суу фондусунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыктары, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди, байланыш курулмаларын жайгаштыруу жана жер участогунун негизги максаттуу багытына каршы келбеген башка максаттар үчүн жеке жана юридикалык жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.

16.

Кыргыз Республикасынын Суу кодекси

85-статья. Суу фондунун жерлерин пайдалануу

1.Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген жерлерден башка суу чарба фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыгы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн жана башка максаттарга пайдаланууга берилиши мүмкүн.

2. Мамлекеттик суу администрациясы айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын башкаруу таламдарында же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу дагы башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча же белгилүү жерлерде суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектеши мүмкүн.

3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

85-статья. Суу фондунун жерлерин пайдалануу

1. Ирригациялык, дренаждык тутумдар жана суу чарба курулмалары ээлеген жерлерден башка суу чарба фондунун жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде айыл, токой, балык, аңчылык чарбаларынын муктаждыгы, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу боюнча объекттерди жайгаштыруу үчүн, байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн жана башка максаттарга пайдаланууга берилиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен өлчөмү 20м²ден ашпаган суу фондусунун жерлеринен байланыш курулмаларын куруу жана орнотуу үчүн  берилет.

2. Мамлекеттик суу администрациясы айлана-чөйрөнү коргоо, суу ресурстарын башкаруу таламдарында же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталуучу дагы башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча же белгилүү жерлерде суу объекттеринин жээктерин пайдаланууну чектеши мүмкүн.

3. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

17.

Кыргыз Республикасынын Токой кодекси

48-берене. Токойду пайдалануунун түрлөрү

Мамлекеттик токой фондусунда токойду пайдалануунун төмөндөгүдөй түрлөрү ишке ашырылышы мүмкүн:

- дыйканчылык, чөп чабуу, мал жаюу, бал челек кармоо, жапайы өскөн тамак-аш ресурстарын, дары өсүмдүктөрүн, техникалык сырьелорду жана башкаларды жыйноо;

- экинчи даражадагы токой ресурстарын (дүмүр, кабык ж.б.) даярдоо;

- токойду илим-изилдөө, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максатта, ошондой эле аңчылык чарбанын муктаждыктары үчүн пайдалануу;

- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү) максатында жумуштарды аткаруу;

- белгиленген тартипте токой кыюу жана жыгач даярдоо;

- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.

Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

- байланыш курулмаларын куруу же орнотуу;

- Кыргыз Республикасында токойду пайдалануунун башка түрлөрү да белгилениши мүмкүн.

Токойду пайдалануунун эрежелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токой чарбачылыгын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

18.

«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу жана башка органдар.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган.

Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия.

Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.

Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны.

Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары.

Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм.

Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план.

Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план.

Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.

Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.

Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору.

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу жана башка органдар.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган.

Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия.

Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.

Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны.

Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары.

Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм.

Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы.

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план.

Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план.

Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.

Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, байланыш курулмаларын куруу же орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.

Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору.

19.

15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу

Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.

15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу

Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган чектерде жер участокторун берүү учурларын кошпогондо, жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.

20.

«Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

3-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана жерлерди которуу (трансформациялоо)

1. Жерлерди категорияларга киргизүү алардын негизги максаттык багытына ылайык жүргүзүлөт.

Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) мамлекеттик иш-милдет болуп саналат, алардын негизги максаттык багыты өзгөртүлгөн учурда жүзөгө ашырылат.

Жерлердин категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкүлөрдө көрсөтүлөт:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жер участокторун берүү жөнүндө актыларында;

2) жер участоктору предмети болуп саналган келишимдерде;

3) жерди эсепке алуу документтеринде;

4) жер участогуна укукту ырастоочу документтерде.

2. Жерлерди которуунун белгиленген тартибин бузуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актыларын жараксыз деп таанууга негиз болот.

Жерлерди максаттуу эмес багыттар боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өлчөмү 20 м²ден ашпаган чектерде жер участокторун электр байланыш операторлоруна берүү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу эмес багыттар боюнча пайдаланууга жол берилбейт.

21.

«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик максаттарда пайдалануу

8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик жана башка максаттарда пайдалануу

22.

8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик максаттарда пайдалануу

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, жаратылыш жана тарыхый-маданий кооз жерлер менен тааныштыруу максатында пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген зонанын режимине жараша атайын бөлүнгөн участоктордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана аялдамаларды уюштурууга жана ачууга, туризм объекттерин, музейлерди жана ачык асман алдындагы экспозицияларды жайгаштырууга жол берилет.

8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик максаттарда пайдалануу

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, жаратылыш жана тарыхый-маданий кооз жерлер менен тааныштыруу максатында пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген зонанын режимине жараша атайын бөлүнгөн участоктордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана аялдамаларды уюштурууга жана ачууга, туризм объекттерин, музейлерди жана ачык асман алдындагы экспозицияларды жайгаштырууга жол берилет.

3. Байланыш курулмаларын куруу же орнотуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринен өлчөмү 20 м²ден ашпаган аянтты убактылуу пайдаланууга берүүгө жол берилет.

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жерди пайдалануу маселелери боюнча» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРДИ ТАЛДООСУ

Көрүүлөрдүн саны : 950