“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору 2017-жылдын 25-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлат

25-12-2017 13:11

Демилгечилер:  Жогорку Кенештин депутаттары К.Керезбеков, А.Нурбаев

Сунуш-пикирлерди төмөнкү  телефон номурлары аркылуу билдирсениздер болот: (0312) 63-88-93

Каттоо  № 6-25595/17      22.12.2017

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

 

 

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)

 

1-берене.

            Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 1998-ж., №7, 229-статья) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

            31-Глава төмөнкүдөй мазмундагы 323-1-статья менен толукталсын:

  «323-1-статья. Кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоодон жашыруу

1. Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон баш тартуу, же болбосо даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү, ушундай эле арыз же билдирүү менен кайрылган адамга карата кызмат адамы тарабынан алдоо, көндүрүү, коркутуу же башка укукка каршы аракеттер менен каттоодон жашыруу, же болбосо ошол эле адамдын кайрылуусун башка кандай гана ыкма болбосун жок кылуу же жашыруу, же болбосо даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоо жөнүндө документти бербөө –

            он миңден жыйырма миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн  өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосун, укук коргоо органынын же анын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчиси тарабынан же болбосо ушул адамдардын көрсөтмөсү боюнча жасалса, -

            жыйырма миңден отуз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн  өлчөмүндөгү айыпка же алты жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.».

           

2-берене.

            Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 1999-ж., №10, 442-статья) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашыруундуулугу мыйзам менен корголот. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана соттук актынын негизинде гана жол берилет.».

2) 33-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«(1) Прокурор мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат, ал өзүнүн компетенциясынын чегинде:

1) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

2) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөздөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

3) жазык процессинин бардык стадияларында мамлекеттин атынан айыптоону колдойт. Сот карап жаткан жазык ишине катышкан жана айыптоону колдогон прокурор, мамлекеттик айыптоочу деп аталат;

4) жазыктык куугунтуктоону жүзөгө ашырат.»;

3) 34-статьяда:

1-бөлүк төмөнкү редакциядагы 1-бөлүк менен толукталсын:

«3) тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууда кылмыш тапкан учурда, анын ичинде ал боюнча жазык ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим болгондо, караштуулугуна карабастан, аны ыйгарым укуктуу тергөө органына өткөрүп берүү менен жазык ишин козгойт.»;

2-бөлүгүнүн 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«17) камакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө, шектелүүчүнү же айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол берилген камакка алууда кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө, камакка алынбаган шектелүүчүнү, айыпталуучуну соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизасын жүргүзүү үчүн медициалык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө, күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу жөнүндө, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы кошуулар жөнүндө маалыматты алуу жөнүндө, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү жөнүндө, шектелүүчүнү (айыпталуучуну) кармоонун, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүнүн, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнүн мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө соттун алдында өтүнүч келтирүүгө тергөөчүгө макулдук берүүгө укуктуу;»;

4) 155-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон баш тартуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.»;

5) 156-статьяда:

төмөнкүдөй мазмундагы 1-2, 1-3, 1-4, 1-5-бөлүктөр менен толукталсын:

«(1-2) 1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын түзүмдүк (аймактык)  бөлүктөрүнүн;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

4) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

5) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынүн жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүне;

6) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана анын тузумдук (аймактык) бөлүктөрүнүн;

7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

9) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

10) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

11) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

12) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

13) Куралдуу күчтөр, башка аскердик түзүмдөр жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;

14)  аткаруу  бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына  карата, алар тарабынан даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кароо, же алардын кылмышы түздөн-түз табылган учурда, тийиштүү текшерүү жүргүзүү жана жазык ишин козгоо прокурордун өзгөчө компетенциясы болуп саналат.

(1-3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызматтан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына; Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнө; судьяга; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчторүнүн Генералдык штабынын начальнигине; Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын жетекчилерине; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жана анын орун басарына карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.

Жазыктык куугунтуктоодон иммунитетке жана айрыкча укуктарга ээ болгон адамдарды кол тийбестигинен ажыратууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алууга Башкы прокурор мыйзамда белгиленген учурларда сунуш киргизет.

(1-4) Кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу жактоочуга карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары тарабынан козголот.

(1-5) Кызмат адамы, ошондой эле аскер кызматкери статусуна ээ болгон адам тарабынан жасалган кылмыш боюнча жазык ишин козгоо, ошондой эле аларга карата жазык куугунтугу жөнүндө чечим прокурор тарабынан кабыл алынат.».

5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«(5) Прокурор тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим жокко чыгарылып, материалдар кошумча текшерүүгө жиберилген учурда, текшерүү жүргүзүү мөөнөтү материалдар тийиштүү органга келип түшкөн учурдан тартып ушул статьянын 2-бөлүгүндөгү эреже боюнча эсептелет.»;

6) 163-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«163-статья. Тергөөнүн караштуулугу

(1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 140-1-145, 146-1-149, 152-статьялары), үй-бүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-158-статьялары, 160-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 169-1, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255, 256-статьялары, 257-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-259, 260-264-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), транспорт кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-статьялары, 326-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 336-339-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары, 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 261-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча тергөө жана сотко чейинки тездетилген өндүрүш ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

(3) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясынын 3-бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-1-статьясы), мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү, судья, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), укук коргоо органынын кызматкери тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(5) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290-статьясы), кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-309, 313-316 статьялар), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1 -323-статьялар, 324-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статьясы, 326-статьянын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү)  жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(6) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(7) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-185, 188-204, 205-218, 220-225-статьялар) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(8) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254статьялары), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1 - 299-3-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(9) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(10) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(11) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(12) Жазык иши ар кандай органдардын тергөө караштуулугуна тийиштүү болгон учурда, ошондой эле  ушул статьяда каралган кылмыштардын жыйындысы ар кандай органдардын тергөө караштуулугуна тийиштүү  болгон учурда, тергөөнүн караштуулугу прокурор тарабынан аныкталат.

(13) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызматтан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине карата жазык ишинин тергөөсүнүн караштуулугу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

(14) Ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө жол берилбейт.»;

7) Төмөнкүдөй мазмундагы 167-1-статья менен толукталсын:

«167-1-статья. Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөөнү жүргүзүү

(1) Улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирген резонанстуу кылмыштарды тергөө үчүн прокурор ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүгө укуктуу. Бул туурасында жазык ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт же өзүнчө токтом чыгарылат. Токтомдо тергөөнү жүргүзүү тапшырылган бардык тергөөчүлөр, анын ичинде өзүнүн өндүрүшүнө ишти кабыл алган жана башка тергөөчүлөрдүн аракеттерине жетекчилик кыла турган ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчиси   көрсөтүлүшү зарыл. 

(2) Шектелүүчү, айыпталуучу, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө жүргүзүлө тургандыгы тууралу токтом менен таанышуусу керек жана аларга ведомстволор аралык топтун курамындагы  тергөөчүлөрдүн кимисине болбосун баш тартуу келтирүү укугу түшүндүрүлөт.».

 

3-берене.

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти                                                      

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ

            Мыйзамдын ушул долбоору 2016-жылдын 11-декабрындагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган, 2016-жылдын 28-декабрындагы №218 “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорун ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы №3 чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ №161 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын Комплексин аткаруу үчүн реалдуу негиздерди түзүү максатында иштелип чыкты.

            Мыйзам долбоорунун негизги максаты болуп, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоору жана прокуратура органдарынын маселелерин жөнгө салган башка мыйзамдар менен өз ара байланышын камсыз кылуу, карама-каршылыктарды жоюу жана мүчүлүштүктөрдү четтетүү саналат.

            Өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган колдонуудагы мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына жооп бербейт жана айрым учурларда ага түздөн-түз карама-каршы келет.

            Мыйзам долбоорду кабыл алынып калса, адамдын жана жарандын укуктарын коргоо абалын жакшыртуу, жазыктык куугунтуктоону жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча максаттар ишке ашат, соттук өндүрүштүн айрым катышуучулардын, мисалы кесиптик ишине байланыштуу жазык иши Башкы прокурор же анын орун басары тарабынан козголо турган адвокат жана башкалардын укуктары корголот.

            Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын  реформалоо боюнча чаралардын Комплексине ылайык, прокурордук көзөмөлдү күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМнен прокуратура органдарына Кыргыз Республикасында жазык-укуктук статистиканы түзүү боюнча функциялар берилип жатат. Мындан тышкары, бул чара жазык процессинин бардык стадияларында көзөмөлдүн сапатын системалуу жогорулатууга – кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоо учурунан тартып, соттун өкүмү менен жаза белгиленип, анын аткарылышына  чейин багытталган.

            Ошентип, жазык-укуктук статистиканын обьективдүүлүгү, кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү өз убагында каттоо жана кылмыштарды жашыруу фактыларын жоюу маселеси курч турат.

Ушуга байланыштуу, даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон баш баш тарткандыгы, каттоодон жашыргандыгы үчүн кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартууну белгилеген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 31-главасы 323-1-статья менен толуктоо сунушталууда.

            Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы №10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилүүчү, Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык кодексинде ушундай эле “Жасалган кылмыштар же жоруктар жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоодон жашыруу” деген 357-статья бар.

            Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 13 жана 33-статьяларын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 29 жана 104-беренелерине ылайык келтирүү долбоордо сунушталууда.

  34-статьянын 2-бөлүгүнүн 17-пункту,  камакта турбаган шектүүнү, айыпталуучуну соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизасын жүргүзүү үчүн медициалык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө, күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу жөнүндө, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы кошуулар жөнүндө маалыматты алуу жөнүндө, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка обьектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү жөнүндө, шектелүүчүнү (айыпталуучуну) кармоонун, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүнүн, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка обьектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнүн мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө соттун алдында өтүнүч келтирүүгө тергөөчүгө макулдук берүүгө прокурордун укугу менен толукталган.

155-статьяда кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон мыйзамсыз баш тарткандыгы үчүн жоопкерчилик көрсөтүлөт.

156-статьяда, «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамда тизмеси аныкталган кызмат адамдарына карата, даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кароо, же кылмыш түздөн-түз табылган учурда тийиштүү текшерүү жүргүзүү жана жазык ишин козгоо боюнча прокурордун өзгөчө  компетенциясын  белгилеген 1-2, 1-3, 1-4, 1-5-бөлүктөрү менен толуктоо сунушталат.

Ошондой эле,  жазык иши Башкы прокурор же анын орун басары тарабынан козголо турган  кызмат адамдарынын тизмеси сунушталат.

Ушул эле жерде жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим прокурор тарабынан жокко чыгарылгандан кийин жана материалдарды кошумча текшерүүгө жөнөткөндө, материалдарды кароонун мөөнөттөрү белгиленет.

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралардын Комплексинин талаптарына жооп берген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКга жүктөлгөн өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргоо жана экономика чөйрөсүндөгү коррупция жана кылмыштар менен күрөшүү боюнча милдеттер жүктөлөгөн  «Тергөөнүн караштуулугу»  тууралу 163-статья жаны редакцияда баяндоо сунушталат.

Ушуга байланыштуу ЭККМКга төмөнкүдөй функциялар берилет:

- прокуратура органдарынан – жарандык органдардагы кызматтык жана коррупциялык иштер боюнча тергөө (МУККнын жоопкерчилик чөлкөмүнө өткөрүлүп берилүүчү, жогорку кызмат адамдарынан тышкары);

- МУККдан – экономикалык кылмыштарды табуу жана бөгөт коюу;

- ИИМден – кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды табуу жана бөгөт коюу (ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын функциялары);

- Мамлекеттик бажы кызматынан – тергөө функциялары (МБКдагы тергөө функциялары жоюлууда).

Ошентип, 163-статьянын жаңы редакциясы жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга, милдеттерге жана функцияларга толук жооп берет.

Жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары, Кодексти улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирген резонанстуу кылмыштарды тергөө үчүн ведомстволор аралык тергөө тобун түзүү укугу прокурорго берилген жаңы 167-1-статья менен толуктоо сунушталууда.

            Долбоор мыйзамдарга карама-каршы келбейт жана коррупциялык тобокелчиликтер жок. Ошондой эле, мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын кызыкчылыгына шек келтирбейт жана ишкердик иш-аракетти жөнгө салбайт, тескерисинче мамлекеттик органдардын жазык куугунтуктоо чөйрөсүндөгү милдеттерин белгилейт.

            Ушуга байланыштуу, мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирине талдоонун зарылчылыгы жок.            

 

Депутаттар                                                                                     Керезбеков К.К.

                                                                                                          Нурбаев А.М.

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

салыштырма таблица

 

Колдонуудагы редакция

Сунушталып жаткан редакция

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси

Жок

 

 

  323-1-статья. Кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоодон жашыруу

1. Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон баш тартуу, же болбосо даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү, ушундай эле арыз же билдирүү менен кайрылган адамга карата кызмат адамы тарабынан алдоо, көндүрүү, коркутуу же башка укукка каршы аракеттер менен каттоодон жашыруу, же болбосо ошол эле адамдын кайрылуусун башка кандай гана ыкма болбосун жок кылуу же жашыруу, же болбосо даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү каттоо жөнүндө документти бербөө –

            он миңден жыйырма миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн  өлчөмүндөгү айыпка же үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жосун, укук коргоо органынын же анын түзүмдүк бөлүгүнүн жетекчиси тарабынан же болбосо ушул адамдардын көрсөтмөсү боюнча жасалса, -

  жыйырма миңден отуз миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн  өлчөмүндөгү айыпка же алты жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси

 

13-статья. Турак жайдын колтийгистиги, адамдын өмүрүн коргоо, кат алышуунун,телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугу

(1) Жарандарга турак жайынын колтийгистиги кепилденет. Ушул Кодексте каралган учурлардан жана тартиптен тышкары эч ким турак жайга анда жашаган адамдардын эркине каршы кире албайт.

(2) Жарандын абийири жана ар-намысын сактоо мыйзамдын коргоосунда турат. Кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын жашырынуудулугу мыйзам менен корголот. Ал укукка чек коюуга прокурордун санкциясы менен гана жол берилет.

(3) Байланыш мекемелеринде почта жана телеграфтык жөнөтүүлөрдү тинтүү, алып коюу, арест коюу, телефон жана башка сүйлөшүү жабдуулары боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө контролдук кылуу жана жазып алуу ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

13-статья. Турак жайдын колтийгистиги, адамдын өмүрүн коргоо, кат алышуунун,телефондо сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф жана башка билдирүүлөрдүн жашырындуулугу

(1) Жарандарга турак жайынын колтийгистиги кепилденет. Ушул Кодексте каралган учурлардан жана тартиптен тышкары эч ким турак жайга анда жашаган адамдардын эркине каршы кире албайт.

(2) Жарандын абийири жана ар-намысын сактоо мыйзамдын коргоосунда турат. Кат алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграф, электрондук жана башка билдирүүлөрдүн жашыруундуулугу мыйзам менен корголот. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана соттук актынын негизинде гана жол берилет.

(3) Байланыш мекемелеринде почта жана телеграфтык жөнөтүүлөрдү тинтүү, алып коюу, арест коюу, телефон жана башка сүйлөшүү жабдуулары боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөргө контролдук кылуу жана жазып алуу ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

33-статья. Прокурор

(1) Прокурор жазык куугунтугун өзүнүн кызмат укуктарынын чегинде жүзөгө ашыруучу мамлекеттик кызмат адамы. Прокурор ушул Кодекске ылайык жазык ишин козгоого жана аны толук көлөмдө тергөөгө же аны тергөөнү тергөөчүгө тапшырууга укуктуу. Прокурор айыптоону жазык процессинин бардык стадияларында мамлекеттин атынан колдойт. Сотто жазык ишин кароого катышкан жана айыптоону колдогон прокурор мамлекеттик айыптоочу деп аталат.

 

 

 

 

 

(2) Прокурор айыпталуучуга же анын аракеттери үчүн мүлктүк жоопкерчилик тарта турган адамга төмөндөгүлөрдүн:

1) айласыз же көз каранды абалдагы же башка себептер менен өзүнө берилген укуктарынан өз алдынча пайдаланууга жөндөмсүз болгон жабырлануучунун;

2) мамлекеттин таламдарын коргоп, доо коюуга укуктуу.

(3) Жазыктык сот ишинин жүрүшүндө прокурор көз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет. Жогору турган прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү ал үчүн милдеттүү болот.

 

Статья 33. Прокурор

(1) Прокурор мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде:

1) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

2) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөө менен байланышкан, мажбурлоо мүнөздөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

3) жазык процессинин бардык стадияларында мамлекеттин атынан айыптоону колдойт. Сот карап жаткан жазык ишине катышкан жана айыптоону колдогон прокурор, мамлекеттик айыптоочу деп аталат;

4) жазыктык  куугунтуктоону жүзөгө ашырат.

 

(2) Прокурор айыпталуучуга же анын аракеттери үчүн мүлктүк жоопкерчилик тарта турган адамга төмөндөгүлөрдүн:

1) айласыз же көз каранды абалдагы же башка себептер менен өзүнө берилген укуктарынан өз алдынча пайдаланууга жөндөмсүз болгон жабырлануучунун;

2) мамлекеттин таламдарын коргоп, доо коюуга укуктуу.

(3) Жазыктык сот ишинин жүрүшүндө прокурор көз карандысыз жана мыйзамга гана баш ийет. Жогору турган прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү ал үчүн милдеттүү болот.

 

34-статья. Жазык иштерин жүргүзүүдө прокурордун ыйгарым укуктары

(1) Жазык иши боюнча иштин жүрүшүндө прокурор:

1) жазык ишин козгоого, тергөөнүн караштуулугуна ылайыктуу аны тергөө үчүн, өзгөчө учурларда, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүлөргө тапшырууга, берүүгө;

2) жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.

(2) Жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү менен прокурор төмөндөгүлөргө:

1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана чечүү туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;

2) жазык ишин тергөөнү тергөөгө тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга;

3) тергөөчүгө карата баш тартууну, ошондой эле анын өзүнүн баш тартуусун чечүүгө;

4) эгер алар, ушул Кодекске ылайык прокурордун ыйгарым укуктарына кирсе, ишти териштирүү, жосунду квалификациялоо, процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө тергөөчүгө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

5) көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон тергөөчүнүн ушул Кодексте каралган каршы пикирин карап чыгууга;

6) тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга, иш боюнча сот ишин токтото туруу, кыскартуу жөнүндө чечим чыгарууга;

7) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун чечимине жана аракеттерине даттанууларды чечүүгө;

8) эгерде тергөөчү жана төмөн турган прокурор мыйзамдын бузулушуна жол берсе, каралып жаткан иш боюнча жазыктык сот ишин жүргүзүүгө андан ары катышуудан аларды четтетүүгө;

9) эгерде бул адамдар айыпталуучу катары тартылууга тийиш болсо, аларды жазык куугунтугунун иммунитетинен ажыратуу жөнүндө өтүнүч менен тийиштүү органдарга кайрылууга;

10) сотто айыптоону колдоого;

11) тергөөдөгү мүчүлүштүктөрдү четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүү менен жазык ишин тергөөчүгө кайтарып берүүгө;

12) айыпталуучуну жазык куугунтугуна алуудан баш тартууга жана ага коюлган айыптоону өзгөртүүгө;

13) жазык иши боюнча соттук кароо жүрүп жаткандыгына байланыштуу изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү туурасында, ошондой эле соттук заседаниеге чакырылган адамдын катышуусун камсыз кылууда чараларды кабыл алуу боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

14) жазыктык сот ишине катышкан жабырлануучуну, күбөнү жана башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу туурасында тапшырма берүүгө;

15) ушул Кодекстин 94 жана 95-статьяларынын талаптары бузулуу менен кармалган адамдарды бошотууга;

16) тергөөнүн мөөнөттөрүн узартууга укуктуу;

17) тергөөчүгө камакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө, шек саналуучуну же айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол берилген камакка алууда кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө соттун алдында өтүнүч кылууга макулдук берүүгө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

18) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүгө.

(3) Прокурор ошондой эле ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

(4) Ушул Кодексте каралган тартипте кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү кармоого жана жазык ишин тергөөгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына берилген прокурордун көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Алынган көрсөтмөлөргө жогору турган прокурорго даттануу бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышын токтото тура албайт.

 

34-статья. Жазык иштерин жүргүзүүдө прокурордун ыйгарым укуктары

(1) Жазык иши боюнча иштин жүрүшүндө прокурор:

1) жазык ишин козгоого, тергөөнүн караштуулугуна ылайыктуу аны тергөө үчүн, өзгөчө учурларда, тергөөнүн караштуулугуна карабастан, тергөөчүлөргө тапшырууга, берүүгө;

2) жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.

(2) Жазык иштерин тергөөнүн мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүү менен прокурор төмөндөгүлөргө:

1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана чечүү туурасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын текшерүүгө;

2) жазык ишин тергөөнү тергөөгө тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга;

3) тергөөчүгө карата баш тартууну, ошондой эле анын өзүнүн баш тартуусун чечүүгө;

4) эгер алар, ушул Кодекске ылайык прокурордун ыйгарым укуктарына кирсе, ишти териштирүү, жосунду квалификациялоо, процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө тергөөчүгө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

5) көзөмөлдү жүзөгө ашырган прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон тергөөчүнүн ушул Кодексте каралган каршы пикирин карап чыгууга;

6) тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга, иш боюнча сот ишин токтото туруу, кыскартуу жөнүндө чечим чыгарууга;

7) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн жана төмөн турган прокурордун чечимине жана аракеттерине даттанууларды чечүүгө;

8) эгерде тергөөчү жана төмөн турган прокурор мыйзамдын бузулушуна жол берсе, каралып жаткан иш боюнча жазыктык сот ишин жүргүзүүгө андан ары катышуудан аларды четтетүүгө;

9) эгерде бул адамдар айыпталуучу катары тартылууга тийиш болсо, аларды жазык куугунтугунун иммунитетинен ажыратуу жөнүндө өтүнүч менен тийиштүү органдарга кайрылууга;

10) сотто айыптоону колдоого;

11) тергөөдөгү мүчүлүштүктөрдү четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүү менен жазык ишин тергөөчүгө кайтарып берүүгө;

12) айыпталуучуну жазык куугунтугуна алуудан баш тартууга жана ага коюлган айыптоону өзгөртүүгө;

13) жазык иши боюнча соттук кароо жүрүп жаткандыгына байланыштуу изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү туурасында, ошондой эле соттук заседаниеге чакырылган адамдын катышуусун камсыз кылууда чараларды кабыл алуу боюнча алгачкы текшерүү органына жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;

14) жазыктык сот ишине катышкан жабырлануучуну, күбөнү жана башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу туурасында тапшырма берүүгө;

15) ушул Кодекстин 94 жана 95-статьяларынын талаптары бузулуу менен кармалган адамдарды бошотууга;

16) тергөөнүн мөөнөттөрүн узартууга укуктуу;

17) камакка алуу же үй камагына алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алуу жөнүндө, шектелүүчүнү же айыпталуучуну соттук чечимдин негизинде жол берилген камакка алууда кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө, камакка алынбаган шектелүүчүнү, айыпталуучуну соттук-медициналык же соттук-психиатриялык экспертизасын жүргүзүү үчүн медициалык же психиатриялык стационарга жайгаштыруу жөнүндө, күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү тыңшоо жана жаздыруу жөнүндө, абоненттердин жана (же) абоненттик түзүлүштөрдүн ортосундагы кошуулар жөнүндө маалыматты алуу жөнүндө, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүү, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү жөнүндө, шектелүүчүнү (айыпталуучуну) кармоонун, тинтүү, алып коюу, кароо жүргүзүүнүн, менчигинде же башка укукта турган турак жайга же башка объектиге бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнүн мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө соттун алдында өтүнүч келтирүүгө тергөөчүгө макулдук берүүгө укуктуу;

18) сотко чейинки тездетилген өндүрүштүн протоколун бекитүүгө.

(3) Прокурор ошондой эле ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

(4) Ушул Кодексте каралган тартипте кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү кармоого жана жазык ишин тергөөгө байланыштуу алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына берилген прокурордун көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Алынган көрсөтмөлөргө жогору турган прокурорго даттануу бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышын токтото тура албайт.

 

155-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана кароонун милдеттүүлүгү

(1) Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү жана прокурор жасалган же даярдалып жаткан ар кандай кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү. Арыз берүүчүгө кылмыш жөнүндө кабыл алынган арыздын жана билдирүүнүн катталышы жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, анын катталган убактысын көрсөтүү менен документ берилет.

(1-1) Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(2) Кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алуудан негизсиз баш тартылганда, ал ушул Кодекстин 131, 132-статьяларында белгиленген тартипте прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.

(3) Сотко келип түшкөн кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү прокурорго жиберилип, арыз берүүчүгө бул тууралу билдирилүүгө тийиш.

 

155-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана кароонун милдеттүүлүгү

(1) Алгачкы текшерүү органы, тергөөчү жана прокурор жасалган же даярдалып жаткан ар кандай кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга, каттоого жана кароого милдеттүү. Арыз берүүчүгө кылмыш жөнүндө кабыл алынган арыздын жана билдирүүнүн катталышы жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды, анын катталган убактысын көрсөтүү менен документ берилет.

(1-1) Кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(2) Кылмыш жөнүндө арыз же билдирүүнү кабыл алуудан жана (же) каттоодон баш тартуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

 

(3) Сотко келип түшкөн кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү прокурорго жиберилип, арыз берүүчүгө бул тууралу билдирилүүгө тийиш.

 

156-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кароонун натыйжасында тергөөчү жана прокурор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер

(1) Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган ар бир учурда же кылмышты түздөн-түз тапканда тергөөчү же прокурор тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши керек.

(1-1) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат.

Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

         (2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми кошумча текшерүүнү талап кылган материалдар боюнча, - он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда бул мөөнөт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча прокурор тарабынан бир айга чейин узартылышы мүмкүн:

1) узак убакытты талап кылган экспертизаны, кызматтык иликтөөнү, документтик ревизияны же башка текшерүүнү жүргүзүү дайындалган болсо;

2) алыс жерлерде жүргөн же чакыруу боюнча келүүдөн качкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн суратып алуу зарыл болгондо;

3) кошумча текшерүүсүз чечим кабыл алууга мүмкүн эмес болгон жаңы жагдайлар белгиленген болсо.

Арызды кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчү тарабынан арыздануучуга жазуу жүзүндө билдирилет.

(3) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга, уюмга же кызмат адамына билдирилет. Алардын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет.

(4) Эгерде алынган арызда, кабарда администрациялык же дисциплинардык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар болсо, тергөөчү, прокурор келип түшкөн арызды же кабарды администрациялык же дисциплинардык тартипте кароого жөнөтүүгө укуктуу.

(5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголот.

 

156-статья. Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү кароонун натыйжасында тергөөчү жана прокурор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер

(1) Даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү алынган ар бир учурда же кылмышты түздөн-түз тапканда тергөөчү же прокурор тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Эгерде мындай арыздарды же билдирүүлөрдү кароо башка органдардын караштуулугуна тиешелүү болсо, алар ошолорго жиберилиши керек.

(1-1) Кылмыш иштери, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдар катталууга жана эсепке алууга жатат.

Кылмыш иштерин, ошондой эле кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган материалдарды каттоонун, эсепке алуунун жана кыймылынын тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(1-2) 1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана анын түзүмдүк (аймактык)  бөлүктөрүнүн;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

4) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

5) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынүн жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүне;

6) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана анын тузумдук (аймактык) бөлүктөрүнүн;

7) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

8) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

9) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

10) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

11) Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

12) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана анын түзүмдүк (аймактык) бөлүктөрүнүн;

13) Куралдуу күчтөр, башка аскердик түзүмдөр жана мыйзамда аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын;

14)  аткаруу  бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына  карата, алар тарабынан даярдалып жаткан же жасалган кылмыш жөнүндө арызды, билдирүүнү кароо, же алардын кылмышы түздөн-түз табылган учурда, тийиштүү текшерүү жүргүзүү жана жазык ишин козгоо прокурордун өзгөчө компетенциясы болуп саналат.

(1-3) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызматтан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына; Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсүнө; судьяга; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчторүнүн Генералдык штабынын начальнигине; Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын жетекчилерине; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына; Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) жана анын орун басарына карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна карата жазык ишин козгоо жөнүндө чечим, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири тарабынан кабыл алынат.

Жазыктык куугунтуктоодон иммунитетке жана айрыкча укуктарга ээ болгон адамдарды кол тийбестигинен ажыратууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алууга Башкы прокурор мыйзамда белгиленген учурларда сунуш киргизет.

(1-4) Кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу жактоочуга карата жазык иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басары тарабынан козголот.

(1-5) Кызмат адамы, ошондой эле аскер кызматкери статусуна ээ болгон адам тарабынан жасалган кылмыш боюнча жазык ишин козгоо, ошондой эле аларга карата жазык куугунтугу жөнүндө чечим прокурор тарабынан кабыл алынат. 

(2) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу чечим үч күндүк мөөнөттө, ал эми кошумча текшерүүнү талап кылган материалдар боюнча, - он күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынууга тийиш.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө чечим кабыл алуу мүмкүн болбогон учурда бул мөөнөт төмөнкүдөй жагдайлардын бири болгондо тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча прокурор тарабынан бир айга чейин узартылышы мүмкүн:

1) узак убакытты талап кылган экспертизаны, кызматтык иликтөөнү, документтик ревизияны же башка текшерүүнү жүргүзүү дайындалган болсо;

2) алыс жерлерде жүргөн же чакыруу боюнча келүүдөн качкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн суратып алуу зарыл болгондо;

3) кошумча текшерүүсүз чечим кабыл алууга мүмкүн эмес болгон жаңы жагдайлар белгиленген болсо.

Арызды кароонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө тергөөчү тарабынан арыздануучуга жазуу жүзүндө билдирилет.

(3) Жазык ишин козгоо жөнүндө же аны козгоодон баш тартуу тууралуу арыз же кылмыш жөнүндө билдирүү келип түшкөн адамга, уюмга же кызмат адамына билдирилет. Алардын өтүнүчү боюнча тиешелүү токтомдун көчүрмөсү берилет.

(4) Эгерде алынган арызда, кабарда администрациялык же дисциплинардык укук бузуулар жөнүндө маалыматтар болсо, тергөөчү, прокурор келип түшкөн арызды же кабарды администрациялык же дисциплинардык тартипте кароого жөнөтүүгө укуктуу.

(5) Прокурор тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим жокко чыгарылып, материалдар кошумча текшерүүгө жиберилген учурда, текшерүү жүргүзүү мөөнөтү материалдар тийиштүү органга келип түшкөн учурдан тартып ушул статьянын 2-бөлүгүндөгү эреже боюнча эсептелет.

         163-статья. Тергөөнүн караштуулугу

(1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 140-1-145, 146-1-149, 152-статьялары), үй-бүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-158-статьялары, 160-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 169-1, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255, 256-статьялары, 257-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-264-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), жолдо жүрүүнүн жана транспортту эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-статьялары, 326-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 336-339-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары, 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(1-1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча сотко чейинки тездетилген өндүрүш сотко чейинки тездетилген өндүрүштү жүзөгө ашырууга алгачкы текшерүү органы ыйгарым укук берген ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

(3) Коомдук коопсуздукка, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясы), жеке менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясынын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүгү), каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(4) Сот адилеттигине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-323-статьялары, 324-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статья, 326-статьясынын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү) жана мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(3-1) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(3-2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө тергөөнүн караштуулугуна карабастан прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.

(4) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(5) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалар менен уюмдарда кызматтын таламдарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-182, 184, 185, 186, 188-203, 208, 209, 211, 212, 213-статьянын биринчи бөлүгү, 215-225-статьялар жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(5-1) Экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясы) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча органдарынын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(6) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290, 291, экономикалык ишкердүүлүк чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-статьясынын 2-бөлүгү) жазык иштери боюнча экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(7) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-207-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(8) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө бажы органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(9) Калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук кылуу боюнча органдын, ички иштер органдарынын, бажы органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(9-1) Коррупциялык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-316-статьялары) кылмыш-жаза иштери боюнча тергөө прокуратура жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(10) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), Тизмелөөгө же камак салынган, болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 335-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 171-статьянын биринчи бөлүгү 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана финансы полициясынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(11) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(12) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(13) (КР 2011-жылдын 9-августундагы N 152 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(14) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1 - 299-3-статьялары) кылмыш иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(15) Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-статьясы) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, бажы жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(15-1) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, баңгизаттарды контролдоо боюнча, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутуму жана бажы органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(16) Ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү жазык иштери, ал ишти козгогон органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет.

(17) Ушул статьяда каралган ар кандай органдардын кароосуна тийиштүү кылмыштар чогуу болгон учурда тергөөгө тийиштүүлүк кайсы кылмыш оор болсо ошого карата аныкталат.

(18) Тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө, ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, жол берилбейт.

 

         163-статья. Тергөөнүн караштуулугу

(1) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-106, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары), инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 123-125-1-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү), инсандын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 129-133-статьялары), адамдын жана жарандардын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 140-1-145, 146-1-149, 152-статьялары), үй-бүлөгө жана жашы жетелектерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-158-статьялары, 160-163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164, 165, 167, 168, 169-1, 170, 172-172-2, 174-177-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 230, 234-240-статьялары, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 242-245-статьялары), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 255, 256-статьялары, 257-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-259, 260-264-статьялары), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 265-279-1-статьялары), транспорт кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-288-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-321-статьялары, 326-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 336-339-статьялары), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 340, 341-статьялары, 343-345, 347, 349, 351-353-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(2) Өмүргө жана саламаттыкка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-статьясынын биринчи бөлүгү жана 118-статьясынын биринчи бөлүгү), үй-бүлөгө жана жашы жете электерге каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-статьясы, 157-статьясынын биринчи бөлүгү, 162, 163-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-статьясынын биринчи бөлүгү, 165-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-статьясынын биринчи бөлүгү, 172-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 174-статьясынын биринчи бөлүгү, 175-статьясынын биринчи бөлүгү, 176-статьясынын биринчи бөлүгү, 177-статьясынын биринчи бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-статьясынын биринчи бөлүгү, 235-статьясы, 241-статьясынын биринчи бөлүгү, 241-статьясынын төртүнчү бөлүгү, 243-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-статьясынын биринчи бөлүгү, 258-статьясынын биринчи бөлүгү, 260-статьясынын биринчи бөлүгү, 261-статьясынын биринчи бөлүгү, 263-статьясынын биринчи бөлүгү, 264-статьясы), экологиялык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 276-статьясынын биринчи бөлүгү, 276-1-статьясынын биринчи бөлүгү, 278-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-статьясынын биринчи бөлүгү, 279-1-статьясынын биринчи бөлүгү), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 349-статьясы, 353-статьясынын биринчи бөлүгү) жазык иштери боюнча тергөө жана сотко чейинки тездетилген өндүрүш ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү жана кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт.

           (3) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-статьясынын 3-бөлүгү), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 226-229, 232, 233-статьялары), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 292-299, 300-302-статьялары), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-1 -статьясы), мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 346-статьясы), тынчтыкка жана адамзат коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 373-376-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(4) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөсү, судья, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени), укук коргоо органынын кызматкери тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(5) Компьютердик маалымат чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 290-статьясы), кызматтык кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 303-309, 313-316 статьялар), сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 321-1 -323-статьялар, 324-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-статьясы, 326-статьянын экинчи бөлүгү, 328-статьясы), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 257-статьясынын экинчи бөлүгү) жазык иштери боюнча тергөө улуттук коопсуздук органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(6) Аскер кызматчылары, ошондой эле жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөр тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча тергөө аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(7) Адамдын жана жарандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 150-статьясы), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171-статьясы), экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө, мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 179-185, 188-204, 205-218, 220-225-статьялар) жазык иштери боюнча тергөө экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(8) Миграция чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-1 жана 204-2-статьялары), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-статьясы, 241-статьясынын 1-3-бөлүктөрү), калктын саламаттыгына жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-254статьялары), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1 - 299-3-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(9) Оюн-зоок жайын уюштуруу жана (же) кармоо, ошондой эле оюн-зоок жабдууларын пайдалануу менен кумар оюндарын өткөрүү (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-статьясы), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348, 350-статьялары), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166, 173-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(10) Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жасалган бардык кылмыштар жазык-аткаруу тутумунун органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(11) Сот адилеттигине каршы кылмыштар жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 317-318-1, 327, 329-335-статьялары) жазык иштери боюнча тергөө ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.

(12) Жазык иши ар кандай органдардын тергөө караштуулугуна тийиштүү болгон учурда, ошондой эле  ушул статьяда каралган кылмыштардын жыйындысы ар кандай органдардын тергөө караштуулугуна тийиштүү  болгон учурда, тергөөнүн караштуулугу прокурор тарабынан аныкталат.

        (13) Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кызматтан четтетилген Кыргыз Республикасынын Президентине карата жазык ишинин тергөөсүнүн караштуулугу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

(14) Ушул Кодекстин 34-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлардан тышкары, тергөөнүн караштуулугуна тиешеси жок кылмыштар жөнүндө жазык иштерин тергөөгө жол берилбейт.

 

 

 

Жок

167-1-статья. Ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөөнү жүргүзүү

(1) Улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирген резонанстуу кылмыштарды тергөө үчүн прокурор ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүгө укуктуу. Бул туурасында жазык ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлөт же өзүнчө токтом чыгарылат. Токтомдо тергөөнү жүргүзүү тапшырылган бардык тергөөчүлөр, анын ичинде өзүнүн өндүрүшүнө ишти кабыл алган жана башка тергөөчүлөрдүн аракеттерине жетекчилик кыла турган ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчиси   көрсөтүлүшү зарыл. 

(2) Шектелүүчү, айыпталуучу, жабырлануучу, жарандык доогер, жарандык жоопкер жана алардын өкүлдөрү ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө жүргүзүлө тургандыгы тууралу токтом менен таанышуусу керек жана аларга ведомстволор аралык топтун курамындагы  тергөөчүлөрдүн кимисине болбосун баш тартуу келтирүү укугу түшүндүрүлөт. 

 

 



Көрүүлөрдүн саны : 2631